Президент Жапаров: этносторду бириктирген жалпы идеология керек

43
0

Президент Жапаров: этносторду бириктирген жалпы идеология керек

Июнь окуясындай кагылыштарды мындан ары болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология керек. Бул тууралуу калабанын 12 жылдыгына карата кайрылуусунда президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Ош менен Жалал-Абад шаарларында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер, душмандар элди бөлүп-жарууга аракет кылышкан.

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бектур Асановдун пикиринде, окуяга кылмыш дүйнөсү, ички-тышкы саясий күчтөр менен чет элдик атайын кызматтар аралашкан.

«”Каралардын” деле башы экөө эмес. Алар жөн эле улут аралык маселеге аралашып, кырдаалды курчутуп, мамлекетке бүлүк салып, бийликке каршы чыга алышпайт. Аларды мындай иштерге багыттап уюштурган, көзөмөлдөп турган атайын кызматтар бар. Бул жерде “кайсы чет өлкөнүн атайын кызматы буга кызыкдар болгон?” деген суроо туулат. Анткени, биздеги кылмыш дүйнөсү Орусиянын кылмыш чөйрөсү менен байланышта. Кылмыштуу топтордун башчылары ошол жактан криминалдык макам алышат. Ал эми Орусиядагы кылмыш дүйнөсү бул өлкөнүн атайын кызматтарынын көзөмөлүндө турат. Эми биздеги жергиликтүү уюшкан кылмыштуу топтордун этнос аралык кагылыштын башында туруп, аралашканына эмне түрткү болгонун жана буйрук каяктан болгонун түшүнсөк болот», деди Асанов.

Ал июнь окуясынын жыйынтыгы менен Кремл Кыргызстандагы маңзат каналдарын, кылмыш дүйнөсүн жана эң башкысы саясий чөйрөнү толук көзөмөлгө алганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Убактылуу өкмөт июнь окуясында Ош менен Жалал-Абадда эки тарапка тең ок чыгарып, кырдаалды курчуткан куралдуу жалданма топтордун пайда болгону тууралуу билдирүү жасаган. Ошол кездеги укук коргоо органдарын жетектеген аскердик комендатура 21 жалданма көзгө атар кармалганын жарыялаган. Кийин алардын улут аралык кагылышка катышы тергөөдө аныкталбай калганы белгилүү болгон. Маселен, Ош шаарындагы ликер-арак заводунун имаратынын үстүндө бири жок кылынып, экинчиси оор жарадар абалында кармалганы айтылган азият улутундагы снайперлердин видеосу чыккан менен алардын өздүгү такталган эмес. Буга окшогон учурлар бирөө эле эмес. Бир топ материал болгон. Алардын такталбай, атайын унуткарылганынын себеби, жалданма аскерлер Орусияга таандык болгон. Муну Асановдун пикири да тастыктап турат. Ал Орусия президентинин ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Рушайло менен Кыргызстандагы элчиси Власов ага кызматташуу тууралуу сунуш айтканын билдирген. Орусия мамлекетте референдум өтүп, парламенттик башкарууга өтсө анда Кыргызстан Грузия менен Украинага окшоп Американын этегин кармап кетүүсүнөн кооптонгон. Мындан улам, июнь окуясын иликтеген “Улуттук комиссия” болушунча Орусиянын айыбын жаап, кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү айыптаган корутунду чыгарган.

Андан кийин Убактылуу өкмөттөгү батышчыл кадрлар окуяны Эл аралык комиссия иликтөөсүнө уруксат берген. Эл аралык комиссиянын иши, негизинен, окуяны Россия уюштурганын ачуу менен, Россия колонизаторлугуна сокку уруу болгон. Ошондуктан, анын иши АКШ, БУУ, ЕС жана башка Батыш уюмдары тарабынан колдоого алынган. Бирок, анын артынан парламенттик комиссия Батыштын кийлигишүүсүн сүрүп чыгаруу үчүн түзүлүп, эл аралык комиссиянын жетекчисин “персона нон-грата”га айландырган.

Демек, “Ош окуясынын” башкы оюнчусу Орусия болгону айдан ачык болгонуна карабай, ар келген бийлик кандуу каргашанын жүзүн ачууга батына албай келет. Анын ордуна окуяны бийлигин сактап калуу үчүн ишке ашырып берген Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө кылмыш иши козголууда. Мында да саясий кызыкчылык негиз кылынган.

Маселен, эки апта мурун дал ушул иштин алкагында ошол кезде бийликте болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асановго айып тагылды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча шек саналып жатат.

Атамбаев доорунда да июнь окуяларын кайрадан тергөө маселеси козголуп, 2016-жылы Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтөөнү тапшырган. Буга Атамбаевдин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушуна Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандыгы себеп болгон. Атамбаевдин июнь окуяларын кайрадан тергөө аркылуу Убактылуу өкмөттү коркутуусу жемишин берип, алар конституцияга өзгөртүү киргизүүгө ашыкча каршылык көрсөтүшпөдү. Конституцияга өзгөртүүлөр киргенден кийин болсо июнь окуясын иликтөө кайрадан унутулуп “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”.

Жапаровдун өкмөтү да Россиянын колдоосуна таянып, өлкөдөгү батышчыл күчтөрдүн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн олуттуу каршылыгына карабастан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрдү. Мыйзам боюнча, 11-апрелде өткөрүлгөн референдумдун расмий жыйынтыгы 35 күндүн ичинде жарыяланышы керек. Жапаров референдумдун алдында, башкача айтканда 5-апрель күнү УКМКга июнь окуяларын кайрадан тергөө тапшырмасын берип, бул аркылуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн “эскерткен” болчу. Ошол тапшырманын натыйжасында референдум тынч өтүп, Жапаров көздөгөнүнө жетти. Учурда да бул натыйжалуу тактиканы улантып жатат. Эгер оппозиция каршылыгын токтотсо 2016-жылдагы сыяктуу эле бул иш “унутулат” же үстүртөн каралып жабылып кетет. Себеби, эгер иш калыстык менен текшериле турган болсо, кылмыштын артында Россиянын изи чыгып калат. Буга бийлик да кызыктар эмес. Биздин малай акимдер элге ушунча зыян жана кырсыктар жетип турган кезде, орустун ыпластыгын айта алышкан жок.

Проблеманын негизи мына ушунда. Тагыраагы, биз бийликти ишенип тапшырган жетекчи саясатчыларыбыз ачкөз жана саясий популист экендигинде. Бул бактысыз жасалма саясатчылар креслолорун ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн гана аракет кылышат. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ар дайым эле ыраазы боло беришпейт. Кожоюндары кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат.

Чындыгында, 2010-жылы июнь айында дини, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосунда кайгылуу окуя жүз берген эле. А бирок, бул окуя табигый келип чыккан эмес. Бул кандуу окуяларды кыргыз өкмөтү күч түзүмдөрүндө таасирге ээ болгон орус генералдарынын көрсөтмөсү менен уюштурган. Кандуу окуялардан кийинки тергөө иштери адилетсиз жүргүзүлүп, Убактылуу өкмөт мындан өз бийлигин бекемдеп алууда пайдаланган.

Жыйынтыктап айтканда, буга окшогон кандуу окуяларды Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу үчүн уюштурат. Ал эми, Батыш өз таасирин кеңейтүү жолунда пайдаланат. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбойт. Үммөт үчүн пайдалуусу кыргызстандык этносторду эле эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарын бириктирген Исламга жүздөнүүсүндө. Ислам гана улутчулдук сыяктуу ыплас пикирлерди коомдон сүрүп чыгарып, коомдо бир туугандык пикирди бекемдейт. Ошондуктан, колонизаторлор мындай ыплас иштерди жасоодон мурун мусулмандарды өз Исламдарынан ажыратууга болгон аракетин жумшашууда. Исламын бекем кармагандарды куугунтуктап, абактар даъватчылар менен толтурулуп жатат. Андыктан,  мусулмандар Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы, үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here