Тажикстан жана Кыргызстан коңшу мамлекеттин паспортун алып жүргөн жарандарды депортация кылууда
Кыргызстан соңку бир нече күндө тажик паспорту бар 42 адамды өлкөдөн чыгарып жибергени кабарланды. Алардын көпчүлүгү Тажикстандын Лахш районунун тургундары жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери экендиги маалым болду.
Лахш районунун акими Файзулло Баротзода депортация кылынгандар тууралуу маалымат берип: “Алардын баары коронавируска тест тапшырган. Азыр үйүндө. Арасында балалуу үй-бүлөлөр да бар, калгандары студенттер. Бешөөнүн кош жарандуулугу бар”, – деди.
Лахш райондук жетекчилиги жергиликтүү тургундар Кыргызстандан 3, 4 жана 6-май күндөрү депортация кылынганын билдирди.
Бул арада кыргыз басылмалары – Eurasia Today, “АкиПресс” жана 24.kg Тажикстан Лахш районундагы кыргыз паспорту бар жашоочуларды депортациялап жатканын жазышты. 24.kg “мигранттардын ” туугандарынын айткандарына таянуу менен тажик бийлиги паспортун алмаштыруудан баш тарткандарды депортациялап жатканын кабарлады.
Алар: “Дароо белгилеп коелу, эч ким мажбурлаган жок, кысым жок. Кыргызстан жарандарын акимчиликке чакырып, кыргыз паспортунан баш тартууну, бир айда тажик паспортун алууну сунушташууда. Көбү макул болуп, Тажикстанда калды. Каршы болгондорду өлкөдөн чыгып кетүүнү сурашты”, – дешкен.
Белгилүү болгондой, Россия Орто Азияда ким “кожоюн” экендигин көргөзүп коюу үчүн чыгарган кыргыз-тажик чек ара жаңжалында негизинен карапайым жарандар курман болуп, жабыр тартышты. Кыргыз бийлиги менен тажик бийлиги бул кандуу калаба артында Россия тургандыгын анык билип туруп да, ага каршы бир сөз айтууга же бирер аракет кылууга батына алышпады. Тескерисинче, алар бири-биринен “өч алууга” киришип кетишти. Расмий бийликтердин бул тирешинде да карапайым жарандар жабыр тартууда. Эки өлкөнүн бийлиги Россия менен ар кандай мамилени үзүүнүн, анын таасирин өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн ордуна, “паспорту жок” деген шылтоо менен адамдарды үй-бүлөсүнөн ажыратып депортация кылышы жана студенттерди чыгарып жатышы – бул “жамандын күчү жапалакка” жеткени эмеспи.
Абдурахман Адилов