بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Араб мамлекеттеринин рувайбизалары Жиддадан яхудий вужудуна ишеним телеграммаларын жөнөтүшүүдө
Саудиянын Жидда шаарында Араб мамлекеттеринин 32-саммити бүттү. Самиттин катышуучулары саммиттин корутунду билдирүүсүн макулдашканы билдирилип, мындай делди: «Саммиттин катышуучулары Сирия режиминин делегациясынын Араб Мамлекеттери Лигасынын кеңешине кайрадан катышуусу жөнүндөгү токтомду алкышташат. Алар бул нерсе Сириянын туруктуулугун колдоого, анын аймактык бүтүндүгүн сактоого жана араб дүйнөсүндөгү табигый ролун тикелөөгө жана Сириянын кризистен чыгышы үчүн араб мамлекеттери алып барып жаткан иш-аракеттерди улантууга кызмат кылат деген үмүттө». О.э. Фалестин маселеси борбордук орунду ээлеши жана кеңири көлөмдүү жана адилеттүү келишим түзүү үчүн иш-аракеттерди күчөтүү маанилүү экени баса белгиленди. Мындан тышкары, эл аралык булактарга негизделип, 1967-жылдагы чегараларга ылайык, борбору Чыгыш Куддус болгон Фалестин мамлекетин курууну кепилдеген араб тынчтык демилгесине ылайык “эки мамлекет” чечими негизинде тынчтык орнотуунун келечегин табуу зарылдыгы айтылды.
Өз кезегинде, Хизб ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү бул туурасында мындай түшүндүрмө берди: «Адаттагыдай араб мамлекеттеринин кылмышкер жетекчилери чогулушту. Бул сапар алар Шам тогуту Башар Асадды да чакырып, бешенелериндеги шерменделик ээн тамгасына айланган кылмыштарын дагы кайталашты. Алар Фалестин администрациясы үчүн кичине бир күчсүз мамлекет куруп берүүнүн акысына яхудийлердин Фалестиндин төрттөн үч бөлүгүн көзөмөлдөшүнө жана яхудий вужуду менен кеңири көлөмдүү араб нормализациясын жүзөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк берген араб тынчтык демилгесине амал кылууларын баса белгилеп келишкен. О.э. мубарек Фалестиндеги баскынчылыкты бекемдешип, анын устундарын бекемдеген эл аралык токтомдорго моюн сунарын баса белгилешкен.
Бул саммит яхудий вужудунун провокация жана зомбулуктары күчөгөн учурда болуп өттү. Бирок, саммитте бул зомбулуктар жөнүндө ооз ачылбады. Ушундай таризде баскынчылардын жетекчилери дагы да көбүрөөк кылмыштарды жасашы үчүн жашыл чырак жандыруу менен кадыржам кылышты».
Билдирүүдө ушулар кошумчаланды: «Ооба, мусийбатыбыз оор… Башыбызга мына ушундай кылмышкер малай өкүмдарлардын балээси түшкөн. Себеби, яхудийлерге Фалестинди басып алууга мүмкүнчүлүк жаратып беришкендер да, алардын коопсуздугун жана чегараларын коргоп жаткандар да, яхудий жетекчилерди ушунча кылмыш жана текеберлигинен кийин кадыржам кылып жаткандар да мына ушул мусулман өкүмдарлары болот».
Түшүндүрмөнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Ислам Умматы анын биринчи кезектеги вазыйпасы ушул мусулман өкүмдарларын кулатып, тактыларын ойрон кылуу экенин түшүнүүсүнүн убагы келди. Себеби, бул өкүмдарлар Умматты жардамсыз калтырып, колонизаторлорго жерлерибизге, элибизге жана динибизге өкүмдар болууга мүмкүнчүлүк беришти».
Роя гезити, №444, 2023-жыл, 24-май.