Судандагы келишим

1275
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооп

Судандагы келишим

Суроо: 2022-жылы 5-декабрь күнү Судан армия командачысы, суверендүү кеңештин жетекчиси жана анын орун басары менен 52 саясий партия жана уюмдар келишим түзүштү. Республика сарайында болуп өткөн, Судан телевидениеси жана массалык маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн бул келишим жалпы шайлоолорго, эки жылдык өткөөл өкмөт үчүн жол ачат. Бул келишим эл аралык көзөмөл, өзгөчө Америка, Британия жана келишимге башчылык кылып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүнүн көзөмөлү астында түзүлдү. Бирок, бул келишимге каршы чыккандар да бар. 2022-жылдын 8-9-декабрь күндөрү келишимге каршы демонстрациялар болуп өттү. Суроо мындай: бул келишим эмнени түшүндүрөт жана кимдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашырылууда? Келишимге каршылыктар жөнүндө эмне десе болот? Келишимдин аткарылышы күтүлөбү?

Жооп: бул суроолорго жооп берүү үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: келишимдин тексти:

  • Келишимдин биринчи бөлүгүндө «Судан көп маданияттуу, көп улуттуу жана көп диндүү мамлекет» деп көрсөтүлгөн. Бирок, белгилүү болгондой, Судан калкынын 96 пайзынан ашууну Ислам динине итикад кылат. Ошондуктан, уруулар канча көп болушуна карабастан, алардын дини жана маданияты бир. Түпкүлүгүндө, бул келишим Исламды жашоодон, башкаруу, экономика, агартуу, социалдык түзүм, жазалар түзүмү, ички жана тышкы саясат, аскерий жана өнөр жай саясаты сыяктуу коомдун бардык турмуштук иштеринде Исламды колдонуу зарылдыгынан четтетүүгө багытталган алдамчылык жана көз боёмочулук. Ушул себептен улам, келишимде «Судан –жарандык, демократиялык, федералдык, парламенттик мамлекет. Башкаруу элге таандык, ал – бийлик булагы» деп айтылган. Булардын баары Исламга тескери. Себеби, бул, Суданды жарандык мамлекетке т.а. динди жашоодон бөлгөн жана адамдарга мыйзам чыгаруу укугун берген илманий мамлекетке айлантат. Демократия бийликти булагы Куръан жана Сүннөт болгон шариятка бербейт, тескерисинче, мыйзам чыгаруу укугун инсанга берет. Ал мамлекетти федерациялык мамлекетке айлантат. Бул болсо, Исламга тескери башкаруу түзүмү болуп, мамлекетти бөлүнүүгө жана Судандын түштүгүндө болгондой региондордун бөлүнүшүнө жол ачат! Бул келишим Судандагы Исламдын бардык көрүнүштөрүн жок кылууну максат кылган көрүнөт. Себеби, келишимдеги пунктуга ылайык: «Мамлекет эч кимге динди мажбурлабайт. Ал дин, ишеним жана абийир маселелеринде калыс. Бул болсо, эркиндиктер жана эл аралык адам укуктары конвенцияларын, өзгөчө, аял укуктары туурасындагы конвенцияларды аткарууну кепилдейт». Т.а. келишимди түзгөн тараптар бул мусулман өлкөсүндөгү мусулмандарды атайылап Исламдан алыстатууну пландашкан.
  • Келишимдин экинчи бөлүгүндө ушул тексттер камтылган: «Өткөөл доордогу ыйгарым укук толук жарандык бийликке өткөрүлөт… Ардактуу милдеттерди президент аткарат… Аткаруучу бийликке, ошону менен бирге, мыйзам чыгаруу кеңешине келишимге кол койгон тараптар шайлаган жарандык премьер-министр төрагалык кылат. Коопсуздук жана коргонуу премьер-министрдин жоопкерчилигинде болот жана бул, туруктуу уюмдун жетекчилерин о.э. Жуба тынчтык келишимин түзгөн куралдуу кыймылдарды да өз ичине алат». Келишимге ылайык «Армия саясатка, экономикалык, соода-сатык жана инвестиция иш-аракетине аралашпайт. Ыкчам күчтөр жана куралдуу кыймылдар бир, профессионалдуу улуттук армияны түзө турган коопсуздук жана аскерий реформалар алкагында интеграция жана демобилизация комиссиясы тарабынан келишилген келишимдерге ылайык армиянын курамына киргизилет… Жуба тынчтык келишими ишке ашырылат… Келишимге кол койгон куралдуу кыймылдар менен тынчтык келишими акырына жеткирилет». Дагы келишимге ылайык «Конституциялык комиссиянын көзөмөлү астында жана Судандын бардык региондорунун катышуусунда конституциялык негиздер жана маселелер боюнча сүйлөшүү жана келишим түзүү үчүн кеңири көлөмдүү программа иштеп чыгуу жараёны башталат». О.э. келишимде «премьер-министр дайындалган күндөн тартып, 24 айлык өткөөл доордун аягында кеңири көлөмдүү шайлоо процессин уюштуруусу» белгиленген.

Экинчи: жергиликтүү позициялар:

  • Башкы штабдын жетекчиси жана Судан суверендүү кеңешинин төрагасы Абдулфаттах Бурхан келишимге кол коюу ырасымында: «Мына, акыры биз аскерий түзүлүштү саясий жараяндан алыстатууга жана өткөөл доордун аягында шайлоолорду өткөрүүгө о.э. келишимде ортого салынган маселелерди ишке ашырууга кадам таштадык… Өлкө өзгөчө кырдаал абалын башынан өткөрүүдө. Биз саясий жана аскерий күчтөр ортосундагы келишпестикти башыбыздан өткөрдүк. Бул мамлекетке терс таасирин тийгизди. Армияны ар кандай партия, топ же идеялык бөлүнүүдөн тышкары болгон конституциялык мекемеге айлантууга аракет кылып жатабыз», – деди. Анын орун басары Мухаммад Хамдан Даглу мындай деди: «Саясий чөйрөнүн келишимди түзүшү Судан мамлекетинин тарыхында ажайып жаңы доордун башталышын түшүндүрөт. Келишимдин түзүлүшү менен азыркы саясий кризиске чекит коюлушуна жана мурунку доордогу каталарга жол бербей турган жаңы өткөөл доорго даярдык көрүлүшүнө үмүт кылынууда. 2019-жылы август айында өткөөл доор башталгандан бери анын курамдык бөлүктөрүндө келишпестиктер жана 25-октябрга алып келген туура эмес саясий аракеттер жүзөгө келди. Мына ушул саясий жаңылыштык антиыңкылаптык күчтөрдүн кайтышына эшик ачат… Ушул себептен улам, түзүлө турган өкмөттүн биринчи даражалуу милдеттери Жуба келишимин жүзөгө чыгарууга, бул келишимге кол койбогон кыймылдар менен толук тынчтык орнотууга, көчүрүлгөндөрдү жана качкындарды өз үйлөрүнө кайтарууга о.э. өлкө жана качкындар проблемаларын чечүүгө каратылышы керек». («СУНА» маалымат агенттиги, 2022-жыл, 5-декабрь). Бул келишим Бурхандын жана анын орун басарынын башчылыгындагы аскерий жетекчиликти о.э. алардын айланасындагыларды алар түшүп калган оор абалдан куткарат. Себеби, адамдар алардын бийлигин четке кагышкандыктан алар эч кандай ички рычагга ээ болбой калышты. О.э. бул келишим аскерий жетекчиликке – жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылуудан коргой турган – кол тийбестик укугун берет жана алардын жазадан кутулууларына мүмкүнчүлүк жаратат. Алар өлкө иштерин башкара алышкан жок жана проблемаларын чече алышпады. Алардын колунан келген жападан-жалгыз иш – Умар Башир кулатылгандан кийин өлкөдө Америка таасирин сактап калуу болду. «Азаттык жана өзгөрүү күчтөрү» деп аталган күчтөр жана өкмөттү түзгөн партиялар да өлкө иштерин башкарууда, анын проблемаларын чечүүдө жана элдин минималдуу турмуштук муктаждыктарын камсыздоодо ийгиликке жетишпеди. Алар кылган жалгыз иш – өлкөдөгү Британия таасирин сактап калуу жана режимдин түптөн өзгөрүшүнө каршы туруу болду.
  • Бул келишимге каршы чыккандар болду. Алар 2022-жылы 8-9-декабрь күндөрү келишимди четке кагып, демонстрация өткөрүштү. Алардын айрымдары: Жибрил Ибрахим жетектеген «Адилет жана Теңдик Кыймылы», Минни Арка Минавий жетектеген «Судан Азаттык Кыймылы» о.э. колонизатор Британияга көз каранды «Эркиндик жана өзгөрүү» күчтөрү менен союз түзгөн кээ бир саясий партиялар сыяктуу Уммат жана Судан калкына садык жана ак ниеттүү эмес оппозициялык күчтөр. Британия өзү үчүн кайтуу жолун түздү жана параллель оппозиция катары аракет кылган күчтөрдү уюштурду. Эгер, келишим ийгиликсизликке учураса, бул күчтөр оппозициянын курамдык бөлүктөрү катары аракет кылат жана өздөрүнүн тыңчылык ишин жашырып, америкалык же англис малайларынын өкүмдарлыгынан кутула албай жаткан элге жетекчилик кылуу үчүн аракетке келишет. Ошентип, адамдар биринен кутулса, экинчисинин тузагына түшөт жана ушинтип улана берет. Өлкөгө расмий эгемендүүлүк берилген жана колонизатор күчтөр аскерлерин алып чыгып кеткен күндөн бери саясий, пикирий, экономикалык жана башка тармактарда колонизаторлук уланууда.
  • Кээ бирөөлөр бул келишим өлкө башкаруусундагы кризисти чечет деп ойлоп жатышат. Бул кризис бийликти саясий күчтөргө тапшыруу, аскерийлерди башкаруудан жана саясаттан алыстатуу үчүн аскерийлер менен саясатчылар ортосунда жүзөгө келген чыр-чатак болчу. Ал эми, түзүлгөн келишим малайлар ортосунда кызмат талашуу боюнча жүзөгө келген келишпестиктен башка нерсе эмес. Биринчи кезекте бул келишим Судан башынан өткөрүп жаткан жана ыңкылапка себеп болгон экономикалык проблемаларды чечпейт. О.э. башкаруу проблемасын да чечпейт. Себеби, ал – Суданда улуу мамлекеттердин пайдасына аракет кылып жаткан малайлар ортосундагы күрөш. Келишим бул жана андан башка проблемаларды чече албайт. Себеби, ал динди жашоодон, мамлекеттен жана коомдон бөлүү сыяктуу бузгунчу негизге курулган. Мындан тышкары, бул келишим тышкы күчтөрдү ээрчип жаткан калыс болбогон саясий күчтөр менен аскерийлер ортосундагы убактылуу келишүү болуп эсептелет. Мындан мурунку өткөөл доордо да бул тараптар ортосунда келишим түзүлүп, 25-октябрдагы мамлекеттик төңкөрүш менен аяктаган. Себеби, маселе жарандык бийликти түзүү же түзбөө маселеси эмес, ал эч нерсени чечпейт… Анын ийгиликтүү болушуна кепилдик жок. Анткени, тараптар бири-бирин күзөтүп турушат жана ар бир тарап бири-бирине каршы күрөшүп жаткан улуу мамлекеттер тарабынан башкарылат.

Үчүнчү: эл аралык позиция:

  • Америка келишимди жогору баалады. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2022-жылы 6-декабрда Твиттердеги өз баракчасында мындай деди: «Бул – жарандар жетектеген өткөөл өкмөт түзүү жана өткөөл доор үчүн конституциялык эрежелерди аткаруу үчүн коюлган биринчи маанилүү кадам». 2022-жылы 6-декабрда АКШнын мамлекеттик департаменти өзүнүн веб-сайты аркылуу ачыктаган билдирүүдө мындай делет: «Судандагы жарандык партиялар менен аскерийлердин корутунду келишим түзүү жана бийликти жарандар жетектеген өткөөл өкмөткө тапшыруудан мурда чечилбеген маселелер боюнча инклюзивдүү диалогго киришүү пландарын колдоп-кубаттайбыз». АКШнын мамлекеттик департаменти өз билдирүүсүндө келишимди бузууга аракет кылгандарга санкциялар колдонулушун эскертти: «Бүгүн министрлик Судандын учурдагы жана мурунку аткаминерлерине же адам укуктары жана негизги эркиндиктерди бастыруу аркылуу Судандын демократиялык өткөөл жараянына зыян жеткирүүгө жооптуу же шерик деп каралган адамдарга визаны чектөө саясатын кеңейтүүнү чечти». Бул келишим Суданда өз таасирин сактап калуу, малайы Абдулфаттах Бурхан, анын жардамчысы Мухаммад Даглу жана башкалар жетектеген америкачыл аскерий бийликтин кулашына жол бербөө үчүн Американын назарында маанилүү кадам. Өзгөчө, Бурхан менен Даглу бир жарым жыл мурун 2021-жылы 25-октябрда жарандык өкмөткө каршы мамлекеттик төңкөрүштү уюштуруп, 2019-жылы 21-августта тараптар ортосунда кол коюлган өткөөл доор жараянын токтотуп койгон. Келишимге ылайык, 21 ай суверендүү кеңешке аскерлер төрагалык кылышы жана андан кийин 18 ай жарандык башкаруу төрагалык кылышы шарт эле. 2020-жылы 3-октябрдагы Жуба келишиминен кийин өткөөл доор 53 айга узартылды. Бирок, 2021-жылы 25-октябрдагы мамлекеттик төңкөрүш англис малайларына мүмкүнчүлүк берген жок жана суверендүү кеңешке төрагалык кылууларына тоскоолдук кылды… Бул акыркы келишим Америка малайларын кулоодон жана кылмыш жоопкерчилигине тартылуудан куткарат. О.э. Американын Судандагы таасирин сактап калат жана саясий чөйрөнү көзөмөлдөгөн англис малайларынын ар жерде өкүмдарлык кылышына тоскоолдук кылат.
  • Британия да Африка иштери жана эл аралык өнүгүү боюнча министри Эндрю Митчелл аркылуу келишимди алкыштаганын жарыялады: «Төрттүк тобу жана Үчтүк мамлекеттери Суданда жарандардын жетекчилигинде түзүлгөн бул келишим үчүн ташталган маанилүү кадамды алкыштайт. Британия мындай өкмөт түзүлгөндөн кийин аны менен жакындан кызматташууну ынтызарлык менен күтүүдө жана биз бардык катышуучуларды акыркы келишимди түзүү үчүн тездик менен биригүүгө чакырабыз». (https://alsudantoday.com, 2022-жыл, 6-декабрь). «Судандагы акыркы келишимди кечиктирүүнүн үрөй учурган акыбеттери» жөнүндө эскерткен Британиянын коопсуздук кеңешиндеги өкүлү Жеймс Кариуки мындай деди: «Бириккен Королдук жарандык башкаруудагы өткөөл өкмөт түзүлгөндөн кийин ага маанилүү экономикалык жардам көрсөтүүнү жөнөг салуу үчүн эл аралык шериктештер менен иштешүүдө. Судандагы коопсуздук да оор абалда калууда. Биз Көк Нил жана Батыш Кордофандагы зомбулуктарга терең тынчсызданып жатканыбызды дагы бир ирет баса белгилейбиз». (https://www.sudanakhbar.com, 2022-жыл, 6-декабрь). Британия да Америка сыяктуу Суданга түздөн-түз аралашып, келишимди колдоп-кубатташын билдирди. Британия БУУдагы атайын өкүлү аркылуу Кошмо Штаттар менен биргеликте келишимди түзгөндөрдөн жана ишке түшүрүүнү көзөмөлдөгөндөрдөн. Британия негизинен анын малайларынан түзүлөрү күтүлүп жаткан жарандык өкмөттү колдоп-кубатташын жарыялады. Британия муну менен бийликти колго алуу о.э. армиянын башкаруудагы жана саясаттагы таасирин күчсүздөнтүү үчүн саясий чөйрөдө өз таасирин сактап калды.

Төртүнчү: корутунду:

Судандагы бул окуяларга карап чыксак, андагы эл аралык жаңжал өзгөрбөгөндүгү көрүнөт. Туурасы, бул жаңжал – Бурханды, анын орун басарын жана тобун көзөмөлдөп жаткан АКШ менен Британия малайларынан турган «Азаттык жана өзгөрүү күчтөрү» жана аны менен союз түзгөн партиялар ортосундагы жашыруун болбогон ачык күрөш. Эки тарап т.а. Америка менен Британия ушул убакытка чейин аскерий жана жарандык курамдык бөлүктөрдө өз таасирин кеңейте албады. Ошондуктан, Америка менен Британия Башир кулаганда болгондой келишип алышты. Бул келишим 25-октябрда чыр-чатак күчөгөнгө чейин созулду. Мына эми алар кайра дагы келишим түзүштү! Бул келишим убактылуу келишим, эки тараптын бири толук аскерий жана жарандык таасирге ээ болгонго чейин созулат… Бурхан башкарууну колго алгандан тартып биз ушул нерсеге жана «төңкөрүшкө» ишара кылып, бул туурасында жарыяланган эки суроо-жооп баракчабызда ушуларга көңүл бурган элек:

  • Биз 2019-жылы 23-сентябрда жарыялаган суроо-жоопто т.а. болжол менен башкарууга эки партиянын кириши башталганда, аскерий компонент жарандык компонент менен бийликти бөлүү жөнүндөгү келишими жөнүндө мындай деген элек: «Күтүлүп жаткан нерсеге келсек, АКШ менен Британия ынтымакта жашай албайт. Себеби, алардын кызыкчылыктары жана аларга көз каранды жергиликтүү каражаттары бири-биринен айырмаланып турат. Ошондуктан, тараптар бири-биринин аракеттерин бузууга аракет кылышат! Бул окуяларды күзөтүү, алардын акыбеттери жөнүндө пикирлөө, тышкы жана жергиликтүү, айрыкча, Америка менен Европа расмийлеринин билдирүүлөрүн терең үйрөнүү аркылуу ушуларды айтууга болот – эки тарап өз атаандашын куугунтуктоо, басым өткөрүү жана бийликтен куру калтыруу үчүн ушул каражаттардан пайдаланышы мүмкүн…». Биз ошол каражаттарды суроо-жоопто баян кылып өткөн элек жана чынында эле ошондой болду.

Андан кийин, 2021-жылы 25-октябрдагы суроо-жоопто мындай дегенбиз: «Америка малайлары тарабынан алып барылган ыплас ыкмалар болобу, Британия жана Европа малайлары карманып жаткан карамүртөз багыттар болобу, алардын баары – Суданда зулумдун, ачкачылыктын, кризистердин жана кан төгүүнүн негизги себепчиси. Ошондуктан, Судан калкы өз абалын түшүнүп, Америка, Британия менен Европага малай болгон жана Судан калкынын канын жана баалуулуктарын кафир мамлекеттерге кызмат кылуу үчүн пайдаланган бул ийгилисиз өкүмдарлардан баш тартышы керек. Бул малай өкүмдарларга каршы туруп, саптарын бириктириши керек».

  • Келишимдин аткарылышы жөнүндөгү суроолорго келсек, бул, шектүү. Негизи, бул келишим мамлекетти куткарабы? Андай болушу таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, бул келишим жалганга негизделип, убактылуу келишим түзгөн колонизатор мамлекеттердин иши. О.э. келишим жалаң кызмат жана мансапты гана көздөгөн, финансылык кирешелерин коргоо жана көбүрөөк акча табуу жөнүндө ойлогон малайлардын ортосунда түзүлгөн келишим. Алар өлкө жана калктын проблемалары, өлкөнүн өнүгүүсү, өлкөнү колонизаторлуктун сыйыртмагынан жана колонизаторлордун чеңлегинен азат кылуу жөнүндө ойлошпойт. Алар өнүгүү жолун да билишпейт. Себеби, алар өз таасирин пикирий жана саясий жактан өлкөдө бекемдөөгө аракет кылып жаткан колонизаторлордун кызыкчылыгы үчүн аракет кылышууда. Бул колонизаторлор, өзгөчө Америка менен Британия Суданда өз таасирин кеңейтүү үчүн күрөшүп жатышат. Чет мамлекеттердин аралашуусу эч кимге сыр эмес. Келишим Республика сарайында түзүлгөндө чет элдиктер да катышты. Мындан тышкары, келишимди даярдаган адам да чет элдик жаран. Бул келишимди Судандагы эл аралык чыр-чатактын себепчилери болгон америкалыктар менен англистердин түздөн-түз көзөмөлү астында «Төрттүк» жана «Үчтүк» атынан Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү даярдады. Төрттүк – бул Америка, анын малайы Саудия, Британия, анын малайы Бириккен Араб Эмираты. Америка жергиликтүү партияларга таасир өткөрүү жана пара берүү үчүн өзүнүн малайы Саудиядан пайдаланса, Британия андай иштерди жасоо үчүн Бириккен Араб Эмиратынан пайдаланат. Үчтүк – бул Америка, Британия жана Европанын атынан Норвегия. Норвегия зарыл болгондо жана жашыруун сүйлөшүүлөр алып барылганда гана таасирге ээ. Негизинен жашыруун сүйлөшүүлөр жашыруун келишимдерди түзүү менен белгилүү болгон Норвегия борбору Ослодо жүргүзүлөт. Америка келишимди бузгандарга санкцияларды колдонуу менен коркуткан болсо, Британия келишим ийгиликсиздикке учураса үрөй учурган акыбеттерге алып келерин эскертти.
  • Бири-бирине карама-каршы болгон АКШ менен Улуу Британияны курсант кылууга урунган Германиянын БУУдагы өкүлү Фолькер Пертеске келсек, ал келишимдин ийгиликсиздигинен эскертти. Пертес БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингде мындай деди: «Судан акыркы саясий келишимге жакындашып жатканда, саясий чечим өз кызыкчылыктарына туура келбейт деп эсептегендер саясий жараянга зыян жеткире турган аракеттерди күчөтүшү мүмкүн». (alrakoba.net, 2022-жыл, 8-декабрь). Бул келишим тараптар ортосундагы убактылуу келишим. Бул чарчаган согушкерлер эс алышы үчүн түзүлгөн «убакыттан утуу» келишимине окшойт. Бир аз убакыт өтүп, тараптардын бири экинчисин жеңмейин согуш кайрадан башталат. Биринчи тарап экинчисин жеңсе, жеңилген тарап моюн сунбайт, өлкөнүн чыгышында, батышында, түндүгүндө, түштүгүндө жана борбордо проблемаларды жарата берет. Себеби, ал жерлерде анын тыңчылары бар. Өлкө алардан тазаланбаса, абал жакшырбайт. Адамдар өз үмүттөрүнө жетише албайт, бейпил, татыктуу турмушту көрүшпөйт, натыйжада, бул дүйнө жана Ахырет бакытын колдон чыгарышат. Ушул себептен улам, ар бир адамдын жана ыхластуу кишинин важиб милдети – Расулуллах ﷺдын башараты болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тиккелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен олуттуу жана чын жүрөктөн аракет кылуу.

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». (Ахмад риваяты).

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисине нусрат берет. Ал кудурет жана ырайым ээси»                                           [30:4-6]

 

17жумадулаввал, 1444-х.

11-декабрь, 2022-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here