Айтылып жаткан тынчтык келишими жана колонизаторлордун жалган убадалары – Судан калкына каршы кезектеги кылмыштар!

275
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Айтылып жаткан тынчтык келишими жана колонизаторлордун жалган убадалары – Судан калкына каршы кезектеги кылмыштар!

 Устаз Мухаммаджами Абу Айман

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Өткөөл өкмөт 2020-жылы 3-октябрь күнү Түштүк Судан мамлекетинин борбору Жубада аны менен куралдуу кыймылдар ортосунда тынчтык келишимине кол коюлганын белгиледи. «Өкмөт жетекчилери ыңкылаптык фронт менен кол коюлган тынчтык келишимин толук аткарууга убада беришти». (Судан Трибюн, 2020-жыл, 3-октябрь).

Ар дайым жамандыктан кабар берген бул көрүнүш дагы кайталанды. Куралдуу кыймылдардын өкмөт жетекчилери о.э. мамлекеттин келишимдерге демөөрчүлүк кылган жетекчилери менен келишимге кол коюу күнү дагы кайталанды. Биз муну Мачакас, Неваша, Абужа, Доха жана башка мамлекеттерде күбө болгонбуз. Көп узабай бул көрүнүш Судан калкынын каны дарыя болуп аккан, денелери чачылган жана балээлерге туш болгон көрүнүшкө айланган. Бул сыяктуу келишимдердин баары колонизатор мамлекеттердин буйруктары менен, ошолордун кызыкчылыгын коргоо жана пландарын ишке ашыруу үчүн түзүлөт. Кийин малай кимселер бийлик жана байлыктарды «биргеликте иштетүү» үстүндө бири-бири менен карама-каршылыкка барышат.

Кезектеги тынчтык келишиминин пункттары үлкөн кыянаттык кылмышы даражасына көтөрүлгөн. Себеби, бул пункттарда Судан калкынын тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч бар, өлкөлөрү бөлүнүп, байлыктары талап-тонолушу жана Роббисинин шариятын четке ташталышы коркунучу бар.

Хулув менен Хамдук 2020-жылы 3-сентябрда динди саясаттан жана башкаруудан бөлүү келишимине кол коюшту. Ушул Аддис-Абебада кол коюлган жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Дэвид Бисли катышкан принциптер декларациясынын келишими текстинде «Суданда демократиялык мамлекети куруу зарыл… Судан демократиялык өлкөгө айланышы үчүн анын конституциясы динди мамлекеттен бөлүү принцибине негизделиши шарт» деген сөздөр жазылды. Алгачкы кол коюу күнү 2020-жылы 31-августта Судан Ыңкылаптык фронтунун төрагасы Хадий Яхя Идрис мындай деди: «Ушул тынчтык туурасындагы келишим жогору бааланат. Анда кризистердин тамырына каршы күрөшүү о.э. бийлик менен байлыктарды биргеликте иштетүү үчүн жемиштүү чечимдер жана адилеттүү ченемдер сунуш кылынган». Судан премьер-министри Абдуллах Хамдук мындай деди: «Бул келишим бийлик менен байлыктарды биргеликте иштетүү туурасындагы келишим эмес, тескерисинче, бул Судан калкынын кайра тикеленишиндеги жаңы барактар». (Судан Трибюн).

Бул келишим бийликте орундарды ээлөө деген идеяны да өз ичине алганы анык. Муну менен кыймылдардан үч мүчө суверендүү кеңештен, төрт министр министрлер мекемесинен орун ээлейт жана аларга парламенттен 75 % орун берилет. Келишимде демократия жана федерализм, жарандык укуктардын негизи, эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары да өзүнчө жазылды.

О.э. ушул тынчтык келишиминин «Чыгыш маселеси» жөнүндөгү бөлүмүндө демократия, федерализм жана адам укуктарынын негизи эл аралык келишимдер деп айтылган. Муну менен бирге, чыгыш вилаяттарда Бажа конгресси менен Бириккен Элдик фронтко мамлекет кызматтарынан 30 %ды берүү да баса белгиленген. Бул болсо, фитна жана балээ очогу болгон тарапкечтикти келтирип чыгарат.

Мына, ушул келишимдин акыбеттери көрүнө баштады. Чыгыш Судандагы саясий тарапкеч уюм эсептелген Бажа уруусу уюму өз тагдырын өзү белгилөө токтомун кабыл алганын эртели кеч баса белгилеп жатат. Бул чакырыкты келишимге кол коюлушунан эки күн мурда баштаган. Санкот районундагы көз карандысыз сакчылар жана аксакалдар Жогорку кеңешинин Тынчтык, өнүгүү жана адилет уюму да 2020-жылы 29-сентябрь күнү токтом кабыл алды. Ушул тынчтык келишими пункттары негизинде чыгарылган ушул токтомдо «БУУ Уставындагы калктардын өз тагдырын өзү белгилөө укугуна амал кылган абалда, биз Бажа калкы ушул өз тагдырын өзү белгилөө укугунан пайдаланууга бир добуштан токтом кылдык» деп айтылат. (Судан Трибюн, 2020-жыл, 1-октябрь). Эки регион (Нуба тоолору менен Көк Нил) маселесинде Малик Аккар менен Ясир Арман ортосунда көз карандысыз башкаруу болушу жана эки регионго бир конституция түзүү үстүндө келишимге кол коюлду. Шек-күмөнсүз, бул ушул бөлүктөрдүн бөлүнүшүнө даярдоо о.э. кудум саткындарча Неваша келишими сыяктуу кезектеги үлкөн кыянат болуп эсептелет. Кишиде – эмне үчүн бул акимдер мындай кылмыштарды жана үлкөн кыянаттарды жасап жатышат деген суроо пайда болот? Мунун жообу колонизатор мамлекеттер жана алардын уюмдары берип жаткан убадаларга карата ала турган болсок, алардын билдирүүлөрүнөн ачык көрүнүп турат. Мисалы, Судан Трибюн сайтынын 2020-жылы 3-октябрдагы кабарына ылайык, Судан Суверендүү кеңешинин төрагасы Абдулфаттах Бурхан келишимге кол коюу учурунда «Бул келишим Судандын терроризм тизмесинен чыгарылышы үчүн бардык мамлекеттерге Судан менен бирге сапта турууларына түрткү болду», деди. «Судан Фронтунун төрагасы Хадий Идрис Яхя эл аралык коомчулуктан донор мамлекеттеринин конференциясын уюштуруу жана тынчтык багыттары боюнча мажбурияттарды аткаруу аркылуу ушул тынчтык келишимин колдоп-кубаттоону о.э. согушта ойрон болгон жерлерди калыбына келтирүүнү талап кылды». Кийин «өткөн тынчтык келишимдеринин ийгиликсиздигине колдоп-кубаттоонун болбогондугу негизги себеп болгонун» кошумчалады.

Түштүк Судан мамлекетинин президенти Сальваторе Киир араб жана Европа мамлекеттеринен тынчтык келишиминин аткарылышын колдоп-кубаттоо боюнча өз мажбурияттарын аткарууну талап кылды. Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Европа Союзу саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдү колдоп-кубаттоону улантышына убада берди. Үчтүк мамлекеттер (АКШ, Норвегия жана Британия) «үчтүктүн тынчтык орнотууда бардык судандыктарды колдоп-кубаттоону улантууга умтулуп жатканын» баса белгиледи. ЮНАМИД (Африка Союзу жана БУУнун Биргелешкен тынчтыкты сактоо миссиясынын) төрагасы Ж. Мамаболо: «Миссиябыз БУУнун башкы катчысынын Судандагы кыймылды колдоп-кубаттоо каалоосун колдойт», – деди. (Судан Трибюн).

Судан Трибюн сайтынын 2020-жылы 3-октябрдагы кабарында мындай делет: «Тынчтык келишимин ишке ашыруу үчүн өтө чоң каражат керек. Судан башынан өткөрүп жаткан экономикалык кризис шартында буга кудуреттүү эмес. Ошондуктан, Судан өз шериктештеринин донорлор конференциясын өткөрүүлөрүн күтүүдө. О.э. келерки жылда ишке кире турган БУУнун саясий миссиясы тарабынан тынчтык келишими колдоп-кубатталышын да үмүт кылууда!».

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلاَّ غُرُوراً

«(Шайтан) аларга убадаларды берет, аларды куру-кыялдарга салып коёт. Акыбетте шайтан берген убадалар бүт бойдон жалган-азгырык болуп чыгат»                           [4:120]

Ушул жана башка келишимдердин түпкү максаты мына ушул. Себеби, алардын артында колонизатор мамлекеттер жана алардын мекемелери туруп, алар акимдерди жана жалданма саясатчыларды куурчак кылып ойнотуп жатышат. О.э. Исламдын саясатка жана башкарууга келишине каршы күрөшүү, өлкөлөрүбүздү бөлүү жана байлыктарыбызды ташып кетүүгө багытталган өз пландарын ошолордун колу менен ишке ашырып жатышат. Ко-ош, мындан да жаман кылмыш болушу мүмкүнбү?!

Булардын баары эч качан ыраазы болбой турган нерселер, себеби, алар шаръий өкүмгө тескери. Мисалы, илманийлик жана өлкөнү бөлүүгө Судандын бардык калкы ыраазы болгон тагдырда да бул батыл болуп эсептелет. Себеби, Набий ﷺ мындай деген:

«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ»

«Кимде-ким биздин ушул ишибизде жаңылык чыгарса, эч качан ага ыраазы болбойбуз».

Эгер, мусулмандардын рошид Халифалык мамлекети болгондо бул кылмыштардын бири да болбойт эле. Себеби, Ислам шариятына ылайык, Халифалык мамлекети кызматтардын ээлениши адамдын татыктуулугу негизинде болот. Адамдын кызматка татыктуулугу ушул кызматка тиешелүү өкүмдөргө ылайык белгиленет. Себеби, Исламда орундар деген нерсе да, бир вилаяттын башка вилаяттан же бир уруунун башка бир уруудан абзелдиги да болбойт. Мына ушундай болгондугу Халифалык мамлекетинде туруктуулук жана кадыржамдыкты камсыздап турат. Негизи, бул роббаний фарз, дүйнөлүк зарылчылык. Судан калкы үчүн мындан башка чыгуучу жол да, нажат да жок.

 

Роя гезити, №308, 2020-жыл, 14-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here