Кылмышкер өкүмдарлардын кылмыштары себептүү жер калкы үчүн жер жүзү тар болуп калды!

244
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кылмышкер өкүмдарлардын кылмыштары себептүү жер калкы үчүн жер жүзү тар болуп калды!

«Франс-Пресс» веб-сайты хижрий 1444-жылы 24-сафар, миладий 2022-жылы 23-сентябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Сирия жана Ливандагы булактардын айтымында, бейшемби жана жума күндөрү Сириянын түндүк-батышындагы жээк боюндагы Тартус шаары алдында мыйзамсыз мигранттардын кайыгы чөгүп, акыбетте каза болгон ондогон мигранттардын денеси табылган. Булактардын бири ушул кыйродо кеминде 73 адамдын каза болгонун баса белгиледи.

Бул көрсөткүч кризистер баткагына баткан Ливандан мыйзамсыз миграция окуялары башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Сирия саламаттыкты сактоо министри Хасан Габбаш жарыялаган билдирүүдө кайык чөккөн окуяда 73 адам каза болгонун, «учурда алардан 20сы Тартустагы Басил ооруканасында дарыланып жатканын» баса белгиледи.

Андан мурун Ливан убактылуу өкмөтүнүн транспорт министри Али Хамийя ушул сыяктуу окуяда 61 адам каза болгонун жана жүздөгөн каза болгон мигранттар ливандыктар жана сириялык качкындар экени жөнүндө билдирүү берген.

Бул туурасында Сириянын расмий телеканалы кабарлагандай, кайыкта 150дөн ашык мигрант болгон т.а. алардан ондогону дагы эле табылган эмес».

 

Роя гезити, №410, 2022-жыл, 28-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here