Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан транспорттук коридору аркылуу жүк поездинин кыймылы жолго коюлду
Кабар: Сиан шаарында өткөн “Кытай – Борбор Азия” саммитинин алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу максатында “Zhejiang Union of Railway Logistics” компаниясы, “Өзбекстан темир жолдору” жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кызматташтыгында Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган блок поездинин аракети жолго коюлду.
9-июнь күнү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан мультимоделдүү транспорттук багыты менен жүк ташууну шыктандыруу максатында алгачкы сыноо поездинин аракетине старт берилди.
Күн панелдери, механикалык жабдыктар, маталар жана башка нерселерден турган жалпы баасы 2,5 млн доллардык товарды жүктөгөн поезд Кытайдын Ланчжоу шаарынан Ташкентке 15 күндө жетип барары белгиленген.
Комментарий: Россия Украина баткагына батып барган сайын Борбор Азиянын үстүндө калган оюнчулар ортосундагы т.а. Кытай, АКШ жана Евробиримдик ортосундагы күрөш кызып барууда. Кытай учурдан пайдаланып, Россия ушул кезге чейин тоскоолдук кылып келген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун ишке ашырууга киришти. Кытай эми аймакта экономикалык долбоорлор менен эле чектелбестен, саясий жана аскерий аралашуусун күчөтүүгө киришти. О.э. аймактагы мамлекеттер менен соода хабдарын түзүү жана ушул аркылуу аймакка экономикалык экспанциясын күчөтүү жолунда бара жатат.
АКШ башында турган Батыш мамлекеттери Украина согушун мүмкүн болушунча узагыраак убакытка созуу аркылуу Россияны алдан тайдырып, анын Борбор Азиядагы таасирин алсыратууга аракет кылууда. Ошол себептен да акыркы кездерде АКШнын жана Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү Борбор Азияга тынымсыз каттап калышты. Апрель айынын аягында АКШнын каржы министринин финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орун басары Элизабет Розенберг жана Соода министринин орунбасары Мэтью Акселрод Кыргызстанга сапар кылып, өкмөт өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчиси менен жолугушуп, Москвага каршы санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Британия Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да 26-28-апрель күндөрү Бишкекте болуп, бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуп Москвага каршы санкцияларды сактоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. О.э. Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Девид O’Салливан март айынын аягында Борбор Азия бойлоп сапар кылды. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда болуп, Россияга каршы санкциялар маселесин талкуулады. О.э. Британия парламентинин тышкы иштер комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен аталган комитеттин мүчөсү Нил Койл да 19-майда Бишкекте бир катар расмийлер жана активисттер менен жолугушту. 6-июнда болсо Британия тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти Борбор Азия сапарынын алкагында расмий сапар менен Кыргызстанга келип, андан соң Казакстан жана Өзбекстанга сапар кылды…
Жаңы соода жолдорун ачуу жана логистика борборлорун куруу аймактагы мамлекеттер үчүн өтө маанилүү. Темир жол багыты жүк ташууда арзандыгы боюнча дүйнөдө суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык маанилүү багыт болуп эсептелет. А бирок, бул долбоор региондогу мамлекеттерге жана элдерге пайдалуу болушу үчүн аны ушул мамлекеттердин өздөрү курушу керек жана темир жолго бир да колонизатор мамлекеттин финансылык же башка жактан таасир өткөрүшүнө жол берилбеши керек. Себеби, колонизатор мамлекеттер мусулман өлкөлөрдөгү, анын ичинде, биздин өлкөлөрдөгү кызыкчылыктарга колонизатордук көзү менен карашат.
Абдурахман Адилов