Кыргызстан Европа биримдигинен карыз сурады
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда Казакбаев Кыргызстандын бюджетин колдоого каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн. Ошондой эле каржылык макулдашуулар долбоорлору боюнча кыргыз жана европа тараптын жолугушуусун уюштурууну сунуштаган.
Июнь айына карата өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард 81 миллион долларды түзөт. Кыргызстан эң көп бересе мамлекет — Кытай. Бул мамлекетке өлкө 1 миллиард 774 миллион доллар карыз.
Буга чейин Азия өнүктүрүү банкы жана Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда 2020-жылы ички дүң өндүрүм 10%, сырттан акча которуу 25% азайып, жакырчылык күчөй турганын билдирген. Жумушсуздуктун деңгээли да 21%га чейин өсүшү күтүлөт.
Кыргызстан ушунча карыз алынса да өлкөнүн абалы тетирисинче артка кетип жатышынын себеби эмнеде? Мунун себеби, тышкы каржылык уюмдар берген карыздардын мамлекетти дагы да жакырлыкка түртө турган милдеттемелер менен берилишинде. Башкача айтканда, алынып жаткан карыздар эч кандай экономиканы көтөрө турган ишканаларды ачуу үчүн эмес, айлык-акы, пенсия жана жөлөк-пулдарды берүү үчүн гана берилет. Натыйжада, бийлик ар дайым ички карызды төлөө үчүн тышкарыдан карыз алууга мажбур болуп калат. Жогорудагы топтолгон карыздардын дээрлик баары ушундай бир жолу иштетиле турган тармактарга жумшалган.
Түпкүлүгүндө, мамлекеттин экономикасы көз карандысыз өнөр-жайга ээ болуу менен гана өнүгөт. Көз карандысыз өнөр-жай дегени – бул мамлекет өзүнө тийиштүү оор өнөр-жайга ээ болуп, мамлекет өзүнүн жеңил өнөр-жайы үчүн өзүндө техника, станоктор жана жарак-жабдыктарды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. Кыргызстан сыяктуу агрардык мамлекеттерде мындай экономикалык механизм жок, болгон да эмес. Эл аралык саясат бул мамлекеттерде ушундай экономикалык механизм калыптанышына тиш-тырмагы менен каршылык кылат. БУУнун негизги милдеттеринин бири, дүйнөдө жетекчи мамлекеттер менен агрардык мамлекеттер ортосундагы ушундай балансты сактап туруу болуп эсептелет.
Андыктан, биз мусулмандар айрым аткаминерлердин куру ураандарына алданбай, жакырчылыктын түпкү себеби болгон колонизаторлук саясатка каршы туралы. Ошондой эле алардын кызыкчылыгы үчүн калкына зулумдук кылып жаткан бийлик ээлерин жамандыктан кайтаралы! Качан гана өз Исламбызды үйрөнүп, анын негизги муктаждыктарды кепилдикке алган экономикалык түзүмүн жашоого алып келмейинче бул абалдан кутула албайбыз!
Мумтаз Маверанахрий