Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун багыты айтылды

306
0

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун багыты айтылды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун Нарын облусунун аймагынан Макмал аркылуу Жалал-Абад облусуна, андан ары Өзбекстанга чейин куруу сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дал ушул маршрут ыңгайлуу деп каралып жатат. Бул долбоордун акыркы маршруту аныкталган соң эл алдына чыгат. Мындан сырткары, Орусия менен бирге Каракече – Кочкор – Балыкчы темир жолунун курулушун баштоо пландалып жатат.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Буга чейин аталган жолдун төрт багыты боюнча варианттар бар экени айтылып келген.

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 6-февралдагы жолугушуусунда да темир жол долбоору талкууланган. Кытай лидери темир жолун куруу жалпы Борбор Азия үчүн маанилүү экенин айткан.

25-январда өткөн Кытай-Борбор Азия жетекчилеринин жыйынында Кытай лидери 2030-жылга карата Борбор Азия менен соода жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 70 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын айткан. Учурда бул көрсөткүч пандемиядан улам 1,5 миллиард долларга түшүп кеткен. Ал эми темир жолдун алдын ала баасы 5 миллиард доллар деп бааланган.

Жогорудан маалым болгондой, темир жол долбоору боюнча Кыргызстан-Кытай ортосундагы келишим түзүлүү астында турат. Бирок, Кытай өкмөтү келишим түзүлүүсү үчүн кыргыз бийлигинин күчтөнүүсүн жана кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо кепилдигин ишке ашыруусун күтөт. Бирок, буга чейинки бийликтер Орусия өкүмзордугунан чыга албагандыктан, бул долбоорду ишке ашырууга батына албай келишкен. Учурдагы бийлик болсо Кочкор-Балыкчы темир жолунун курулушун оруска тапшыруу менен аны да ыраазы кылмакчы.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Муну Кытай да өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турат. Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышууда. Алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында өздөрүнүн экономикасын көтөрүүдө.

Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.
Ал эми, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка колонизаторлуктун зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here