“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды

488
0

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-августта Бишкек шаарынын Алыкулов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине стационардык аппарат комплексин сыноо режиминде орнотуу башталган. Учурда долбоорду ишке ашырып жаткан Кытайдын “Shenzen Sunwin” компаниясы курулушка бардык тийиштүү уруксат кагаздарын алды. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпы 306 аппарат орнотулат.
Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, долбоордун биринчи этабында орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон.
Кыргызстандын тышкы карыздарынын тең жарымына жакыны, тагыраагы 1,74 миллиард доллар Кытайдан алынганы белгилүү. Мындан улам, Кытай өлкөдө экономикалык кызыкчылыктарынан тышкары башка тармакта да таасирин жая баштады. Буга Орусиянын экономикалык жактан алсырап баруусу да чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Муну жогорудагы стратегиялык долбоордо кытай компаниясы орус компанияларын артта калтырганы жана темир жол курууда Орусия менен мунасага жетүүсү тастыктап турат.
Буга чейин Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камералар системасын орното баштаганы кабарланган. Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Цинзяндагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөп жатат. Кытайдын ушундай “коопсуздук” көзөмөлдөрү айынан, бүгүн Синьзяндагы лагерде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар камалып жатат. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман бир туугандар көрүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомоктой сезилип жатат. Ошондуктан ага кайдыгер карап жатышат. А турмуш чындыгында болсо, Кытай баскынчылыгы бизди карай да улам илгерилеп келе жатат. Ушул “Коопсуз шаар” долбоорунда кытайлык компаниянын утуп чыгышы да мунун бир кадамы болуп саналат.
Демек, Кытай компанияларын биз инвесторлор деп эмес, Кытай баскынчылыгынын бир бөлүгү катары карашыбыз о.э. Кытайдан келип жаткан коркунучту көрүшүбүз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here