АКШ менен Фалестин администрациясы ортосундагы экономикалык сүйлөшүү көз карандылыкты бекемдөгө каратылган

153
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ менен Фалестин администрациясы ортосундагы экономикалык сүйлөшүү көз карандылыкты бекемдөгө каратылган

«Кудсул Арабий» веб-сайты хижрий 1443-жылы 9-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 13-декабрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Беш жылдан ашуун убакыттан кийин Фалестин администрациясы оор экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканда шейшемби күнү Фалестин-АКШ ортосунда экономикалык сүйлөшүү болуп өттү.

Бул Фалестин-АКШ мамилелери башталгандан бери экинчи ирет өткөрүлүп жаткан экономикалык сүйлөшүү, биринчиси 2016-жылы болгон.

Фалестин экономика министри Халид Уссайли бул туурасында ушуларды баса белгиледи: «Биз бул сүйлөшүүгө таянып, АКШ өкмөтү мурунку администрациянын саясатын жана эрежелерин кайра карап чыгып, мамлекеттин бюджетин кайра колдоп-кубаттайт жана Фалестин экономикасын колдоону күчөтөт деп айта алабыз. О.э. фалестиндик качкындарга жардам көрсөтүү жана аларды ишке жайгаштыруу боюнча иш алып барган, иш-аракетин кайра баштаган БУУнун UNRWA агенттиги колдоо көрсөтүүнү улантат. Мындан тышкары, Куддуста консулдук ачуу, «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруу жана башка тармактарда жардамдарды кайра баштоо сыяктуу АКШ президенти Жо Байден Фалестин жетекчиси Махмуд Аббаска берген убадаларын аткарат»».

Роя:

Бул кабарга түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өзүнүн электрондук баракчасында билдирүү жарыялап, мындай деди: «АКШ – Ислам Умматынын душманы жана яхудий вужудунун союздашы. Ал муктаждарга жардам берүүчү кайрымдуулук коом эмес. Американын бере турган акчасы ыплас акча. Америка бул акчаларды өлкөбүздөгү өз саясатын жана пландарын ишке ашыруу куралдарынын бири катары, Фалестин администрациясынын үстүнөн саясий өкүмдарлыгын бекемдөө үчүн берет. Америка Фалестин администрациясынын бар болуп турушун да, күчүн да анын буйруктарын аткарууга жана колонизатордук пландарына бекем турууга байлаган. Бул колонизатор мамлекет Фалестин администрациясы үчүн коопсуздук, экономика жана социалдык сыяктуу Фалестиндеги ар бир тармакта кандай саясат жүргүзүүнү майда-чүйдөсүнө чейин сызып берет. Ушул аркылуу Америка «эки мамлекет» чечиминде көөдөлөнгөн өзүнүн колонизаторлук долбоорун ишке ашырмакчы.

Америкачыл көз караш негизинде иштелип чыккан бул «эки мамлекет» чечимине ылайык, яхудий вужудуна мубарек жердин чоң бөлүгү берилет, мунун тушунда Фалестин үчүн кичине мамлекетче курулат. Эч кандай суверенитетке ээ болбогон бул күчсүз мамлекетченин милдети яхудий вужудун коргоо жана Фалестин калкын репрессия кылуу болот. Бул үчүн ал Фалестин калкын көчүрүүгө жана кайратын сындырууга о.э. чыр-чатакка алар каалагандай чекит коюуга каратылган саясатты алып барат. Фалестин администрациясы мына ушундай чечимди ишке ашырууга аракет кылып жатат о.э. аны колдонуу, Фалестин калкын салык жана төлөмдөр менен күчүн алсыратуу үчүн Америкадан ыплас акчаларды алып, анын колдоосуна татып жатат.

Мубарек Фалестин маселесинин чечими Уммат душмандарынан акча алууда эмес, Фалестинди азат кылууда. Негизи, бул душмандар яхудий вужуду Умматтын көкүрөгүнө сайылган уу канжар о.э. Умматка каршы согушта жана анын биригишин алдын алууда негизги таяныч болушун көздөшөт. Умматтын душмандарынан акча алуу бир нерсени гана түшүндүрөт. Ал да болсо, мубарек жерди сатуу о.э. андан баш тартып, яхудий вужудун коргоо үчүн Американын сабында жалданган аскер катары кызмат кылуу.

Мубарек жер эр жүрөк улуу командачы Салахиддин Айюбийдин колу менен азат кылынгандай, Умматтын кошуундары жана тирүү күчтөрүнүн колу менен азат болуу алдында турат. Бул жер Ислам Умматынын мүлкү. Ушул себептен улам, армияларыбыз аракетке келип, өлкөбүздөгү Батышка жалданган режимдерди кулатышы жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелешинин убагы эчак келген. Рошид Халифалык гана Батышты жеңип, өлкөбүздөгү баскынчы яхудийлерди түп тамыры менен жок кылат о.э. бул өлкөдө кеңейүү жана коргонуу үчүн сарпталган ушунча каражаттарын өздөрүнө өкүнүч-кыйроого айлантат.

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ * لِيَمِيزَ اللهُ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ وَيَجْعَلَ الْخَبِيثَ بَعْضَهُ عَلَىَ بَعْضٍ فَيَرْكُمَهُ جَمِيعًا فَيَجْعَلَهُ فِي جَهَنَّمَ أُوْلَـئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ﴾

«Албетте, кафир болгон кимселер байлыктарын Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафир болгон кишилер жаханнамга топтолушат. Аллах жаманды жакшыдан (кафирди момундан) ажыратат, жамандарды биринин үстүнө бирин миништирип, бардыгын тозокко таштайт. Мына ошолор чыныгы зыян тартуучулар»                                                                 [8:36-37]».

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here