Мамдума Украинанын төрт облусу Россиянын курамына кошулушу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялады

53892
38

Мамдума Украинанын төрт облусу Россиянын курамына кошулушу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялады

 Кабар: РФ Мамлекеттик Думасы Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына “кириши” жөнүндөгү келишимдерди бир добуштан ратификациялады.

Ратификациялоо жөнүндөгү документтерди РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров сунуштаган.

 “Бул жараян 2014-жылы Россияга Крым республикасын жана Севастополь шаарын кайтарып алуу менен башталган орус жерлерин бириктирүүнүн логикалык уландысы болду”, – деди ал.

 Комментарий: 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Россия басып алган Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында референдумдар болуп өткөн. 30-сентябрда Россиянын Конституциялык соту Кремлде кол коюлган Украинанын басып алынган облустарын “Россия Федерациясынын курамына кабыл алуу” жөнүндөгү келишимдер Конституцияга ылайык келерин тааныган. Конституциялык сот макулдаган бул келишим – Украина аймактарын Россиянын расмий түрдө аннексия кылуу тартибиндеги кадамдарынын бири катары бааланды. Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин парламент мыйзам долбоорлорун 3-октябрь, дүйшөмбү күнү карай турганын билдирген болсо, РФ Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко “Федерациялык кеңеш бул маселени 4-октябрда карашы мүмкүн” деген. Мамлекеттик дума 3-октябрь күнү басып алынган аймактардын Россияга “кириши” туурасындагы келишимдерди бир добуштан ратификациялаган соң, эми Россиянын президенти Владимир Путин “жаңы аймактарды кабыл алуу” жөнүндөгү федералдык конституциялык мыйзамды киргизиши керек болот…

 Путин режиминин басып алынган аймактарда шашылыш түрдө референдумдарды өткөрүүдөн жана аларды Россиянын курамына кошуп алуудан көздөгөн максаты, баскынчылык согушун “ата мекендик согушка” айландыруу жана ушул аркылуу орус калкынын мекенчилдик туйгуларын козгоо болчу. Басып алынган аймактар расмий түрдө Россиянын бир бөлүгү катары жарыяланган соң, Путин буга чейин жарыялаган жарым-жартылай мобилизацияны жапырт мобилизацияга айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, өз аймактарына “чет өлкөдөн кол салуу” болгонун шылтоолоп, ядролук куралдарын колдоном деп коркутуу менен АКШ жана Евробиримдиктин Украинага аскерий жардамдарды беришинин алдын алууну, же болбосо, кыскартууну көздөп жатат. О.э. “коргонуу” шылтоосу менен ЖККУга мүчө “союздаштарын” да согушка тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 Абдурахман Адилов  

38 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here