Түркмөнстанда полиция сакалдууларга арак ичирүүдө

313
0

Түркмөнстанда полиция сакалдууларга арак ичирүүдө

Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү полиция “исламий көрүнүштөгү адамдарга ” кысым көрсөтүп, аларды сакалын алууга жана арак ичүүгө мажбурлап жатат. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, полиция бул багытта тынымсыз рейддерди уюштуруп жатат.

Кабарда келишинче, өткөн аптада негизинен Фарап жана Чаржоу шаарларында өткөрүлгөн рейдде 55тен  жогору жаштагы салтка ылайык сакал койгон жана намаз окуган адамдар жергиликтүү бийликке чакыртылып, алар менен “түшүндүрүү иштери” жүргүзүлгөн.

Рейд учурунда полиция көчөдө бара жаткан сакалдуу адамдарды токтотуп, “диний экстремизм” жана “вахабизм” шеги менен полиция бөлүмүнө алып барышкан. Ошондон кийин сакалдуу адамдарды арак ичүүгө мажбурлашкан.

Фараптагы рейд учурунда полиция бир үйдө намаз окуганы чогулган 10 адамды кармаган. Алардын бардыгына “карантиндик эрежени бузуу” айыбы тагылган.

 Комментарий: Түркмөн президенттери “эгемендүүлүккө” жеткенден бери – Борбор Азиядагы башка диктатордук режимдер сыяктуу эле – Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы күрөшүп келет. Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин маалымат каражаттарында “Түркмөнбашы”ны пайгамбар деп атоо башталды. Ниязов тез-тез жарыялап туруучу мунапыска илинүү үчүн туткундар “Рухнамеге” ыйман келтирип, аны толук жатташы керек эле. Буга каршы чыккан түркмөнстандык аалым Хожаахмад Оразклычев бул нерсе исламга тескери экендигин айтып чыккан. Ошондон кийин түркмөн бийлиги Оразклычев котормосунда түркмөн тилинде басылып чыккан 40 миң нуска Куръанды өрттөөгө буйрук берди. Оразклычев Ниязовду кескин сындап келгени себептүү анын үстүнөн шылуундук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара алуу сыяктуу бир катар айыптар менен кылмыш иши козголду. Расмий өкмөт Ашхабаддагы мечиттердин тең жарымын бузуп таштады жана ыйманына бекем турган мусулмандарды ар түрдүү айыптар менен камакка ала баштады.

 “Түркмөнбашы”дан кийин бийликке келген Гурбангулы Бердимухаммедов да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү улантты. Улантмак тургай, ал күрөштү ого бетер күчөттү. Бердимухаммедов башчылыгындагы режим аалымдар менен мечиттерге эле эмес, коомдогу бардык исламий көрүнүштөргө каршы күрөшө баштады. 2015-2016-жылдары да өкмөттүн буйругу менен Дашогуз облусунда күч түзүмдөрү сакал койгон мусулмандарга “аңчылык” кылышты. Улуттук коопсуздук башкармалыгынын жана жол полициясынын кызматкерлери сакалы бар 50 жашка чейинки курактагы мусулмандарды кармап, “түшүндүрүү иштеринен”  кийин сакалдарын алууга мажбурлашкан. О.э. аларга мажбурлап арак ичирип, чочконун этин жедиришкен. Күч түзүмдөрүнүн талабын аткарбаган ыймандуу мусулмандарды болсо эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап жиберишкен.

 2017-жылы түркмөн бийлиги намаз окуган мусулмандарга каршы күрөштүн алкагында намаз окуган аскерий кызматкерлерди жана намаз окууну таштоо талабын аткаруудан баш тарткан мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотуп, аларга ар түрдүү басымдар өткөрүлгөн. Намазды таштоо талабын аткарбаган аскерий кызматкерлер куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотулган, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, Куръан китеби жана башка исламий китептер “конфискацияланган”…

 Качан гана мусулмандар биригип өздөрүнүн калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелемейинче, ар кандай паскеч адамдар Ислам жана анын баалуулуктарына, мусулмандарга каршы күрөштү уланта беришет. Мусулмандар болсо өз дининдеги өкүмдөргө амал кыла албай жүрө беришет.

Сахихул Бухарийде Абу Хурайра розияллоху анху риваят кылган хадисте Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:

 الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ

Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан”, – деген (Имам Муслим риваяты).

 Абдурахман Адилов

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here