Канкор Башар Асад менен жолугушууга барган Хамас делегациясына: «Эсиңерде болсун, фитна көбөйгөн учурда ыйман Шамда болот»

226
0

Маалымат билдирүүсү

Канкор Башар Асад менен жолугушууга барган Хамас делегациясына:

«Эсиңерде болсун, фитна көбөйгөн учурда ыйман Шамда болот»

Баарыбыз Хамас жана Фалестин фракцияларынын делегациясы Халил Хайянын жетекчилиги астында Сирияга биринчи ирет расмий сапар менен барганын катуу кайгы менен күзөттүк. Андан мурда 15-сентябрда Хамас кыймылы малай БААС режими менен 2012-жылдан бери үзүлгөн мамилелерди кайра жолго коёрун жана канкор режимдин кучагына киришин жарыялаган. Негизи, ошондо Хамастын саясий бөлүмүнүн төрагасы Исмаил Ханийя мамилелер үзүлгөндүгүнүн себеби тууралуу: «Биз өз калкын өлтүрүп жаткан режимдин тарабында турбайбыз. Ким биз менен акыйкат тарапта болсо, биз аны менен батыл тарапта болбойбуз», – деген.

Ханийя бул билдирүүсүн тогут Башар режими кылмыш жолун баштаган убакта берген. Ал кезде Сирия калкынын бир миллиондон ашыгы кыргын кылына элек эле… Башардын камактарында анын иттери миңдеген муслималарды зордуктай элек эле… Миңдеген порохтуу бомбалар жаадырылбаган, Сириянын шаар жана айылдарын ойрон кыла элек эле. Кыйноолор астында өлтүрүлгөн миңдеген адамдардын сүрөттөрү режимге караштуу «Кайсар» каймана аттагы аскер тарабынан жылжып чыга элек эле. Мындан башка Аллахка, Расулуна жана момундарга касташкан душман болгон жырткыч адамдар гана кыла ала турган кылмыштардын кабарлары ачыктала элек эле. Негизи, бул сыяктуу үрөй учурган кылмыштар дагы эле уланууда.

Хамас кыймылы өз позициясын өзгөрткүдөй эмне болду? – деген табигый суроо пайда болууда. Ага исламий кыймыл катары мындай суроо беребиз: биздин ар-намыстарыбызды тебелеген, каныбызды төккөн, үй-жайларыбызды ойрон кылып, өз жерибизден кууп чыгарган бул кылмышкер режимге карата шаръий өкүм кандай?!

Биз, силер, Хамастагыларды мындай кылат деп эч ойлобогон элек. Демек, биз силерге кылмышыңарга ызааланып кайрылабыз: айткылачы, Ислам боордоштугу ушулбу?! Ушулбу мусулмандын мусулман үстүндөгү акысы?! Акыры, Расулуллах A мындай деп айткан го:

«‌الْمُسْلِمُ ‌أَخُو الْمُسْلِمِ، لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يُسْلِمُهُ»

«Мусулман мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт жана аны (душманга) тапшырып койбойт». (Бухарий риваяты).

Тирмизий риваятында сахих санад менен мындай келген:

«‌المُسْلِمُ ‌أَخُو المُسْلِمِ، لَا يَخُونُهُ وَلَا يَكْذِبُهُ وَلَا يَخْذُلُهُ»

«Мусулман мусулмандын боордошу. Ага кыянаттык кылбайт, ага жалган сүйлөбөйт жана аны жардамсыз таштап койбойт». Ко-ош, силер кылган иш Шам калкын жардамсыз калтыруу эмеспи?!

Билбедик, Канкор Башар менен кол берип учурашууга кантип дитиңер тартты, негизи, ал дагы эле Шам калкынын канын ичип жаткан го, Исламыңар силерге буюрган иш ушулбу?!

Эй боордоштор! Ислам душмандары өздөрүнүн мусулмандарга каршы саясаттарын ишке ашыруу үчүн бул тогутту региондо беделин кайра тургузууга аракет кылышууда. Силер болсо ушул кылмышыңар менен бул кылмышка шерик болуп жатасыңар, ал тургай, анын ушул кылмыштарын колдоп жаткандайсыңар! Андыктан, Роббиңер алдында эмне дейсиңер?!

Эй боордоштор! Аллах жолунда жихад кылган жамаатка жараша турган иш – Аллахка, Расулуна жана мусулмандарга нусрат-жардам берүү о.э. Аллахтын жана Расулу ﷺдын душмандарынан алыс болуу. Аллахтын кол тийгис нерселери тебеленип, тогут Башар Аллахтын кол тийгис нерселеринин эч бирин калтырбай баарын тебелеп жатканда Аллах жолунда жихад кылган жамаатка ылайык иш – Аллах үчүн ачуулануу. Демек, эмнеге силер Аллах Таала үчүн ачууланбайсыңар?!

Эй боордоштор! Силердин кыйрооңор – силер өзүңөрдү малай өкүмдарларга күрөөгө койдуңар, акыбетте саясий чечимдериңер Катар жана Ирандын каалоосуна байланып калды. Бул экөөсү силерди өздөрүнүн ыплас акчалары менен алдап, кожоюндары менен биргеликте силердин позицияңарды сатып алышууда. Ошондуктан, Исламды ачык-туура билдире албай жатасыңар, Ислам буюрган позицияны кармануу үчүн чыныгы каалоого ээ боло албай жатасыңар. Силер бул мубарек Фалестин жерин Ислам Умматы жана армиялары Халифалыкты тикелеп, такбирлер менен Байтул Макдиске бастырып кирүү менен гана азат кылышын жакшы билесиңер. Демек, мындан силерди эмне тосуп жатат, бул силердин малай өкүмдарлардын кучагына киргениңер жана алардын ыплас акчаларына азгырылганыңар эмеспи?!

Эй боордоштор! Шам өлкөлөрү бир – Байтул Макдис жана анын айланасы! Душманыбыз бир – яхудий вужуду жана Ислам душмандарынын саясаттарын аткарып жаткан кылмышкер малай өкүмдар. Силерге фарз болгон нерсе – Аллахка, Расулу ﷺга жана мусулмандарга душмандык кылып жаткандарга душмандык кылуу.

Эй боордоштор! Биз силерге жакшылыкты ыраа көрөбүз, ошондуктан, Аллахтан чын жүрөктөн коркууну, күнөөлөрүңөрдү кечириши үчүн Ага калыс тообо кылууну насаат кылабыз. Ошондуктан, Аллахтын нусратына Анын бекем арканын кармабайынча жетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, шаръий өкүмгө баш ийгиле, ал силерге малай өкүмдарлардан да, алардын Умматыңарга каршы кылмыштарынан да баш тартууну буйрууда. Алардан баш тарткыла, антпесе, алар силерден баш тартышат. Биз силерге Аллах Тааланын ушул аяты туурасында ой жүгүртүүгө чакырабыз:

﴿وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَتَّخِذُ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَنْدَادًا يُحِبُّونَهُمْ كَحُبِّ اللَّهِ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَشَدُّ حُبًّا لِلَّهِ وَلَوْ يَرَى الَّذِينَ ظَلَمُوا إِذْ يَرَوْنَ الْعَذَابَ أَنَّ الْقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا وَأَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعَذَابِ * إِذْ ‌تَبَرَّأَ الَّذِينَ اتُّبِعُوا مِنَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا وَرَأَوُا الْعَذَابَ وَتَقَطَّعَتْ بِهِمُ الْأَسْبَابُ * وَقَالَ الَّذِينَ اتَّبَعُوا لَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَتَبَرَّأَ مِنْهُمْ كَمَا تَبَرَّءُوا مِنَّا كَذَلِكَ يُرِيهِمُ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ حَسَرَاتٍ عَلَيْهِمْ وَمَا هُمْ بِخَارِجِينَ مِنَ النَّارِ﴾

«Адамдар арасында ушундайлары да бар, алар башкаларды Аллахка тең кылып, аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Момундардын Аллахка болгон мухаббаты күчтүүрөөк. Эгер залимдер азапты көргөн убагында, (Кыямат Күнүндө) бүткүл күч-кудурет Аллахтыкы экендигин жана Аллахтын азабы катуу экенин билгенде! Ал Күндө (кафирликке) ээрчитүүчүлөр ээрчигендерден танышат жана алардын баары азапты (өз көздөрү менен) көрүшөт. (Ал Күндө аларды байланыштырып тура турган) шылтоолор, себептер үзүлөт. Ээрчигендер: «Дагы бир жолу мүмкүнчүлүк болсо кана. Алар бизди тангандай, биз да аларды танар элек» дешет. Ушинтип, Алла Таала алардын кылган иштерин өздөрүнө өкүнүч-касирет кылып көрсөтөт. Алар тозоктон чыккыс болушат»     [2:165-167]

Дагы ушул аят жөнүндө да пикирлеп көргүлө:

﴿إِنَّ الَّذِينَ ارْتَدُّوا عَلَى أَدْبَارِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْهُدَى الشَّيْطَانُ سَوَّلَ لَهُمْ وَأَمْلَى لَهُمْ * ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لِلَّذِينَ كَرِهُوا مَا نَزَّلَ اللَّهُ سَنُطِيعُكُمْ فِي بَعْضِ الْأَمْرِ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِسْرَارَهُمْ * فَكَيْفَ إِذَا تَوَفَّتْهُمُ الْمَلَائِكَةُ يَضْرِبُونَ وُجُوهَهُمْ وَأَدْبَارَهُمْ * ذَلِكَ بِأَنَّهُمُ اتَّبَعُوا مَا أَسْخَطَ اللَّهَ وَكَرِهُوا رِضْوَانَهُ فَأَحْبَطَ أَعْمَالَهُمْ﴾

«Албетте өздөрүнө хидаят анык-айкын болгондон кийин дагы аркасына (куфрга) кайтып кеткен кимселерге (бул иштерин) шайтан көркөм кылып көрсөттү жана алар үчүн (көңдөй ой-максаттарын) узун кылып койду. Буга (т.а. куфрга кайтып кетүүлөрүнө) себеп алардын Аллах түшүргөн нерсени (Куранды) жаман көргөн кимселерге: «Биз айрым иштерде силерге моюн сунабыз», дегендери. Акыйкатта болсо, Аллах алардын жашырган (сырларын) билет. Эми, периштелер алардын жүздөрүнө жана аркаларына уруп жандарын алар убакта, (алардын алдары) кандай болот?! Буга (тактап айтканда өлүм саатындагы мындай азапка) себеп алар Аллахтын казабын келтирген нерсеге (т.а. мунаафыктык жолуна) ээрчип, Ал Заттын ыраазылыгын (момундар менен бирге кафирлерге каршы согуш кылууну) жаман көргөндөрү. Ошондуктан (Аллах) алардын (кылган жакшы) иштерин да бекерге кетирди»

                                                                                                                               [47:25-28]

Тыянактап айтсак, бул кайрылуубуз силерге катуу тийиши мүмкүн, бирок, силер жүрөгүбүздү жана Умматыңардын жүрөгүн, айрыкча, Сирия калкынын жүрөгүн оорутканчалык катуу эмес. Акыры, силерди тогут Башардын колун кармаганыңарды, жүзүнө карап жылмайганыңарды көрүп жүрөгүбүз катуу ооруду. Биз силерге Ислам эмнени буюрган болсо, Аллахтын аят жана хикматтарында эмне делген болсо ошол менен кайрылдык жана Аллах Тааладан жүрөктөрүңөрдү тообого жана өкүнүчкө ачышын сурадык. Исламды чын дилден жеткиргиле, Ислам жана мусулмандардын согуш майданына өтүп, Ислам душмандары жана тогут малай өкүмдарларга каршы тургула. Нусрат жалгыз Анын колунда болгон Аллах Азза ва Жаллага ишеничиңерди бекем кылгыла, себеби, нусрат себептери Катардын колунда да, Ирандын колунда да, Башардын колунда да эмес. Балким, нусрат себептеринин бирин кармоо мына ушул эки мамлекет жана Башардан тазалануу, аларга каршы чыгып, өзгөртүү жана мункар иштери менен кошуп өздөрүн да кулатуу менен болот. Ошондуктан, Аллахка чынчыл болгула, Ал да силерге убадасын аткарсын… Бирок, буларды кылбасаңар, анда, билип койгула, силерге Аллах Тааланын каары түшөт, андан эч качан качып кутула албайсыңар!

Аллахым, бул боордошторубузду хидаяттанууга жетиштир, жүрөктөрүн Сага итаат кылууга, динге жардам берүүгө ачкының. Валхамду лиллахи Роббил аламин.

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here