Адандагы жардыруулар жана кол салуулар

213
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Адандагы жардыруулар жана кол салуулар

 Доктор Абдуллах Базиб – Яман

Убактылуу борбордо ансыз да коопсуздук бузулуп турганда, Рашад Алимий жетектеген сегиз мүчөдөн турган президенттик кеңеш келген соң башаламандык дагы да күчөдү. Бул президенттик кеңеш Абдуроббих Хадийдин Яман саясий майданынан четтетилиши жана Хусийлер менен эки айлык – азыр бул мөөнөт узартылууда – убактылуу жарашуу келишим түзүшү артынан Рияздын кеңеши менен түзүлгөн.

Бирок, убактылуу борбор болгон Аданда күчтүү башаламандык байкалууда. Негизи, Адан коопсуздугун Эмирликтер тарабынан колдоп-кубатталган Өткөөл кеңеш көзөмөлдөйт жана президенттик кеңештин курамындагы жетекчилердин экөөсү Өткөөл кеңештен. Акыркы кездерде (2022-жылы 15-майда) Аданда бомба орнотулган машина менен кол салуу болуп, генерал-майор Салих Али Хасан бутага алынды. Ал эми, төрт күн мурун Адан эл аралык аэропортунда бир офицер белгисиз куралчандар тарабынан атып өлтүрүлдү.

Чамасы, Өткөөл кеңеш президенттик кеңештин ишине эки себептен улам тоскоолдук кылып жаткан көрүнөт: биринчиси, өзүн көрсөтүп, Ямандагы саясий жараянда жана Хусийлер менен өтчү сүйлөшүүлөр жараянында өзүн маанилүү кылып көрсөтүү болсо, экинчиси, Саудия аракетине тоскоолдук кылуу. Анткени, Саудия Хусийлер менен болгон тынчтык сүйлөшүүлөргө президенттик кеңеш бир нече курамдар катары эмес, бир өзү катышуусун каалап жатат. Саудия да Өткөөл кеңештин тоскоолдук кылып жатканын баамдады жана кеңешти тымызын эскертти. Королдук аппаратка жакын саудиялык саясатчылардын бири, Саудияда чыккан Укказ гезитинин башкы редакторунун жардамчысы Абдуллах Али Хатила тарабынан айтылган бул эскертүүдө: «Эй, Өткөөл кеңештеги боордоштор, сак болгула, «Хасандын бүркүтү» деген макал силерге тийиштүү эмес», – делет. Кийин ал Твиттердаги баракчасында: «Хасан бүркүттү мыкты үйрөттү, бирок бүркүттү биринчи жолу учурганда Хасандын көзүн чокуп алган», – деп түшүндүрмө калтырды.

Көрүнүп тургандай, Хусийлер Яман бийлигин түзүүдө салмактуу үлүштү алышы үчүн Саудия президенттик кеңеш менен Хусийлер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүгө башкаларды катыштырбай өткөрүү планын ишке ашырууга олуттуу аракет кылууда. Анткени, бул нерсе Яманда тамыр жайган англистерге каршы күрөшүп жаткан америкалыктардын кызыкчылыгына кызмат кылат. Муну менен Америка бир тараптан Хусийлер аркылуу, экинчи тараптан Саудияны Яман ишинде түздөн-түз көзөмөлчүгө айлантуу менен эң күчтүү таасирге ээ болот.

Эй Яман калкы!

Колонизатор кафир өз таасирин орнотуу жана эл аралык соода коридорлорун жана региондогу стратегиялык операцияларды көзөмөлдөө өлкөңөрдүн канчалык маанилүү экенин түшүнүп жеткен. Ошондуктан алар – түрдүү аталыштар менен аталып жаткандар – өздөрүнүн жергиликтүү куурчактары аркылуу таасир орнотуу жана байлыктарды ээлөө үчүн күрөшүүдө. Алар таасир жана байлык үчүн күрөшүп жаткан соң, өлкөңөр таптакыр тынчыбайт. Анткени, алардын заводдорунда иштелип чыккан кыргын куралдар жардамында өлкөбүздө төгүлүп жаткан кан аларды кымындай тынчсыздандырбайт.

Ямандагы чечим өлкөңөрдөн Батыштын таасирин жана анын жергиликтүү куурчактарын кууп чыгарууну, бийликти Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга тапшырууну талап кылат. Себеби, Ислам өкүмдөрү колдонулсун жана мусулмандардын өлкөсү, байлыгы, каны, намысы жана урматы корголсун. Баарынан да эң маанилүүсү, мусулмандар Роббисин ыраазы кылышсын.

 Роя гезити, №392, 2022жыл, 25май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here