Бүткүл Сириянын түндүгүндө өткөрүлгөн демонстрацияларда тогут менен мамилелерди нормалдаштыруу аракеттери жана Хаят Тахрир Шамдын кылмыштары караланды

636
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Бүткүл Сириянын түндүгүндө өткөрүлгөн демонстрацияларда тогут менен мамилелерди нормалдаштыруу аракеттери жана Хаят Тахрир Шамдын кылмыштары караланды

Жума күнү Сириянын түндүгүндөгү көптөгөн шаарларда жана райондордо демонстрациялар өткөрүлүп, араб мамлекеттери баштаган нормалдаштыруу аракеттери жана Хаят Тахрир Шамдын разведкасы жасаган кылмыштар караланды. Араб мамлекеттери жана Түркия Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырып жатканына каршы уюштурулган бул жума намазынан кийинки демонстрацияларга жүздөгөн кишилер катышты. Демонстрациялар Дайруз Зор шаарынан тышкары, Халабдын түндүгүндөгү Иъзаз, Африн, Ахтарин, Мари жана Халабдын чыгышындагы Баб шаарларында болуп өттү.

Ушундай демонстрациялар кече жума күнү Халаб жана Идлиб айылдарында да өткөрүлдү. «Лаббей, оо, эже-карындаштарыбыз!» деп аталган бул демонстрациялар канкор режим менен нормалдашууга жана Хаят Тахрир Шам разведкасынын репрессиячыл иш-аракеттерине каршы – өзгөчө, ХТШ үйлөргө бастырып кирүүнү, аялдар жана балдарды коркутууну өз ичине алган массалык камакка алуу кампаниясы артынан – өткөрүлдү.

Демонстрациялар жума намазынан кийин Килли шаарларында, Идлибдеги Атма качкындар лагеринде, Халабдагы Сахара, Бабакка жана Суран шаарларында да өттү. О.э. Халаб жана Идлибдеги Бабакка, Атма, Кафара жана Атарибде түнкү демонстрациялар өткөрүлдү.

 Роя гезити, №444, 2023-жыл, 24-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here