بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Булуңдагы танкерлер согушу
Доктор Мухаммад Жиланий
«Танкерлер согушу» деген термин Ирак-Иран согушунда 1980-1988-жылдары пайда болгон. Ал кезде Фарс булуңундагы нефть танкерлерине сокку берилген. Ирак аба күчтөрү Ирандагы нефть портторунун көпчүлүгүн бутага алып, анын нефть экспортуна тоскоолдук кылмакчы болгон. Себеби, «FAW» портун Ирак колдон чыгарган эле. Бул порт Булуңдагы Ирактын жалгыз нефть порту болуп, Ирактын негизги нефть артериясы эле. Ирандын деңиз жана аба соккулары Фарс булуңунун нефть танкерлерине багытталган. Ал бул чабуулдарды Булуң мамлекеттери Иракты колдоп-кубаттап жатканы менен түшүндүргөн. Чабуулдарда негизинен Кувейт нефть танкерлери зыян көргөн. Натыйжада, Кувейт өкмөтү 1986-жылы 1-ноябрда өз танкерлерине эл аралык коргоону талап кылууга мажбур болду. 1987-жылдын башында Советтер Союзунун макулдугу менен эл аралык коргоону алды. Анткени, Советтер Союзу өз танкерлерин Кувейт нефть компаниясына ижарага берген эле. Ошого карабастан, Ирандын аскерий-деңиз кемелеринин чабуулдары токтогон жок жана чабуулдарда эки Советтик танкерлер бутага алынды. Бул ишке Советтер Союзунун аралашуусу Американы 1987-жылы 7-мартта өз деңиз күчтөрү менен аралашууга жана Кувейт танкерлерин коргоого үндөдү. Натыйжада Кувейт танкерлери АКШ байрагын көтөрүүгө мажбур болду. Бул согуштун натыйжасында келип чыккан зыян миллиарддаган доллар деп бааланган… Мындан тышкары, согуш экологиялык, инсаний жана материалдык зыяндарга себеп болгон. Изилдөөчүлөр баса белгилешинче, бул согуш 546 соода кемесин бутага алган, алардын 259у нефть танкерлери же нефть продукцияларын ташыган танкерлер болгон. Чабуулдарда 430га жакын деңизчи каза болгон.
Шек-күмөнсүз, Фарс булуңунун сууларында жүз берип жаткан танкерлер согушу – региондогу таасир талашуу күрөшү. Себеби, бул регион нефть ташыган жүздөгөн танкерлерге толуп ташып, бу танкерлер нефтини Булуңдагы эң маанилүү булактардан Европа, Кытай жана АКШга жеткирип берет. Бул туруктуу күрөштө Американын таасири астындагы мамлекет Иран Американын кызыкчылыгын коргойт. Мунун тушунда, Британия Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки колонизаторлук заманынан баштап региондо өзүнүн үлкөн жана байыркы таасирин сактап келүүдө, Фарс булуңу мамлекеттеринин көпчүлүгү анын таасири астында. 1980-жылда болгондой, бүгүн да танкерлер согушунун артында стратегиялык максаттар жатат о.э. бул стратегияны регионалдык жана дүйнөлүк саясатта таасирге ээ мамлекеттер жүзөгө чыгарууга аракет кылышууда. Төмөндө ушул максат жана кызыкчылыктарды баян кылабыз:
Экономикалык тармакта эки маанилүү фактор бар: биринчиси, нефть жана анын баасына байланыштуу фактор болсо, экинчиси, деңиз транспортуна байланыштуу фактор.
Нефть тармагын алсак, нефть танкерлерине болгон чабуулдар нефть баасына оң жана терс таасир көрсөтөт. Бир тараптан, бул чабуулдар нефть жеткирип берүү линияларына коркунуч туудурат. Бул болсо, базарга бөлүнгөн нефть көлөмүнүн азайышына, арийне, баалардын кымбатташына алып келет. Америкага мына ушул нерсе керек. Себеби, бул нерсе ушул баскычта ири көлөмдөгү доллардын алмашуусуна жардам берет. Себеби, Америка коронавирус пандемиясынын акыбеттерин жоюу жана өз экономикасына коркунуч туудуруп жаткан финансылык кризисти кечиктирүү үчүн ири көлөмдө доллар басып чыгарган. Башка тараптан алганда, бул Американын нефть компанияларын колдогон стратегиялык максат. Себеби, анын компаниялары нефть баасынын көтөрүлүшүнөн өтө чоң киреше табышат. О.э. ал тарыхта биринчи ирет Россия менен бирге болду, Россия анын Сирия жана Ливиядагы согуштарында жанында турду, Азербайжандын Армениядагы иштерине унчукпады… Мына ушулардан кийин Америка нефть баасын жогору кармап туруу менен өзүн Россияга жардам берип жаткандай кылып көрсөтүүдө. Дагы бир тараптан, танкерлер согушу финансылык базарда нефть бааларынын төмөндөп кетишине алып келиши мүмкүн, себеби, инвесторлор нефть фючерстеринин баасына акча саюудан коркушат жана мындан өздөрүн алып качышат, акыбетте бул нерсе нефть баасынын төмөндөп кетишине себеп болот. Булуңдагы акыркы танкерлер согушунда нефтинин баасы төрт ай ичинде эң төмөн көрсөткүчкө түштү, кийин танкерлерге чабуулдар уюштурулгандан мурунку баага кайра көтөрүлдү. Бул баскычта нефть баасын түшүрүү демилгесинин артында Британия турганы анык. Айрыкча, ал Булуңдагы кризисти күчөтүүгө урунуп жатканын жана Иранды тыйып коюу үчүн күч колдонууга чакырышын этибарга алсак, ушуга далалат кылып жатат.
Эми деңиз транспортуна байланыштуу факторго келсек, Америка өзүнүн Чоң жетилик мамлекеттердеги союздаштары менен бирге Кытайдын экономикасына басым кылууга жана таасир өткөрүүгө аракет кылууда. Муну ишке ашыруу үчүн транспорттун бааларын кымбаттатуунун натыйжасында Кытай товарларынын бааларын кымбаттатты. Арийне, кемелерди каракчылык чабуулдарына таштап коюу транспорт флотун кайрадан эл аралык коргоону, айрыкча, АКШнын коргоосун талап кылууга мажбур кылат… Акыбетте бүткүл деңиз транспортунун баалары көтөрүлөт… Бул болсо, мисалы, Кытайдын товарларды жакшы баада экспорт кылуу жөндөмүнө терс таасир кылат.
Саясий жакка келсек, Америка Булуң аймагынан өткөн нефть танкерлерине жана кемелерине ар дайым коркунуч салып келет. Натыйжада мамлекеттер, өзгөчө Булуң мамлекеттери аларды кемелери Булуң сууларынан тынч өтүшүн камсыздашы үчүн Америкадан аскерий коргоо талап кылууга мажбур болушат. Мисалы, Фарс булуңунун булактары ачыктаган маалыматтарга ылайык, Ирак-Иран согушунда, кийин Сомали каракчыларынын чабуулдары учурунда коопсуздукту камсыздаган кемелерге кайрылуулар болгон.
Бир тарапта Иран, экинчи тарапта АКШ жана Европа ортосундагы ядролук келишимге кол коюу жакындашып жатканда, яхудий вужуду мындан тынчсызданып жаткандай көрүнөт. Ал Иран ядролук программасы ядролук курал үчүн керектүү уранды байытуунун алдыңкы баскычына жетишинен коркууда. Себеби, бул жагдай Жакынкы Чыгышта Иран менен яхудий вужудунун ортосунда стратегиялык тең салмактуулукту пайда кылат. Арийне, яхудий вужуду анын кемелеринин бири катышкан бул согушту аскерий жактан бекемделүү үчүн мүмкүнчүлүк деп эсептөөдө. Ал бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ирандын ядролук имараттарына сокку берүүнү үмүт кылууда. Бул жөнүндө яхудийлер жетекчилери бир нече ирет билдирүү беришкен. Ушул себептен улам, Америка өзүнүн разведка директорун яхудийлерге жөнөтүүгө жана Иранды коргоп, аларды тыйып коюуга мажбур болду.
Сөзүбүздүн аягында ушуларды баса белгилейбиз, танкерлер согушунун эң кооптуу жагы – мусулман өлкөлөрүндөгү суу жолдору кафир мамлекеттер үчүн дагы эле колонизаторлук каражаты болуп жатканы. Алар бул жолдорубуздан исламий өлкөлөрдө өз таасирлерин жана өкүмдарлыктарын орнотууда пайдаланышууда. Түпкүлүгүндө, Фарс булуңу эл аралык системаны жана абалды Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгына бурууда о.э. мусулмандардын күч-кубатын бекемдеп, алардын дүйнөлүк даражада таасирлерин күчөтүүдө мусулмандар халифасынын колундагы каражат болушу зарыл.
Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.