Эрдогандын Булуң мамлекеттерине жасаган сапары

4968
0

Эрдогандын Булуң мамлекеттерине жасаган сапары

         2023-жылдын 25-июлунда “Emarat Al Youm” сайты “Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын өткөн аптада Булуңдагы 3 өлкөгө жасаган сапары “ийгиликтүү жана жемиштүү” болгонун жазды. Эрдоган дүйшөмбү күнү кечкисин сыналгы аркылуу жасаган билдирүүсүндө, Булуң өлкөлөрүнө ишкерлерден турган жоон топ менен бирге жасаган сапары тышкы саясатта “маанилүү кадам” болгонун белгиледи. Түркия президенти Эрдоган, 17-19-июлда 200дөн ашык ишкер жана жогорку кызмат адамдары менен бирге Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигине сапар жасаган… Tүркия экономикасы, жогорку деңгээлдеги инфляциядан запкы чегүүдө. Булуң өлкөлөрүнүн эл аралык майдандагы саясий ролу Түркиядан башка багытта экени белгилүү. Ушундай болгон соң, бул сапар салттуу экономикалык кызыкчылык себептүү болдубу же башка максаттары барбы?

         Бул суроолордун жообун ачыктоо үчүн төмөнкүлөргө токтолобуз:

  1. Эрдогандын 200дөн ашык ишкер жана жогорку кызмат адамдары менен жасаган бул сапары, Tүркия экономикалык кризиске кептелип, инфляция деңгээли рекорддук чекке жетип, түрк лирасы тынымсыз кунун жоготуп жаткан учурга туура келди. Ошондуктан, бул визитте экономикалык темалар алдыңкы планга чыкты. Бул сапарда инвестициядан өнөр-жайга, коргонуудан саламаттыкты сактоого, энергиядан космостук өнөр жайга чейинки көптөгөн тармак боюнча 18 келишимге жана биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Tүркия менен БАЭ ортосунда 50,7 млрд долларлык келишим түзүлдү.
  2. Tүркия экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө жана баалар тынымсыз өсүп жатат. Расмий маалыматтарда Түркиядагы инфляция 40%га жеткени айтылса, бейрасмий көрсөткүчтөрдө инфляция 100%дан ашты. Шаршемби күнү жарыяланган расмий маалыматка ылайык, Tүркияда инфляциянын 18 aйдагы эң төмөнкү көрсөткүч июнь айында катталып, 38,2%ды түздү. Көз карандысыз инфляция иликтөө тобунун (ENAG) маалыматына ылайык, жылдык инфляция 108,5%га жетти…” (05.07.2023 Ал Жазира).
  3. Tүркия Борбордук банкы 2023-жылдын май айында шайлоо астында доллардын курсун кармап туруу үчүн валюта базарына ири өлчөмдө доллар чыгарган эле. Бул абал Түркия Борбордук банкындагы валюта резерви маанилүү өлчөмдө азайышына жол ачкан. Натыйжада, 28-майда шайлоо учурунда 19,90 лирага барабар болгон доллар, учурда 27 лирага чыкты. Жыл башынан берки түрк лирасынын куну доллар каршысында 28% жоголду. “Тиешелүү кызматтагылар жана банкирлер Борбордук банктагы валюта резервин колдоо үчүн мындан ары резервдеги каражат колдонулбай турганын ачыктады. Ушундан кийин шейшенби күнү бир доллар 26,10 лирага барабар болуп, жаңы рекорддук көрсөткүчкө жеткен эле. Лира кийинчерек 26.05 деңгээлинде сакталды жана жыл башынан бери 28% кунун жоготту…” (27.06.2023 Aрабий21).
  4. Мындан улам, Эрдоган бюджеттин тартыштыгы, инфляциянын туруктуу жогорулашын жана лиранын кунун сактап калуу үчүн инвестиция жана каржылык жактан бул сапарга чоң үмүт артты. “Блумберг” агенттиги жазышынча, Эрдогандын салттуу эмес экономикалык саясатынын айынан өлкөгө инвестиция салуудан качкан Батыш инвесторлорунун ордун толтуруу үчүн араб дүйнөсүндөгү мунайга бай өлкөлөр менен алаканы жакшыртууга аракет кылууда…” (21.07.2023).
  5. Эрдоган Булуң өлкөлөрү менен алакаларды жеңилдетүү максатында, 28-майдагы шайлоонун артынан Мехмет Шимшекти каржы министри кызматына дайындады. Ал Англия жана Булуңдагы инвесторлор менен жакшы алакада болуп, Этибанк стипендиясынын алкагында Англиянын “Exeter” университетинде магистратурада окуган. Шимшек, Лондондо экономист, стратег жана эл аралык уюмдарда башкаруучу кызматтарды аркалаган… Анын Каржы министри болуп дайындалышынан Европанын акча чыгарып кетүүсүн жана Англиянын Түркияга карата айыптоолорун азайтуу максат кылынууда. Ушуга улай, Шимшек июнь айында Сауд Арабия, Катар жана БАЭге сапар жасады. Англиядагы финансисттерге таанымал болгон жана эл аралык каржы уюмдарда кызмат кылган Шимшек, бул үч өлкөдө жогорку даражалуу жолугушууларды өткөрдү. “Өткөн айда президенттин жардамчысы Жевдет Йылмаз, Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек жана Борбордук банктын төрагасы Хафиз Гайе Эркан Булуң өлкөлөрүнө жумушчу сапар менен барды. Сапардын алкагында экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Экономика тармагындагы бул жетекчилердин сапары Эрдогандын Булуң өлкөлөрүнө боло турган визит учурунда түзүлө турган келишимдерге негиз салуу үчүн жасалганы айтылууда…” (17.07.2023 www.indyturk.com/). Эрдогандын сапары мына ушул экономикалык негиздер даярдалгандан кийин ишке ашты.
  6. Aнкара ноябрь айында ири көлөмдө карыздарын төлөйт. Тышкы карызын төлөө үчүн ноябрь айына чейин тышкы булактарды табуусу керек. Тышкы булактарды издөө үчүн Булуңдагы инвесторлорго багыт алды. “JP Morgan” Түркия 2023-жылдын ноябрынан 2024-жылдын октябрына чейин тышкы карызды төлөө үчүн айына 2,4-3,5 млрд доллар арасындагы каражат сарптай турганын билдирди. Банк декабрь-март айларында төлөнө турган тышкы карыз чоң өлчөмдө экенин кошумчалады” (07.06.2023 www.bloomberght.com/).
  7. Демек, Эрдогандын Булуң визитинде экономикалык себептер, саясий себептерге караганда басымдуу. “Aтлантика Кеңеши”нин интернет сайтында жарыяланган макала да муну тастыктап турат. “Aтлантика Кеңеши” тарабынан жарыяланган макалада, жогорку иликтөөчү кызматкер Серхат Чубукчуоглу жана Моуза Хасан Алмарзууки ушундай дейт: “Tүркия Булуң өлкөлөрү менен байланышты кайрадан күчөтүүдө. Мунун артындагы негизги максат, инвестиция тартуу жана акыркы жыйырма жылда экономикалык өнүгүүнү камсыздаган бир лидер катары Эрдогандын мурасын улантуу” (21.07.2023 www.atlanticcouncil.org/).
  8. Эрдогандын билдирүүлөрүндө да бул ачык көрүнүп турат: “Президент Эрдоган Түркия менен БАЭ ортосундагы соода алмашуу 10 млрд долларга жеткенин билдирди. Ал өз сөзүндө, БАЭ аймактагы эң маанилүү соода жана экономикалык өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Эрдоган БАЭге болгон сапарында бардык тармактар боюнча жалпы суммасы 50,7 млрд долларга жеткен 13 келишимге кол койду…” (25.07.2023 “Emarat Al Youm”).
  9. Жыйынтыктап айтканда, Эрдогандын Булуң сапары экономикалык максатты көздөгөн. Визит инфляцияны азайтуу, лиранын абалын жакшыртуу жана экономиканы кайрадан турукташтыруу сыяктуу салттуу экономикалык кызыкчылыктарды камтыганын айта алабыз… Булардын баарынан ачык көрүнүп турган акыйкат ушул, мусулман өлкөлөрүнүн биригүүсүнүн зарылдыгы… Бул өлкөлөрдүн көрүнгөн жана көрүнбөгөн байлыктары калктардын муктаждыктарын камсыздоого жетиштүү жана аны жогорку деңгээлге көтөрө алат… Эгер муну түшүнүшкөндө, Aлланын бир тууган кулдарга жана чыныгы бир үммөткө айланышмак! Инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болушмак.

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер [Aали Имран: 110].

Хижрий: 16-Мухаррам, 1445

Mиладий: 03.08.2023

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here