«Камбар-Ата-1» ГЭСи боюнча келишимге кол коюлду
Кабар: 6-январь күнү Кыргызстандын Энергетика министрлигинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков жана Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун талкуулап, долбоор бардык катышуучу мамлекеттер үчүн калыс жана пайдалуу болушу керектигин белгилешти. Ошондон кийин, долбоордун жол картасы боюнча келишимге кол коюлду.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок, Таалайбек Ибраевдин билдиришинче курулушка даярдыктар башталган.
«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт», – деди Таалайбек Ибраев.
Өзбекстан жана Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой турганын билдиришти.
«Камбар-Ата -1» ГЭСинин долбоору СССР убагында иштелип чыккан. Ал Кыргызстандагы эң чоң ГЭС болот. Анын курулушуна болжол менен 3 млрд доллар жумшалары күтүлүүдө. Ал ишке түшсө жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.
Комментарий: 2012-жылы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрү “Камбар-Ата-1” жана дагы төрт ГЭСтен турган Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишимге кол койгон эле. Бирок, 2016-жылдын август айында Россия ошол кездеги экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду каржылай албастыгын моюнга алган соң, Кыргызстан өкмөтү 31-декабрда “Камбар-Ата -1” жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушуна кеткен 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген.
Садыр Жапаровдун 2021-жыл, 11-12-марттагы Ташкентке сапарынын алкагында “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлгөн. Кийинчерээк, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да ГЭСти биргеликте курууга кызыгуусун билдирген.
Белгилүү болгондой, “Камбар-Ата-1” ГЭСи стратегиялык мааниге ээ болуп, кайсы мамлекет муну колуна алса, биринчиден үлкөн кирешеге ээ болот, эккинчиден расмий өкмөткө таасирин күчөтүүгө жетишет. Ошол себептен да аймактагы мамлекеттер өз ара биригип бул долбоорду ишке ашырууга киришкенде бул долбоорлордо бир да колонизатор мамлекеттен же колонизаторлордун куралы болгон эл аралык каржылык уюмдардан жардам албай өз күчү менен курушу керек. Антпесе, бул долбоорго да жер бетиндеги жана жер алдындагы байлыктарыбызды талап-тоноп жаткан колонизатор мамлекеттердин “инвесторлору” ээ болуп алышат. Натыйжада, үзүрүн алар көрүп, зыяны менен карыз жүгү карапайым калктын мойнуна түшө берет.
Абдурахман Адилов