Садыр Жапаров: “Июнь окуялары” кайталанбашы үчүн жалпы идеология керек

232
0

Садыр Жапаров: “Июнь окуяларыкайталанбашы үчүн жалпы идеология керек

 Кабар: Президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад облустарында 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь окуяларынын 12 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады.

 Жапаровдун пикиринде, ошондо “тышкы күчтөр, ички сепаратисттер элди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашкан”. Президенттин айтымында, бул каргашалуу күндөр “бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далилдеген”.

“Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. “Мен – кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир жаранга өлкө үчүн жооптуу экендигин сездирди”, – деди Жапаров.

 Ал: “Мындан ары кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек”, – деп белгиледи.

Комментарий: Эгер Жапаров чындап эле Кыргызстан калкын жалпы идеология негизинде бириктирүүнү кааласа, анда кыргыз калкы кабыл алган акыйда жана ушул акыйдадан келип чыккан идеология аркылуу гана бириктириши мүмкүн. Мындан башка – мусулман калктын акйыдасына тескери келген демократиялык-капиталисттик идеология да, улутчулдук жана мекенчилдик идеологиялары да элди бириктире албайт. Себеби, мусулмандар демократияны эч качан кабыл алышпайт. Анткени, бул идеологиянын негизи да, дүйнөкарашы да, баалуулуктары да мусулмандардын ыйманына бүтүндөй  тескери келет.

Улуттук идеология болсо, ал тургай бир мекенде жашап жаткан түрдүү улуттун өкүлдөрүн да бириктире албайт. Себеби, эч бир улут өзүнүн үстүнөн башка бир улут өкүмдар болушун каалабайт. Тескерисинче, бул идеология бир мекенде жашап жаткан түрдүү улуттар ортосундагы жаңжалдарга себеп болушу мүмкүн. Убактылуу өкмөт өз бийлигин сактап калуу үчүн 2010-жылы июнь окуяларында дал ушул улутчулдук пикирине таянган.

Ал эми мекенчилдик идеологиясына келсек, бул идеология бир мекендеги калктарды согуш абалында гана бириктирүүгө жарашы мүмкүн. Мисалы, бүгүнкү күндө Россия баскынчылыгына каршы украиналыктар бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биригип кетишкени сыяктуу. Адамдын жашоосу көбүнчө согуштарсыз, тынч өткөнү себептүү бул идеологиянын тынчтык абалында эч кандай мааниси жок. 

Тыянактап айтканда, адамдарды улуту, расасы жана жашап жаткан мекенине карабастан жетектөөгө жана бириктирүүгө кудуреттүү болгон бирден-бир туура идеология – бул Ислам идеологиясы. Ушул идеология гана мусулмандарга эле эмес, бүтүндөй адамзатка кадыржамдык, жыргалчылык жана өнүгүнү камсыздап бере алат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here