Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушу

40
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроого жооп

Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушу

Суроо:

2022-жылы 18-майда Финляндия менен Швеция Россиянын Украинага бастырып киргендиктен Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) мүчө болуу үчүн анын Брюсселдеги штаб-квартирасына расмий арыз тапшырды. Бирок, бул кайрылуудан көп убакыт өтпөстөн Түркия күрд куралдуу топторуна, өзгөчө Күрдстан Жумушчулар Партиясына (PKK) каршы жүргүзүп жаткан күрөшүнө карата Финляндия жана Швециянын позициясы себептүү каршылык билдирди. Белгилүү болгондой, НАТОго мүчө болуунун зарыл шарты катары бардык отуз мүчө мамлекет, алардын катарында Түркия да бул эки мамлекеттин НАТОго мүчө болушун макулдашы керек. Демек, бул иштердин артында эмне турат жана алардын мотивдери эмнеде?

Жооп:

Жооп тунук болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи:

Эгер, НАТОго мүчө болуу үчүн Швециядан мурун арыз берген Финляндия альянска кошула турган болсо, Россиянын учурда «душман альянс» катары карап жаткан НАТОго мүчө мамлекеттер менен болгон жалпы чегарасынын узундугу эки эсеге узарып, 2600 км.ге жетет. Белгилүү болгондой, Россия-Финляндия чегарасынын узундугу 1300 км.. Швеция Россия менен түздөн-түз чектешпесе да, бирок, ал альянска кошулса, бул нерсе НАТОнун Балтика деңизинде кеңири көлөмдүү жана натыйжалуу иш-аракеттерди алып барышы жеңилдетет. Мындай абалда Балтика деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Россиядан тышкары бардык мамлекеттер НАТОнун мүчөсүнө айланып, Россиянын Балтика деңизиндеги стратегиялык таасири күчсүздөнөт жана Балтика деңизи Батыш альянсынын көзөмөлүндөгү деңизге айланат. Мындан тышкары, Швеция НАТОго кошулса, анын Готланд аралы да НАТОнун көзөмөлүнө өтөт. О.э. Россиянын бул региондо ыкчам иш алып барышы, аскерий машыгууларды жана манёврларды өткөрүшү, ал тургай, региондо туруктуу таасиринин мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеши кыйын болуп калат. Бул жерде Швеция беш ультра заманбап суу астындагы кемеге ээ экенин да назардан качырбоо керек. Бул суу астындагы кемелер – Польша жана Германия флотторуна кошумча – Россиянын региондогу ар кандай аскерий аракетин блокада кылат.

Экинчи:

Аскерий көз караштан караганда, Финляндия жана Швециянын альянска кошулушу Кремлди өтө татаал жана кыйын тандоолорго кептейт. Суук согуштан кийинки эң кооптуу абал катары, бул нерсе аскерий жана стратегиялык тараптары менен гана чектелип калбайт. Себеби, саясий жактан алганда Кремль НАТОнун чыгышка кеңейүү коркунучун алдын алуу жана кошуна Украинада НАТО таасирин күчөтпөө сыяктуу ураандар менен Украина согушуна кирген. Демек, Финляндия жана Швеция альянска кошулгандан кийин эмне болот? Шексиз, бул нерсе Украина согушунун эң олуттуу саясий акыбеттеринин бири болот. Себеби, НАТО Санкт-Петербург шаарына дээрлик 200 километр аралыкка келип калат. Бул болсо, президент Владимир Путиндин амбицияларына олуттуу саясий сокку болуп, Украинага каршы бул сыяктуу олуттуу акыбеттерди эсепке албастан жасалган согуш канчалык максатка ылайыктуу болгону жөнүндө Россия ичинде суроолорду пайда кылат!

Үчүнчү:

Финляндия жана Швециянын НАТОго кошулушу Батыш менен Кытай ортосундагы карама-каршылыкты күчөтөт. 2022-жылы июнь айынын аягында Мадридде өтө турган НАТО саммитинде Кытай таасирине каршы күрөшүү миссиясы НАТО стратегиясында өзгөчө баса белгилениши күтүлүүдө. Бул нерсе НАТО тарыхында алгачкы ирет болууда. Эч кимге сыр болбогондой, НАТО Батыш дүйнөсүнөн сыртка чыгуу амбицияларына ээ. Ошондуктан, Япония, Түштүк Корея, Австралия жана Жаңы Зеландия тышкы иштер министрлерине бул саммитке катышуу үчүн чакыруу берилди… Ушул көз караштан алганда, Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчө болуу жөнүндөгү расмий арызы АКШ президенти Жо Байден үчүн саясий жеңиш, Путин үчүн ийгиликсиздик, Кытай жетекчиси Си Цзиньпин үчүн кооп-коркунуч болуп эсептелет.

Төртүнчү:

НАТО – Экинчи дүйнөлүк согуштан көп өтпөстөн түзүлгөн, учурда 30 мамлекеттен турган союз. Түркия союзда АКШдан кийинки экинчи ири аскерий күч болуп эсептелет. Бирер мамлекет НАТОго мүчө болуу үчүн арыз тапшырса, альянстын мүчөлөрү аны бир добуштан макулдашы керек. Бул эки Европа мамлекетинин НАТОго мүчө болушуна Түркиянын вето коюшунун мааниси да ушул жерде… Негизи, Түркия 70 жыл мурун альянска мүчө болгондон бери НАТОнун кеңейишин расмий түрдө колдоп келген. Бүгүн Эрдаган төрт себепке ылайык Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршылык билдирүүдө:

  • Мамлекет экономикалык кризиске кептелип турганда Эрдаган бийликте калууга аракет кылып жатат. Лиранын кунсузданышы себептүү Түркиядагы инфляция 3 орундуу санга көтөрүлдү. Натыйжада, эбак эле термелип турган экономикалык кризистин баткагына дагы да терең батты. Бул жагдай 2023-жылдагы шайлоо алдында президент үчүн бир нече проблемаларды пайда кылып, Эрдагандын позициясын дээрлик 20 жыл мурун бийликке келгенден бери болуп көрбөгөндөй күчсүз абалга түшүрүүдө. Соңку сурамжылоолорго ылайык, аны колдоо улам төмөндөөдө. Ушул себептен улам, Эрдаган Финляндия жана Швециянын НАТОго кошулушуна каршы болгондйо көрүнүп, альянска басым өткөрүп жатат жана ушул аркылуу мүчө мамлекеттерден экономикалык жана аскерий жардамдарды үмүт кылууда. Бул болсо, шайлоо алдында Эрдаганга карата колдоону көбөйтөт.
  • Эрдаган Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болуу маселесин Түркия-Сирия чегарасында күрд куралдуу топторунан тазаланган буфер зона түзүүнү камтыган көп жылдан берки өзүнүн максатына жетүү үчүн мүмкүнчүлүк деп билип жатат. Түркия азат кылынган аймактарды кеңейтип, оппозициянын сөзүнө ылайык, проблема туудуруп жаткан сириялык качкындарды бул аймактарга көчүрүшү мүмкүн. О.э. Сириядагы аскерий операциялар да Эрдаганга карата ишенимди айгинелеп турат. Т.а. Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушунда Батыш Анкаранын жардамына муктаж болуп турганда, Эрдаган бул сыяктуу операцияларга Батыштын каршы чыкпашын билип жатат. Келерки жылкы оор шайлоого даярдык көрүлүп жатканда Эрдагандын аскерий операция өткөрүү туурасындагы билдирүүсү да улутчулдардын колдоосун күчөтүүгө каратылган. Белгилүү болгондой, тарыхта чегараларда өткөрүлгөн аскерий операциялар Эрдагандын рейтинги жогорулоосуна кызмат кылган. Ушул себептен улам, экономикалык проблемалар күчөп жатканда социалдык сурамжылоолор Эрдаганды жана анын «Адилет жана Өнүгүү» партиясын колдоо азайып баратканын көрсөтүп жаткан учурда Эрдаган баштаган аскерий операциялар ишке ашырылууда.
  • Эрдаган Америка президенти менен жолугушууга шашып жатат. Өткөн апрель айында Эрдаган журналисттерге берген интервьюда Байден менен мамилеси мурунку президенттер Дональд Трамп жана Барак Обама менен болгон мамилелердей болбой жатканына даттанган: «Эрдаган айтат: «Албетте, маал-маалы менен жолугушуулар болуп турууда. Бирок, алар дагы да өнүгүшү керек. Мен кийинки жараяндарда буга жетишебиз деген үмүттөмүн». (https://arabic.cnn.com, 2022-жыл, 24-май). Башкача айтканда, кеп бул жерде Швеция жана Финляндия жөнүндө болбой жатат. Эрдаган бул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, түркиялык кесиптешин өзүнөн алыста кармап келген Байден менен жолугушууну тездетмекчи болууда.
  • Эрдаган Батыштан күрд куралдуу топторуна көрсөтүлүп жаткан жардамдарды токтотууну жана «Хизмет» кыймылынын мүчөлөрүн тапшырууну каалап жатат. Ал дагы эле «Хизмет» кыймылынын мүчөлөрүн куугунтуктоону улантууда: «Tүркияниын «Заман» гезити маалымдагандай, өкмөт 40 адамды камакка алуу жөнүндө ордер берген. Алардын арасында даъватчы Фетхуллах Гулендин «Хизмет» кыймылына таандык деп айыпталып кызматтан бошотулган мамлекеттик кызматкерлер жана аскерийлер да бар. Гезит издөөдөгү адамдарды колго алуу үчүн Стамбул жана Анкарада, көптөгөн шаарларда коопсуздук кампаниясы башталганына көңүл бурган…». (https://www.zamanarabic.com/, 2022-жыл, 1-июнь). Батыштын күрд куралдуу топторун колдоп-кубатташына келсек, Европа Союзу Күрдстан Жумушучулар Партиясын (PKK) террорчу уюм деп эсептесе да, көптөгөн Европа мамлекеттери Анкаранын назарында PKKнын Сириядагы канаты болгон Демократиялык Союз Партиясынын (PYD) аскерий канаты болгон Элдик Коргоо Отряддарын (YPG) курал-жарак менен камсыздап келген. Ошондуктан, Түркия курал менен жардам көрсөтүүнү кескин сындап келет. О.э. Анкара кээ бир Европа мамлекеттеринде күрд уюмдарынын өкүлдүктөрү ачылып, уюмдун мүчөлөрү тосуп алынышына о.э. Европа аймагында саясий иш-чараларды өткөрүүсүнө уруксат берилишине каршылык билдирип келет. Көпчүлүк Европа мамлекеттери аларды экстрадиция кылуу туурасындагы Анкаранын талаптарына жооп бербеген. Эрдаган Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчө болушуна Түркиянын каршы экенин айтып, бул маселени күн тартибине алып чыгып, ушул маселеден пайдаланып, Батыш тарабынан күрд куралдуу топторуна берилип жаткан жардамды токтотууга же азайтууга о.э. «Гулен тобунун» мүчөлөрү экстрадицияланышын камсыздоого аракет кылып жатат.

Бешинчи:

Учурда бир тараптан Түркия, экинчи тараптан Швеция, Финляндия, АКШ жана НАТО мүчөлөрү ортосунда кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анкара Стокгольм жана Хелсинкинин альянска колушун макулдоонун акысына өзүнүн талаптарынын бир бөлүгүн аткартууга аракет кылууда. «2022-жылы 18-майда Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калин Германия, Швеция, Финляндия, Британия жана АКШдагы жогорку кызматтагы расмийлер менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүү Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушу жөнүндө болду…». (https://futureuae.com, 2022-жыл, 27-май). «Ушул күнү Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен Нью-Йоркто «Түркия-Америка стратегиялык механизминин» биринчи жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууда Швеция жана Финляндиянын НАТОго кирүү маселеси талкууланды». (https://mubasher.aljazeera.net, 2022-жыл, 18-май).

Алтынчы:

Ушуга ылайык, Түркия Европа мамлекеттери жана АКШ менен Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчө болушу туурасында келишүүгө барышы күтүлөт. Азыркы маалыматтарга ылайык, бул эки мамлекеттин НАТОго мүчө болушун бүтүндөй тосуу үчүн Анкаранын акырына чейин бут тиреп турушу ыктымалдан алыс. Анкара жогоруда айтылган төртүнчү беренедеги төрт пунктта аны канаттандырган кээ бир нерселерге жеткенден кийин, ал тургай, бул нерсе бир аз убакытты талап кылса да, акыры макул болушу күтүлөт. Мурун да ушуга окшош окуя болгон… Мисалы, 2009-жылы Даниянын мурунку премьер-министри Андерс Фог Расмуссендин НАТОнун башкы катчысы болуп дайындалышына Түркия каршы чыккан. Бирок, бир канча убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия альянстын саясий жана аскерий чөйрөсүндөгү аны канааттандырган кызматтарды алуу акысына Расмуссендин НАТОнун башкы катчысы болушуна макулдук берген.

 

                                                                                                                                           2-зулкаъда, 1443-х.

                                                                                                                                                 1июнь, 2022-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here