Шам калкына фитналар жапырылса да фитначылардын бети ачылып, козголоңчулардын кайраты бекемделүүдө

152
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам калкына фитналар жапырылса да фитначылардын бети ачылып, козголоңчулардын кайраты бекемделүүдө

 Устаз Мунир Насир

Шам калкы өткөрүп жаткан күндөрдүн мисалы тегирмен сыяктуу шамалда айланып, инсандар үчүн өз жакшылыктарын чыгарып, жамандыктарды бөлүп жатат. Эмнеге андай болбосун, акыры, бул Расулуллах ﷺ:

«أَلاَ إِنَّ عُقْرَ دَارِ الْمُؤْمِنِينَ الشَّامُ»

«Эсиңерде болсун, муминдердин диярынын борбору Шам», деп айткан өлкө болсо.

Мен бул макалада Шам калкына каршы соңку фитналарга токтолмокчумун. Мамлекеттердин айла-амалдары, тузактары ушундай бир даражага жетти, козголоңчулар, касас ээлери жана маселе ээлери өкүнүч пайда бербей турган күндө өкүнөрүнөн мурун, аттиң, мен да кулак салып, көрө билгенимде деп кала турган күн келерден мурун өз жолун белгилеп алышы жана азат болуу жолун издеп табышы шарт болуп турат!

Сирияда таасир ээси жана бул режимдин кожоюну Америка эсептелип, режимди сактап калууга урунууда. Америка Шам козголоңуна карата туруктуу план түзүп, ушул план негизинде Сириядагы чечим жолун белгилеп алган жана ага малай мамлекеттерге козголоңго карата вазыйпаларды бөлүп берген. Американын бул чечими – Шам козголоңун жок кылуу, кылмышкер режимге кайра мыйзамдуулук берүү жана козголоңчулар менен канкор режим ортосунда «саясий чечим жана жарашуу» деген нерсени ишке ашыруу.

Ооба, Америка түрдүү саясаттар аркылуу адамдарды чөгөлөтүүгө урунду, мисалы, аларды системалык түрдө көчүрдү жана өлтүрдү, кийин камак лагерлери жана репрессиячыл коопсуздук саясаттары менен Сирия режимин ээрчиген режимдерди күчөттү. Башка тараптан болсо, Америка соңку кездерде ошол режимдерди Асад режими менен мамилелерди нормалдаштырууга үндөөдө, аны кайра таанылган жана мыйзамдуулук статусу берилген режимге айлантууга урунууда. Конституциялык комиссия жасалма оппозиция аркылуу мыйзамдуулукту зордоп тыгыштырып жатканын айтпаса да болот.

Ушуга ылайык, Америка тарабынан башкарылган Дүйнөлүк азык-түлүк программасы уюмунун азык-түлүк жардамдарын режим көзөмөлдөгөн фронт аркылуу киргизүү үчүн жасаган тынымсыз аракеттерин да түшүнүү мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин козголоңчулар бул аракетти режим менен нормалдашуунун башталышы деп түшүнүшүп, буга каршы турушунун натыйжасында де-факто режимдер бул фронтторду ача алышпады. Бирок, саткын согушкер жамааттар дагы эле Америкага жана режим менен нормалдашуу планын ишке ашырууга жардам беришүүдө. Маселен, бул жамааттар эл аралык келишимдерди аткарууну, өзгөчө, бир нече аймактарды режимге тапшырууну, жада калса Россия-Түркия биргелешкен патрулдарын өткөрүүнү  кабыл алышты.

Ошону менен бирге, бул жамааттар жана режимдердин камоо, ооздорду басуу, же кылмышкерлерди азат кылуу сыяктуу провокациялык аракеттери менен козголоңчуларга карата иштерин да көрсөтүүгө болот… Максат – адамдарга катуу басым кылып, аларды үмүтсүздүккө жана багынууга, арийне, режимге мыйзамдуулук берүү жөнүндөгү эл аралык токтомдорго макул болууга мажбурлоо. Дагы бир максат – бизди таяй берип колу чарчаган кимселердин ордуна жаңы жүздөрдү жана түрдүү аталыштар менен бул миссияны аткарууга даяр кимселерди алып келүү.

Түркиянын канкор режим менен чектешкен фронт линиялары бойлоп аңгек казуу иштерине келсек, муну да жогорудагы көз карашка т.а. режимди кулатуу пикирин жокко чыгаруу көз карашына таянып түшүнүү керек. Түркиянын Баб шааарынын айланасындагы бул аракеттери ыплас план болуп эсептелип, айрымдарды тузакка түшүрдү. Т.а. Түркия алгач бул аңгектерди фронттордо эмес, алардан алыс жерлерде каза баштады, бул адамдардын кыжырын келтирди, анткени алар мындан жаңы аймактарды режимге тапшыруу көздөлгөн деп эсептешти жана казуу техникалары алдында олтуруп алып, нааразылык демонстрация өткөрүштү… Бул демонстрация Түркияны аңгек казуу иштерин фронт линияларына бурууга мажбур кылды… Америкага ушул керек эле, адамдарды азат кылынган аймактарда болуп жаткан көптөгөн экинчи даражалуу проблемалар менен алек кылып, Башарды жана анын режимин кулатууга болгон ар кандай пикир жана пландан алыстатуу зарыл болчу.

Козголоңчулар назардан качырбашы шарт болгон эң маанилүү нерсе – максаттын аныктыгы. Максатты анык-тунук билишкенден кийин алар жол белгилерин түшүнүп жетиши, аларга жана козголоңуна каршы жарала турган ар кандай кооп-коркунучту жеңүүгө даяр болушу керек. Шам калкы өз өмүрлөрүн курман кылууга ар дайым даяр экендиктерин козголоң башталгандан бери тастыктап келишти. Эми, алар ушул үлкөн курмандыктарын пайдасыз кетирбөөгө ар дайым даяр турушу, бул жаатта соодалашпашы, тескерисинче, максатты ишке ашырууга аракет кылышы керек. Бул максат – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык саясында Исламды колдонуу.

Мен ушул сөздөрдү тыңдаган кулактар жана жүрөктөр табылар деген үмүттө жазып жатамын. Алар бизге кандай гана кырсыктуу коркунуч келе жатканын түшүнүшсө, жолубузга кандай гана жаман тузактар коюлганын көрө билишсе, андан соң эки дүйнөдө нажат жана азат болуу жолун издеп табышса ажеп эмес. Биз үчүн Исламдан башка куткаруучу жок. Сыймыктануубузга татыктуу Исламыбызды инсандын иштерин тартипке салган кеңири көлөмдүү дин катары  кабыл алуубуз жана Аллах Азза ва Жалланын бардык буйруктарына итаат кылып, кайтарган нерселеринен оолак болуубуз керек. Ушул буйруктар нусратка алып баруучу ыкма-каражаттарды колдонууга жана Аллахтын арканын бекем кармап, нурдуу жолунда биригишибизге жана кылмышкер залимдер менен ар кандай алаканы үзүп, аларга арзыбаган маселеде да итаат кылбашыбызга чакырууда. Куръани Кариминде:

﴿إِن يَنصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُم مِّنْ بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт жана эгер силерди жардамсыз койсо, Андан башка эч бир зат жардамчы болбойт, момундар Аллахтын өзүнө гана таянышсын»                                                                                                                [3:160]

деген Хак Субханаху ва Таала бизди нусраты менен сыйласын жана өзүнүн ушул каламында айткандай, бизге жер жүзүндө Халифалык жана үстөмдүк ниъматын берсин:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُون﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                                            [24:55]

 

Роя гезити, №392, 2022жыл, 25май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here