Европа Союзунун Борбор Азия боюнча өкүлү Кыргызстанга келди

294
0

Европа Союзунун Борбор Азия боюнча өкүлү Кыргызстанга келди

 Кабар: Европа Союзунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

 Хакала эки күндүк сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков жана акыйкатчы Токон Мамытов менен жолугушат.

 Кабарда келишинче, жолугушууда саясий диалогдун алкагында Европа Союзу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусу, Кыргызстандагы саясий жараяндар, парламенттик шайлоо талкууланат.

 Мындан тышкары, алдыда боло турган жарандык коомдун жана экономикалык форум, аймактагы кырдаал жана Афганистандагы абал боюнча маселелер тууралуу сөз болору айтылган.

 Эки тараптуу жолугушуулардан тышкары Хакала дипломатиялык коомчулук, Европа Союзуна мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушат.

Комментарий: Кыргызстанда Батыш сакафаты жана дүйнөкарашы күчөп, батышка ыктаган саясий чөйрө калыптанып барууда. Былтыр парламенттик шайлоодон кийин жүз берген кезектеги төңкөрүштө да негизги ролду батышчыл күчтөр ойноду. Ошондо Россия өзү түздөн-түз аралашып, кырдаалды көзөмөлдөп калууга жетишти. А бирок, Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин ага карата “салкын” мамилеси жана быйыл апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында ачык эле Тажикстанды колдошу өкмөттүн да Россияга болгон “ыкласын” муздатып жиберди. Ошол себептен да кыргыз бийлиги мүмкүнчүлүк болору менен Россиянын таасиринен качып, Батышка жакындашууга аракет кылууда.

Евробиримдик да мүмкүн болушунча Кыргызстандагы сакафий колония таасирин күчөтүүгө аракет кылууда. Терхи Хакала сыяктуу өкүлдөр Кыргызстандагы Батыш хазаратынын таасирин жана бардык өкмөттүк эмес уюмдардын мүмкүнчүлүгүн текшерип, Батышка караштуу күчтөрдүн бардыгын шыктандырып кайтат. Себеби, жарандык коомдор менен укук коргоочу уюмдардын дээрлик бардыгы Батыштын материалдык жана каржылык колдоосуна таянышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here