“Өзбекстан 24” каналынын репортажына тоскоолдук кылган аял 3 күнгө камалды
“Азаттык”тын өзбек кызматы жарыялаган видеодо Кашкадарыя облусунун борбору Каршы шаарында мамлекеттик кызматкер Өзбекстан 24 телеканалына интервью берип жатканы чагылдырылган. Чиновник кашкадарыялык аялдардын артыкчылыктары¸ жумуш менен камсыздалганы жана өкмөттүн кыз-келиндерге камкордугу жөнүндө айтып жаткан учурда бир аял микрофонго келип, арыз-муңун айта баштаган. Ал аялдын аты-жөнү 37 жаштагы Дилафруз Долтаева .
Ал “Өзбекстан темир жолдору” акционердик коомундагы жумушунан адилетсиздик менен бошотулганы о.э. жумуш ордуна кайтып келүү үчүн мамлекеттик мекемелерге болгон кайрылуусуна жооп болбой жатканына арызданган.
“Азаттык” менен маекте Долтаева видеодогу аракетинен кийин Кашкадарыя облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан үч күндүк админстративдик жазага тартылганын айтып берди.
Дилафруз Долтаеванын айтымында, эже-сиңдилерди камакта ИИМ кызматкерлери ур-тепкиге алышкан.
Ал эми ИИМдин Кашка-Дарыя облустук бөлүмүнүн кызматкери Долтаевалардын айтканын четке каккан.
Комментарий: Акыркы күндөрдө Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана орган кызматкерлери тарабынан ар түрдүү жолдор менен кысымга алынып жаткан бир нече аялдар интернет тармактарга видео кайрылуу менен чыга башташты. Булар акыркы арга катары коомчулукка ачык кайрылууга батынган аялдар. Зулумду ашкере кылуудан коркуп отургандары мындан жүздөгөн, балким миңдеген эсеге көбүрөөк!
Орган кызматкерлери бир катар көп балалуу аялдарды жалган-жалаа негизинде кысымга алышкан. Аларды социалдык тармактарда окуган же тараткан пикирлери үчүн коркутуп, орган кызматкерлери менен кызматташууга мажбурламакчы болушкан. Аларды тааныбаган бир катар профилдер үстүнөн жалган күбөлүк берүүгө үндөп, антпесе админстративдик жазага тартарын айтып коркутушкан.
Өзбекстанда маалымат түзүмү мамлекеттик монополия астында. Адамдар аларга – мамлекетке ишенбегендей эле – ишенишпейт. Социалдык тармактар аркылуу жайылып жаткан расмий же бейрасмий маалыматтар, элге акыйкатты жеткирүүдө кеңири жана кубаттуу тармакка айланып калды.
Убагында президент Мирзияев блогерлерди кабыл алып, аларды мамлекетке кызмат кылдырмакчы болду. Коопсуздук кызматы бир катар блогерлерди коргоосуна алып, өзбек тилдүү аудитория ичинде алардын аброюун жасалма жол менен көтөрмөкчү болду. Бул блогерлердин батылды акыйкат кылып көрсөтүүгө кубаты жетпеген соң, алар ийгиликсиздикке учурап, мамлекеттин долбоору тескери тарапка, башкача айтканда, өздөрүнө каршы иштеп калды.
Ошондон кийин коопсуздук кызматынын кызматкерлери стратегиясын өзгөртүп, социалдык тармакты өздөрүнүн таасири астына алууга аракет кыла башташты. Бирок, бул тармак дүйнөлүк масштабда болгондуктан жана биротоло жаап коюуга эл аралык коомчулук уруксат бербегендиктен, бийлик ал тармактан жарандарды коркутуу, алыстатуу тактикасын иштеп чыкты.
Алардын бул стратегиялары соцтармактагылар бири-бирине жалаа жабуусу, жалган күбөлүк берүүсү же жарандарды саткындык кылууга мажбурлоо сыяктуу ыплас ыкмалар негизине курулду. Карапайым жарандар булар менен ыктыярдуу түрдө кызматташпай койгон соң, алар адамдарды шантаж кылуу менен мажбурламакчы болушууда.
Жогорудагы эже-сиңдилерге зулум кылууда – бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын коргоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу көрүнүп турат. О.э. бийликтин чыныгы жүзү ачылып кетишинен сактануу үчүн, адамдарды жана блогерлерди социалдык тармактан кооптондуруу максаты жатат.
Орган кызматкерлери жардамында ишке ашырылып жаткан бул мамлекеттик стратегия биздин ар-намсыбыз болгон аялдарыбызды коркутуу менен ишке ашып жатканы эркек мусулмандардын шааниси үчүн өтө жаман көрүнүш. Ошондуктан, биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалануу менен бул стратегияга каршы пикирий жана саясий аракет алып барышыбыз керек. Эгер андай кылбасак, албетте күнөөкөр болобуз.
Алардын “бизди социалдык тармактан коркутуу” стратегиясына, андагы ишмердүүлүгүбүздү ого бетер күчөтүү менен жооп кайтаралы. Алар ушул тармактан чочулап жатышат. Бул нерсе ушул тармактагы ишмердүүлүгүбүз акыйкатты жүзөгө чыгарууда пайдалуу ыкма экендигине болгон ишенимибизди ого бетер күчөтөт, инша Аллах!
Абдураззак Муъмин.