Кыргызстан Кумтөрдөн 3 миллиард доллардан ашык каражат өндүрмөкчү

226
0

Кыргызстан Кумтөрдөн 3 миллиард доллардан ашык каражат өндүрмөкчү

Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр голд” компаниясына 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун 7-майдагы чечиминде айтылат. Мындан сырткары канадалык компания 1 миллиард 300 миллион сом пошлина төлөп бериши керек.

Ал эми бизнес-омбудсмен институту Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөөрүн билдирди. Анткени, бул институт капиталисттердин гана укугун коргоо негизинде иш алып барат.

Учурда Кыргызстандын бюджети кризистик абалга кептелип, сырттан карыз алуу муктаждыгы күн санап өсүп жатат. Ал эми эл аралык каржы уюмдар өлкөгө карыз берүү үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүү, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү сыяктуу өз шарттарын коюп жатышат. Мындан улам, бийлик өлкөдөгү негизги кирешелүү тармак болгон Кумтөрдөн каражат өндүрүү аракетин көрүүдө. А бирок, учурда капиталисттик система жана анын куралдары болгон эл аралык уюмдар чет элдик компаниялардын кызыкчылыгын коргоо үстүндө иш алып барат. Демек, иш эл аралык соттошуудан ары өтпөйт. Ал эми эл аралык сотто Кыргызстан өкмөтү утуп чыгары даркүмөң.

Жыйынтыктап айтканда, Кумтөр кени иштеп баштагандан бери чет элдик компания гана түшүмүн көрүп келүүдө. Андан калган жуктарын болсо жергиликтүү аткаминерлер ортомчу болуп бөлүшүп алууда. Карапайым элге болсо мамлекет “Центерраны” эң ири салык төлөөчү компания катары көрсөтүп көз боёмочулук кылууда. Болбосо, ушул күнгө чейин элдин колуна бул алтын кенден эч кандай үлүш берилбеген. Анткени, бүгүн биз жашап жаткан капиталисттик система дал ушул капиталисттердин гана укугун коргоп, аларга дүйнөнүн кай жеринде болсо да шарт түзүү үчүн курулган. Ал эми карапайым эл алардын арзан жумушчу күчү катары каралат. Негизи Исламий көз караштан алганда, кен байлыктар жалпы элдики болуп, андан түшкөн пайда элдин колуна түз тийип турушу шарт. Ошондой эле, жалпы элдик мүлккө мамлекет дагы, чет элдик компания дагы, жеке адам дагы ээлик кыла албайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here