Азыр араң турган колонизатор кафир Америкага акыркы чечүүчү сокку берүүнүн учуру

290
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Азыр араң турган колонизатор кафир Америкага акыркы чечүүчү сокку берүүнүн учуру

Мусулмандар Афганистан мужахиддери Кабулду ээлеп алганына кубанып жатышат, ошол эле учурда, колонизатор Американын Пакистан аркылуу өткөн күчтөрүнүн жолун тосуу, Исламабаддагы элчилигин жана Карачидеги консулдугун жабуу о.э. Пакистандын Афганистан мужахиддери менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө ортомчулук ролду аткарышын токтотуу жөнүндө талаптары күчөдү. Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Учурда колонизатор Америка бутунда араң турат. Ушул себептен, чечүүчү сокку берүүнүн учуру келди. Бул сокку Кошмо Штаттар менен болгон бардык аскерий коалицияларга жана экономикалык мамилелерге чекит коюу менен болот…

Душмандарыбыз региондорубуздун дарбазаларынан киришин алдын алуу үчүн эң туура жол – ошол дарбазаларды бекемдеп жабуу. Бул, Пакистан, Афганистан жана Борбор Азияны бир Исламий Халифалык мамлекетинде бириктирүү менен болот».

Билдирүүдө ушулар кошумчаланды: «Биздин кубатыбыз коалицияга кошулууда да, чыгыш-батыштагы душмандарыбыздан жардам суроодо да эмес. Жок, тескерисинче, күч-кубатыбыз Мухаммад ﷺдын Умматын бир мамлекетте, бир куралдуу күчтөрдө, бир экономикада жана Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзгөн бир Халифалык мамлекетинде бириктирүүдө».

Билдирүүнүн соңунда ушулар айтылды: «Эй мусулмандар, бул исламий өлкөлөрдөгү акимдердин ушунча жалганчылыктары, тил бириктирүүлөрү жана кыянаттары жетишет! Алар Умматтын эзип салышпадыбы?! Демек, алардан баш тартып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат бергиле! Халифалык мамлекети гана Умматтын аскерий күчүнөн жана экономикалык потенциалынан пайдаланып, араң турган Американын өлкөлөрүбүздөгү колонизаторлугун жок кылат о.э Халифалыктын регионалдык өкүмдарлыгын кеңейтип, дүйнөнүн биринчи мамлекетине айланат».

 

Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here