Жапаров: Кыргызстан көп векторлуу саясатты карманат

280
0

Жапаров: Кыргызстан көп векторлуу саясатты карманат

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий түрдө киришти. Бүгүн, 28-январда Улуттук филармонияда Жапаровдун инаугурациясы өтүп, анда мамлекет башчы катары ант берди.

         Жапаров иш-чарадагы сөзүндө, бир катар экономикалык долбоорлорду тез арада ишке ашыруу менен жумушчу орундарды түзүүгө убада берди. Муну менен катар Орусия стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты кармана турганын айтты. Ошондой эле, Кыргызстан Эл аралык уюмдардын астындагы милдеттемелерди так аткарышына убада берди. Мындай сөздөр протоколдук сөздөр болуп, мурунку президенттер да аларды көп кайталашкан.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун алгачкы чет өлкөдө болчу иш сапарын Орусия Федерациясында өткөрөөрүн билдирген.

Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстан толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүгө мажбур абалда. Анткени, буга чейин Жапаров өзү билдиргендей, бийлик башына келген адам келээрде эле көз каранды абалда такка отурат. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн.

Ал эми Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Демек, учурда колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанга өнүккөн мамлекет катары көрүнүп жаткан АКШ, Европа, Кытай өлкөлөрү, а түгүл СССР дагы колонизаторлук саясаттын негизинде экономикалык жактан өнүгө алган. Башкача айтканда, алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында экономикалык өсүшкө жетишти. Ал эми Кыргызстан кимди колония кылуу менен өнүгөт? Кимдин арзан жумушчу күчүнөн пайдаланат? Өзү Кытай менен Орусиянын базарына айланып отуруп кайсы товарын кимдин базарына алып чыгат? Же Орусия сыяктуу жок дегенде аскерий кубат болбосо, Кытай сыяктуу товары болбосо, эл аралык саясатка кантип таасир өткөрөт?

Түпкүлүгүндө, бул суроолордун жообу бар. Кыргызстан мусулмандары башка мусулман боордоштору менен биргеликте, бүткүл дүйнөлүк Исламий Халифалыкты тикелөөлөрү шарт. Үммөт алдында мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок.

Демек, биз мусулмандар колонизатор мамлекеттердин зулумдугунан Ислам динибизди турмушка алып келүү менен гана кутулаарыбызды түшүнүп жетишибиз керек. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турган түшүндүрүп баруу шарт. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here