Кулдукка негизделген экономикалык саясат жана түзүмдөр көз карандысыз умматты тикелебейт

179
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кулдукка негизделген экономикалык саясат жана түзүмдөр көз карандысыз умматты тикелебейт

Кулдукка негизделген саясаттар жана экономикалык түзүмдөр көз карандысыз умматты калыптандырышы мүмкүн болбогон соң, Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө «Пакистанда жетимиш жылдык демократия кулдугунан жана капитализм саясатынан кийин кандай натыйжа болду?» деген суроону салып, жооп катары ушуларды баса белгиледи: «Нефть баасы дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлгөндө экономика оорлошо баштады… АКШ федералдык запас системасы пайыз-сүткордук ставкаларды көбөйткөндө доллардын кыйматы көтөрүлдү, Пакистан руписинин кыйматы төмөндөп кетти… Россия Украинага согуш ачканда азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, катардагы адамдар бул бааларга чамасы жетпей калды. Бул кандай экономика – туруктуу жасалма дем алдыруучу аппаратта жашап жаткан жана адамдарды ачкалыктан кыйнап жаткан?! Анын үстүнө, Пакистан өкүмдарлары Эл аралык Валюта Фондунун сунуштарын ишке ашырууга ар дайым даяр болуп турса. Акыйкатта болсо, өлкөнү реанимация бөлүмүнө киргизип койгондор мына ушул Фонд болсо! Пакистан өкүмдарлары Эл аралык Валюта Фондунун сунуштарын ушул убакытка чейин 21 жолу ишке ашырышты, акыбетте бул өлкөнү Батышка толук көз каранды кылып, суверенитет деген сөздү абага учуруп жок кылды».

Билдирүүнүн аягында Пакистан Куралдуу күчтөрүндөгү калыс офицерлерге кайрылып жасалган: «Ооба, силер үчүн мындай демократияга бейтарап позицияда турууну токтото турган убакыт келди! Унутпагыла! Эртең Аллахтын алдына барасыңар, бул төш белги, медалдарыңар жана байлыктарыңар калат, бул нерселерди кайда сарптаганыңар туурасында Аллахка эсеп-кысап бересиңер… Демек, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө нусрат бергиле».

 

Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here