Иорданиядагы өкмөт кризиси кызматка дайындоодон келип чыкты

206
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иорданиядагы өкмөт кризиси кызматка дайындоодон келип чыкты

 Устаз Умар Мухаммад Фарук

Иордания Королдук деваны жарыялаган билдирүүдө баса белгиленгендей, 2020-жылы 7-октябрь күнү король Абдуллах II премьер-министр Умар Раззаз өкмөтү отставкага кеткендиктен дипломат жана укуктаануучу Башр Хизанага жаңы өкмөт түзүү милдетин тапшырды. Король 2020-жылы 3-октябрда Раззаз өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды жана Раззазга премьер-министр дайындалып, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин иштерди башкарып туруу милдетин жүктөдү. Муну менен бул жаңы өкмөт Британия Усманий Халифалык мамлекетин кулатып, кийин мамлекет башына келген структуранын тарыхында бир жүз экинчи өкмөт болду. Жаңы премьер-министр Башр Хизана бул кызматка келген премьер-министрлердин кырк үчүнчүсү болду. Иордания дүйнөдөгү эң көп өкмөт түзүлүп, эң көп министр дайындалып жаткан мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Азырга чейин мамлекетте эң кеминде 750 министр катталган. Башкача айтканда, Иорданиядагы өкмөт бир жарым жылдан ашпастан дайындала берет! Өкмөттөрдүн өмүрүнүн кыскалыгы жана өзгөртүүлөрдүн көптүгү мамлекет саясатынын туруксуздугуна далалат кылат.

Иорданияда өкмөттөрдүн алмашуу маселесин үйрөнгөн киши режим эки абалда ушундай кылууга мажбур болуп жатканын көрөт. Биринчи абал: өкмөт өзүнүн кожоюндарынын кызыкчылыгына же байлардын кызыкчылыгына зыян жеткирип койгон болот. Себеби, бул кожоюндар жана байлар колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын камсыздашат. Ушул себептен улам, режим өкмөттү отставкага чыгарат. Буга жакында Хани өкмөтү ушундай абал себептүү отстакага кеткенин мисал кылуу мүмкүн. Экинчиси мамлекетте өтө көп учураган абал: көбүнчө режимдин айыбы ачылып, элге жаман башкаруусу көрүнүп калат. Мына ошондо ал шашылыш түрдө зомбулук жолуна өтүп, өз бийлигин сактап калуу үчүн премьер-министрди жана кээ бир паракор расмийлерди «курман» кылат. Иорданиядагы режим өкмөттөрдү таратуу аркылуу өлкөдөгү кризистерди чечүү менен саясий манёвр кылууда. Ал өзүнүн бардык кризиси, ийгиликсиздиги жана калкты камкордук менен башкарбай, проблемаларын чечпеши, ал тургай, саткындыгы, колонизатор Батышка малайлыгын өкмөткө жүктөөдө чебер болуп кетти. Мына, ар бир кыйроодо, кризисте же кыянатта Иордания режими өкмөттү отставкага кетирип, жаңы өкмөт дайындап жатат, бул кризистерге өкмөт себепкер, анткени, ал өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарбады деп адамдарды алдоого урунуп, ушул аркылуу суудан кургак чыгып жатат.

Мамлекеттин конституциясынын 48-беренесинде «Министрлер Мекемесинин токтомдоруна премьер-министр жана министрлер кол коёт. Кийин тастыктоо үчүн алар королго тапшырылат» делген. Демек, Иорданияда өкмөт өкүм жүргүзөт, мамлекетте жамааттык башкаруу жана коллективдүү жетекчилик бар дегени туура эмес. Себеби, жетекчилик да, башкаруу да индивидуалдуу гана болот, жамааттык башкаруу жана коллективдүү жетекчилик деген нерсенин болушу кыйын. Демократиялык капитализм түзүмү бийлик министрлер колунда экенин, башкаруу жамааттык болушу үчүн Министрлер Мекемеси түзүлгөнүн айтышат. Бирок, иш жүзүндө бир күн да андай болбогон. Эч бир өлкөдө башкарууну министрлер жүзгүрбөгөн, бийлик өкүмдар-жетекчинин колунда болгон. Иорданиядагы башкаруу да түпкүлүгүндө бир адамдын – королдун колунда болгон, эч качан министрлердин колунда болбогон. Акыйкат ушул: бул мамлекетте өкмөт өзгөрсө да абал өзгөрбөй жаман абалда кала берет, ал тургай, дагы да жаман болушу мүмкүн. Мисалы, мамлекеттин карызы көбөйүп жатат, финансылык жана административдик коррупция дагы да күчөп жатат, экономикалык абал кризис даражасында жамандашып жатат, жумушсуздук көбөйүп, гуманитардын проблемалар татаалдашып жатат. Мындан негизги проблема жалаң өкмөттөрдө эмес, режимде экени көрүнүп турат. Бул болсо, Иордания жетип келген саясий, социалдык, экономикалык, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу бардык тармактагы бузулуу жана ийгиликсиздик жоопкерчилигин түздөн-түз королго жүктөө керектигин тастыктоодо. Себеби, режим бузгунчу капиталисттик түзүмдү колдонууда.

Иордания режими өзү башынан өткөрүп жаткан кризистин түпкү себебинен өзүн алып качууда. Бул себеп – мамлекет капиталисттик түзүмдү колдонуп, башкаруу жана саясатта чет элдик буйруктарга моюн сунуп жатат, Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүн аткарып, өзүнүн ийгиликсиздигин жана алсыздыгын өкмөткө жана министрлерге жүктөп жатат. Ушулар аркылуу түпкү акыйкатты жашырып, адамдарды алдоого урунууда. Ал эми, негизги проблема Иордания калкына капиталисттик түзүмдүн колдонулушу. Өкмөттөр канчалык жалган айтышпасын, акыйкатты жашыруу жана өзгөртүү менен адамдарды адаштырууга урунушпасын, өкмөттөр таптакыр оңдолбойт. Проблема министрлерди өзгөртүүдө да, өкмөттүн атын алмаштырууда да эмес. Жылан өз терисин канчалык алмаштырбасын, өзгөрбөй жылан боюнча калгандай, өкмөт да канча ирет өз көрүнүшүн өзгөртсө да ошол өкмөттүгүнчө калды. Себеби, өзгөрүү көрүнүштөрдө жана адамдарда болуп жатат, режим өзгөрүүсүз калууда. Негизи, проблемаларды чече албайт, мамлекетти жемирилүү жарына алып келип койгон мына ушул Иордания режими. О.э. өлкөсүн-жаранын асманга жеткен карыздар о.э. ар бир тармакта тамыр жайган коррупция менен жакыр кылган да мына ушул Иордания режими болот.

Демек, Иордания жаңы өкмөт алмашуусуна да, жаңы шайлоолорго да муктаж эмес. Булар анын кара мүртөз жүзүн жакшы кылып көрсөтүүчү бир декорация гана. Бул өлкө күчтүү жетекчиликке жана Уммат акыйдасынан алынган саясий долбоорго муктаж. Себеби, аны колдонуучулар Батыштын кучагына кирбейт. Өз калкын таптакыр алдабаган Хизб-ут-Тахрир Иордания калкын жана мусулман өлкөлөрүндөгү бардык адамдарды капиталисттик системанын бузукулугунан жана зулумунан куткаруу кудуретине ээ болуп, жөндөмдүү. Негизи, ушул куфр системасынын бизге колдонулушу менен колонизатор кафирлерге кызмат кылган малайлар жетишип чыгууда. О.э. Хизбдин колунда колдонууга даяр калыс исламий долбоор да бар. Ислам Умматы ушундай бир күнгө ынтызар болуп калды, ал күндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык көлөкөсүндө Аллахтын шарияты колдонулат жана ушул аркылуу Уммат тартып алынган бийлигин кайтарып алып, өз сый-урмат, кудуретине кайра ээ болот. Бул Аллахка жеңил.

 

Роя гезити, №308, 2020-жыл, 14-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here