Россия Украинанын чегаралары бойлоп күчтөрүн жайгаштырды

210
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Россия Украинанын чегаралары бойлоп күчтөрүн жайгаштырды

 Устаз Хасан Хамдан

Россия, эгер Америка жана анын союздаштары Москвага коопсуздук кепилдиктерин берүүнү олуттуу карап чыгышпаса, Батыш менен кескин карама-каршылыкка барарын эскертти. Оэ. ал Европада ракета кризиси жүз бериши мүмкүн экенине ишара кылды. Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдин Moсквада маалымат брифингинде берген бул билдирүүлөрү Украина маселесинде Россия менен Батыштын ортосунда мамилелер курчуган о.э. Украина чегараларына жакын жерде Россия армиясы жайгашкан учурда айтылды.

Шейшемби күнү болуп өткөн сүйлөшүүдө Россия президенти Владимир Путин кескиндикти басаңдатуу максатында америкалык кесиптеши Жо Байденден НАТОнун чыгышка кеңейишин токтотуу менен Россияга коопсуздук кепилдигин берүүнү талап кылды.

Россия ушул талабына жооп күтөрүн маалымдаса да, бирок, Рябков «бул кепилдикти күтүү – баёолук» деди. Мунун тушунда, Байден бул согуштун акыбеттери 2014-жылдагы Крым согушунун акыбеттерине караганда өтө жаман болушун баса белгиледи. Т.а. Америка Москвага карата оор санкцияларды колдонууга даяр экендигине, Россияга мурда учуратпаган экономикалык санкцияларды колдонушу аны дүйнөлүк финансы системасынан чыгып кетишине алып келиши мүмкүн экендигине ишарат кылды. Белгилүү болгондой, Россия экономикасы Крым кризисинен кийин АКШ жана Европанын түрдүү санкцияларына учурап келет. Кризистин маңызын үйрөнүү үчүн – Аллахтын жардамы менен – ушуларды баян кылабыз:

Украина кризиси өтө татаал, ал Россия-АКШ-Европа ортосундагы күрөшкө байланыштуу. Бул кризис Россия үчүн негизги жана кооптуу стратегиялык маанилүү маселе. Кооптуу жана маанилүү болгону үчүн Россия мына ушундай аскерий иш-аракеттерди жасап, ушул аркылуу ага ылайык келген дипломатиялык чечимге жетишмекчи болуп жатат. Башкача айтканда, мындай аскерий иш-аракет амалий согуш үчүн болгон жок, эгер андай болгондо, Путин күтүп отурбастан согуш ачмак. Тескерисинче, Путин ушундай аскерий иш-аракетти шылтоолоп, саясий максаттарын ишке ашырмакчы болууда.

Россиянын бул максаттарына келсек, алар – Украинаны НАТОго мүчө болушуна жол бербөө. Украинанын НАТОго кошулушу Россия үчүн кызыл сызык, себеби, Россия Украина анын табигый таасири алкагына кирет, анын улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү деп эсептейт. Ал тургай, Россия Украинаны орус калкынын жалпы этникалык, тарыхий жана маданий туулган жайы деп билет. Путин Украинанын НАТОго мүчө болуу каалоосун реалдуу коркунуч деп эсептешин бир нече жолу айткан. Россия АКШ менен Европанын бул маселедеги басымдарынан кийин эми жан берүүгө таптакыр негиз көрбөй жатат. Белгилүү болгондой, НАТОнун кеңейиши этап менен ишке ашырылган. Мисалы, биринчи кеңейүү: 1999-жылы 12-март күнү болду. Анда Чехия, Венгрия, Польша НАТОго кошулган. Айрыкча, Польшанын кошулушу чоң символдук мааниге ээ. Себеби, Польша мурун Варшава келишиминин штаб-квартирасы болгон.

Экинйи кеңейүү: 2004-жылы 29-мартта болду. Анда Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения кошулду.

Үчүнчү кеңейүү: 2009-жылы апрелден 2017-жылдын 5-июнуна чейин уланды. Анда Албания, Хорватия, Черногория кошулду. Бул арада Украина окуялары, Крым жарым аралынын аннексия кылынышы жана Россия-Украина ортосундагы мамилелердин дээрлик кыйрап жамандашуусу күзөтүлдү.

Бүгүн Путин жана мамлекет ичиндеги мамлекет – Украина Россияга жакын жайгашкандыктан жана Кара деңиздин жылуу сууларына чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан – Украинанын НАТОго кошулушу, бул деңиздин аскерийлештирилиши, Крымдын Россия тарабынан аннексия кылынганы кайрадан каралышы кооптуу экенин түшүнүүдө. Себеби, бул Россияны муунтуп жаткан өмүр же өлүм маселеси болуп эсептелет.

АКШнын максаттары:

1 – Россияга капталынан бычак саюу, ага регионалдык майданда кооп туудуруп, кекиртегинен алуу, бул региондогу мамлекеттерди саясий жана экономикалык жактан АКШнын таасирине киргизүү о.э. Россияга өзүнүн регионалдык майданында шантаж кылуу. Бул нерселер Америка Советтер Союзунун мурасына мурдун тыгып жатканынан ачык көрүнүп турат.

2 – Россияны Кытай менен союздаш болуудан кайтаруу жана Кытайды тизгиндөө стратегиясында Россияны шериктеш кылуу. Америка орустардын менталитетин билгендиктен өзүнүн бул максатын ишке ашыруу мүмкүндүгүн түшүнүп турат. Орустарды ойлондурган негизги суроо – бул нерселердин акысына Америка эмнени сунуштайт экен деген суроо. Ошондуктан, Путин Америкадан ал ыраазы болбой турган нерселерди сурабады, мисалы, Америкадан Крымдын аннексиясын таанууну талап кылган жок, себеби, макул болбошун билет. Америка Крымдын аннексия маселеси бир аз кечиктирилишине же Россияга кээ бир кепилдиктерди берүүгө макул болушу мүмкүн, ал тургай, бул Украина же Европанын таасирине жана кызыкчылыктарына тескери болсо да. Айрыкча, Россия Финляндиянын ошол убактагы эки гигант ортосундагы келишимге ылайык НАТОго кошулбаганын мисал катары көрсөтөт.

3 – Россия-Европа жакындашуусуна жана газ жеткирүү боюнча «Түндүк агым 2» долбоорунун ишке ашышына тоскоолдук кылуу. Америка бул максатын европалык союздаштар үчүн үлкөн геосаясий коркунуч деген шылтоо менен ишке ашырмакчы.

Тыянактап айтсак, Батыш мамлекеттери инсаний баалулукка да карабайт, адам өмүрүн да кадырлабайт. Ушул себептен улам, кризиске учураган мамлекеттердин кызыкчылыктарын эсепке албастан, жалаң гана өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн согуштарды жалындатат. Демек, Украина да анын батыш бөлүгү бөлүнүп чыгышы менен бытыранды болушу мүмкүн, кудум Грузияда болгондой. Же ал жерде ушундай бир федеративдик башкаруу орнотулушу мүмкүн, Россия өзүнө каршы ар кандай токтомду бекер кыла алган саясий үлүшкө ээ болот. Ал тургай, Украина жарандык согушка кириши да мүмкүн. Себеби, бул эки ири мамлекет ортосундагы максаттарда өлкө да, анын калкы да эсепке алынбайт. Бул маселеде учурда кескиндик төмөн болуп турган болсо да же салыштырмалуу тынчтыкка жетишилген болсо да, бирок, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кризистин кайра күчөшү турган кеп. Учурда ал жердеги окуялар кризисти Американын максаттарын жүзөгө чыгара турган баскычка көчүрүү жана андан майнаптуу пайдаланууга карай бара жатат. Америка максаттарынын Украинанын бүтүндүгүнө эч кандай алакасы жок. Мындай абалда калктар алардын үстүнөн оюн жүрүп жатканын түшүнүп жетишмейинче, ал жердеги малайлардын жүрөгү өкүнүчкө толуп, наалаттан баштары чыкпайт.

 

Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here