Фалестин режими өлкө калкына жана элдин динине каршы ачык согуш алып барууда

199
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими өлкө калкына жана элдин динине каршы ачык согуш алып барууда

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү баса белгилешинче, Фалестин режими өлкө калкына жана элдин динине каршы ачык согуш алып барууда. Режим намазкөйлөрдү бастыруу жана камакка алуу, мечиттерди жаап, жума намазын окутпоо үчүн жүгүртөктөрүн тартты. Бул – Аллахтын үйлөрүнө, досторуна о.э. Исламдагы ибадаттарга каршы ачык согуш.

Билдирүүдө мындай делет: «Фалестин режими жума намазын окууга жол бербөө үчүн күчтөрдү, коопсуздук кызматын тартты. Килкилия, Тулкарм, Байтлахмда мечиттерди ачууга жана жума намаздарын баштоого чакырылган. Режим мунун алдын алууга аракет жасап, бул шаарларда түндөсү камакка алуу рейддерин өткөрдү, эрте менен мечиттерди жабууну баштады, кээ бир мечиттерди коопсуздук күчтөрүнүн казармасына айлантты. Режим муну менен гана чектелбестен, режимдин зулумуна моюн сунууну каалабай мечиттерде жана аянттарда жума намазын окуп жаткан адамдарга каршы таяктарды ишке салды жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, намаз окууга жол бербей, намаз окугандарды жазалоого урунду, бир нече намазкөйлөрдү камакка алды».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Режим мына ушундай ашынган чабуулдары менен Аллахтын ибадаттарынын бирине т.а. жума намазына тоскоолдук кылуу кылмышын жасады. Муну менен Исламга, Аллахтын үйлөрүнө, Фалестин калкына каршы согуш ачты. Буга чейин режим өзүнүн бардык энергиясын коронавируска каршы күрөштү шылтоолоп өлкө экономикасын кыйратууга, таалимди токтотуп, адамдарды моюн сундурууга, ачка коюуга жумшады… Режим коронавируска каршы күрөштү мектептер менен мечиттерге гана чектеп, банктар, базарлар жана мекемелерди ачып койду».

Билдирүүдө мубарек жер калкынын күчтүү аракетине, көптөгөн мечиттерде жана аянттарда намаз окуганына жогору баа берилген. Бул иш-аракеттер элдин динди кызгануусуна, мечиттерди жана ибадаттарды коргоого катуу аракет кылышканына далалат кылары баса белгиленди.

«Эмнеге буга далалат кылбасын, акыры, Расулуллах ﷺ бул элибизди рабат калкы деп мактаган… ар дайым Акса мечитинде жана Халилдеги Ибрахимий мечитинде яхудийлерге каршы тургандар да ушул калк болот», – делет билдирүүдө.

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Фалестин режими зулумдукту жана адашууну токтотпой жатат… Бул – акыбети өтө жаман көрүнүш. Фалестиндин намазкөй калкына чабуул кылып, камакка алуу – элге зулум кылуу болуп, экөө тең тез арада Уммат үчүн отко айланат, Уммат бул от менен бардык залимдерге каршы согуш ачат. Жакында ушундай күн келет – ал күндө режим өзүн коргой турган жайды, ырайым кыла турган жанды таппай калат, аны Аллах Азза ва Жалланын каарынан куткарып кала туган эч ким табылбайт. Режимдин буйруктарына моюн сунуп, Аллахтын динине каршы согушуп жаткан жана Анын үйлөрүнө чабуул кылып жаткан кызматкерлердин да Мунтаким жана Жаббар алдында колдорунан эч нерсе келбей калат.

 

Роя гезити, №320, 2021-жыл, 6-январ.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here