417
0

Халифалыкты тикелөө важиб

(Халифалык кулатылганына 99 жыл толгонуна карата)

Өткөн эки кылымда мусулмандардын өз диндерине этибар берүүлөрү суз тартты. Натыйжада, узак мезгилдерден дүйнөгө бузукулук таркатууну арзуу кылып жүргөн кафирлер 1924-жылдын 3-мартында Халифалык мамлекетин кулатышты. Халифалык мамлекети кайра турмушка кайтпасы үчүн, кафирлер бар күчтөрү менен аракет кыла башташты. Алар биринчи катарда мусулмандардын ишенимдерине, анан айрыкча, башкаруу жөнүндөгү, саясат жөнүндөгү пикирлерине катуу сокку беришти. Натыйжада, мусулмандар өз тарыхтарын билбей, өз жетекчилерин тааныбай калышты. Өз тарыхын үйрөнмөкчү болгон мусулмандар Куранга, хадистерге жана ишеничтүү мусулман аалымдары жазган тарых китептерине кайрылбай, дин душмандары жазган тарыхтарга, чыгыштаануучулардын калптарына кайрыла турган болуп калышты. Ал тургай аалымдар «дин мамлекеттен ажыратылган», «дин башка, саясат башка», «Куранда Халифалык туурасында бир да нерсе айтылбаган», «Халифалык болгону отуз жыл болгон, кайтып болбойт» сыяктуу негизсиз сөздөрдү байсай турган болуп калышты.
Төмөндө халифалар тууралуу бир эки ооз сөз айтмакчыбыз. Максат, өз тарыхынан айрылган Үммөткө Исламий булактардан кыскача нускама жасоо.
Курани Каримде айтылган халифалар баяны
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي جَاعِلٌ فِي الْأَرْضِ خَلِيفَةً
– «(Эй Мухаммад алайхис-салам) эстегин, Роббиң периштелерге: «Мен жерде халифа кылмакчымын», – деди». [2:30]
Имам Куртубий, Ибн Касир жана башка муфассирлер ушул аяттагы خليفة «халифа» сөзүн мындай деп тафсир кылышкан:
“Мына бул аят – буйруктарына кулак салып, итаат кылына турган халифа жана башчыны тикелөө туурасындагы маселелердин асл-пайдубалы. Халифаны тикелөө важиб. Анткени, мусулмандардын биримдиги аны менен болот жана халифалык өкүмдөрү аны менен гана ишке ашат. Халифаны тикелөөнүн важибдигине Үммөт арасында да, имамдар арасында да эч бир ихтилаф жок. Шарият илимдеринен бейкабар болгон Асомго жана ага ээрчигендерге гана важиб эмес, балким жайиз”, – деп айтышкан. (Асом – адамдын ысмы жана ал дүлөй деген маанини түшүндүрөт. Котормочудан). Ошондо да алар: “Эгер Үммөт хаж жана жихаддарын өтөшсө, өз араларында ынсаф менен мамиле кылышса, бардык укуктарды өз ордуна коюшса, олжолорду, садакаларды өз ээлерине туура бөлүштүрүшсө, кылмышкерлерге карата жазаларды колдонушса, ушул иштерди кыла турган халифаны тикелөө алар үчүн важиб болбойт”, – деп айтышкан.
Имам Куртубий тафсири 1-жуз 264-бет
Ибн Касир тафсири 1-жуз 73-бет
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمْ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ
– «Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-этикаттуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа кылганындай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды (көргөн) кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убададан) кийин (ниъматка) күпүрдүк кылса, демек, алар моюн сунбас кишилер». [24:55]
Бул аяттагы ليستخلفنهم «албетте аларды халифа кылат» сөзүн муфассирлер төмөндөгүдөй тафсир кылышкан:
“Өз мамлекеттеринде падышалар иш жүргүзгөндөй жер жүзүндө иш жүргүзө турган халифалар кылат”.
Байзавий тафсири 4-жуз, 197-бет.
“Алла албетте алар үчүн араб жана араб болбогондордун жерлерин мурас кылып берет жана аларды жетекчи-падышалар кылат”.
Табарий тафсири 18-жуз, 158-160-беттер.
“Аларды өз мамлекеттеринде тасарруф кыла турган падышалардай тасарруф кыла турган халифалар кылат. Алланын бул убадасы бирер заманга жана бирер мекенге тиешелүү эмес, балким, кимде-ким кайсыл жерде, кайсыл заманда болбосун, Аллага ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылса, Алла жерди аларга албетте мурас кылып берет жана аларды албетте халифалар кылат”.
Абус-Суъуд тафсири 6-жуз, 190-бет.
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ
“Бул Алла Тааланын ыйман келтирип, жакшы амалдар кылган заттарды жер жүзүндө халифалар кылышы туурасындагы убадасы. Бул убада Үммөттүн баарын өз ичине алат. Бул убаданы бир гана сахабаларга тиешелүү дешке эч бир жол жок.
لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ
Т.а. аларды өз мамлекеттеринде тасарруф кыла турган падышалардай тасарруф кыла турган халифалар кылат. Кимде-ким бул аяттагы убада төрт халифага гана тиешелүү (хос) десе, же мухажирлерге гана тиешелүү десе, же жер дегенден Меккени түшүнөбүз десе, ал акыйкаттан алыс. Себеби, өкүм алууда этибар себептин хостугуна эмес, балким лафздын умумийлигине каратылат”.
Шавканий тафсири 4-жуз, 47-бет.
Ушул сыяктуу тафсирди Багавий өз тафсиринин 3-жуз 353-бетинде, Ибнул-Жавзий Задул-масийрде 6-жуз 57-бетте, Улусий Рухул-маъанийде 18-жуз 203-бетте баян кылган.
Динди туура түшүнгөн, ахыретти төрт күндүк дүйнө матасына сатпай турган, чынчыл муфассирлер бул аятты «Алла момун пенделерине жерди албетте мурас кылып берет жана аларды Алланын буйруктарын, өкүмдөрүн турмушка колдоно турган халифалар кылат» деп тафсир кылышкан.
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُوْلِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ
– «Эй момундар, Аллага итаат кылгыла жана Пайгамбарга о.э. өзүңөрдөн болгон (мусулман) иш ээлерине моюн сунгула ». [4:59]
Байзавий, Куртубий, Ибн Касир, Табарий, Суютий, Ибн Таймия, Санъаний, Нуххас, Салибий, Саврий, Абус-Суъуд, Вахидий, Багавий, Шавканий, Ибнул-Жавзий, Махаллий, Насафий, Алусий сыяктуу таанымал улуу муфассирлер ушул аяттагы «иш ээлери» сөзүн Расулулла заманындагы жана андан кийинки доордогу бардык амилдер жана халифалар, казылар о.э. кошуун командачылары деп тафсир кылышкан. Ушул муфассирлердин кээ бирлери ушул маанилерге кошумча «алар аалымдар, факихтер» деп да тафсир кылышкан.
Хадиси шарифте айтылган халифалар баяны
3196 حَدَّثَنِي مُحَمَّدُ بْنُ بَشَّارٍ حَدَّثَنَا مُحَمَّدُ بْنُ جَعْفَرٍ حَدَّثَنَا شُعْبَةُ عَنْ فُرَاتٍ الْقَزَّازِ قَالَ سَمِعْتُ أَبَا حَازِمٍ قَالَ قَاعَدْتُ أَبَا هُرَيْرَةَ خَمْسَ سِنِينَ فَسَمِعْتُهُ يُحَدِّثُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ قَالُوا فَمَا تَأْمُرُنَا قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ
صحيح البخاري
…Абу Хазим айтат: Абу Хурайра d менен беш жыл маектеш болдум. Абу Хурайранын Пайгамбар алайхис-саламдан ушул сыяктуу хадисти риваят кылганын уктум. Пайгамбар j айтты: «Бани Израилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар өтсө, анын аркасынан экинчи пайгамбар келер эле. Менден кийин пайгамбар болбойт. Жакын күндөрдө халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, я Расулалла?» Расулулла j жооп берди: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Албетте Алла Таала аларды адамдарды кандай башкаргандыгы жөнүндө суракка алуучу».
Сахихи Бухарий 3196-хадис.
3441 عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنُ عُمَرَ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُهُ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ مَنْ خَلَعَ يَدًا مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لَا حُجَّةَ لَهُ وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً
صحيح مسلم
Абдулла ибн Умар dдан риваят кылынат. Ал айтты: Мен Пайгамбар jдын мындай деп айткандарын укканмын: «Кимде-ким амирге итаат кылуудан колун тартса, кыямат күнүндө өз пайдасына бирер хужжаты болбогон абалда Аллага жолугат. Кимде-ким мойнунда халифа үчүн бериле турган байъаты болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмүндө өлгөн болот ».
Сахихи Муслим 3441-хадис.
3393 عَنْ جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ قَالَ دَخَلْتُ مَعَ أَبِي عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَسَمِعْتُهُ يَقُولُ إِنَّ هَذَا الْأَمْرَ لَا يَنْقَضِي حَتَّى يَمْضِيَ فِيهِمُ اثْنَا عَشَرَ خَلِيفَةً قَالَ ثُمَّ تَكَلَّمَ بِكَلَامٍ خَفِيَ عَلَيَّ قَالَ فَقُلْتُ لِأَبِي مَا قَالَ قَالَ كُلُّهُمْ مِنْ قُرَيْشٍ
صحيح مسلم
Жабир ибн Самура dдан риваят кылынат: Мен атам менен Пайгамбар jдын алдына кирдим. Пайгамбар jдын мындай деп айтып жаткандарын уктум: «Алардын арасында он эки халифа өтмөйүнчө халифалык түгөнбөйт». Жабир айтат: Кийин Пайгамбар j бир нерсе деди, мага угулбай калды. Атамдан: Расулулла j эмне деди? – деп сурадым. «Алардын бардыгы Курайштан деди», – деп жооп берди.
Сахихи Муслим 3393-хадис.
5189 عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ … قَالَ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَكُونُ فِي آخِرِ أُمَّتِي خَلِيفَةٌ يَحْثِي الْمَالَ حَثْيًا لَا يَعُدُّهُ عَدَدًا قَالَ قُلْتُ لِأَبِي نَضْرَةَ وَأَبِي الْعَلَاءِ أَتَرَيَانِ أَنَّهُ عُمَرُ بْنُ عَبْدِ الْعَزِيزِ فَقَالَا لَا
صحيح مسلم
Жабир ибн Абдулла dдан риваят кылынат: … Расулулла j айтты: «Үммөтүмдүн акырында мал-дүйнөнү эч бир эсеп-китеп кылбай мол-көлчүлүк менен адамдарга тарата турган халифа болот». Ровий: Абу Назра жана Абул Алаъдан ал халифа Умар ибн Абдулазизби деп сурадым эле, алар «жок» деп жооп беришти, – дейт.
Сахихи Муслим 5189-хадис.
21353 عَنْ ثَوْبَانَ قَالَ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا رَأَيْتُمُ الرَّايَاتِ السُّودَ قَدْ جَاءَتْ مِنْ خُرَاسَانَ فَأْتُوهَا فَإِنَّ فِيهَا خَلِيفَةَ اللَّهِ الْمَهْدِيَّ
مسند أحمد
Савбан dдан риваят кылынат, айтат: Пайгамбар j айтты: «Эгер Хуросан тараптан келе жаткан кара байрактарды көрсөңөр, ага келгиле. Себеби, алардын арасында Алланын туура жолдогу халифасы болот».
Муснади Ахмад 21353-хадис.
17680 عَنِ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيرٍ قَالَ كُنَّا قُعُودًا فِي مَسْجِدِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكَانَ بَشِيرٌ رَجُلًا يَكُفُّ حَدِيثَهُ فَجَاءَ أَبُو ثَعْلَبَةَ الْخُشَنِيُّ فَقَالَ يَا بَشِيرُ بْنَ سَعْدٍ أَتَحْفَظُ حَدِيثَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي الْأُمَرَاءِ فَقَالَ حُذَيْفَةُ أَنَا أَحْفَظُ خُطْبَتَهُ فَجَلَسَ أَبُو ثَعْلَبَةَ فَقَالَ حُذَيْفَةُ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهم عَلَيْهِ وَسَلَّمَ تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَتَ
مسند أحمد
Нуъман ибн Башир dдан риваят кылынат, ал мындай деди: Биз Расулулла jдын мечитинде отурган элек. Башир d кем сөз адам эле. Абу Саълаба ал-Хушаний d келип: эй Башир ибн Саъд, Пайгамбар алайхис-саламдын амирлер жөнүндө айткан хадистери эсиңдеби? – деп сурады. Хузайфа d: Расулулла jдын хутбаларын мен жатка билемин, – деди. Абу Саълаба отурду. Хузайфа мындай деди: Расулулла j айткан: «Силердин араңарда Пайгамбарлык Алла каалаганча болот, кийин Алла каалаганда аны көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Алла каалаганча болот. Кийин Алла аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Ушуну айтып бүтүп Хузайфа унчукпай калды.
Муснади Ахмад 17680-хадис.
Сихахи ситта т.а. алты сахих топтом: Сахихи Бухарий, Сахихи Муслим, Сунани Абу Давуд, Сунани Термизий, Сунани Насаий, Сунани Ибн Маажа жана Сунани Даримий, Муснади Ахмад, Муватта Малик өз ичине алган хадистерде исламий мамлекеттин жетекчиси маанисиндеги خليفة – «халифа» сөзү 75 хадисте, خلفاء – «халифалар» сөзү 24 хадисте, خلافة – «халифалык» сөзү 62 хадисте, أمراء – «амирлер» сөзү 61 хадисте, إمام – «имам» сөзү 102 хадисте келген.
Ижмаъда айтылган халифа баяны
لما توفي رسول الله قام أبو بكر رضي الله عنه خطيبا كما سيأتي فقال أيها الناس من كان يعبد محمدا فإن محمدا قد مات ومن كان يعبد الله فإن الله حي لا يموت ولا بد لهذا الأمر ممن يقوم به فانظروا وهاتوا آراءكم فقالوا صدقت ننظر فيه
ثم ذلك الوجوب عندنا معشر أهل السنة والجماعة وعند أكثر المعتزلة بالسمع أي من جهة التواتر والإجماع المذكور وقال كثير بالعقل ووجه ذلك الوجوب أنه أمر بإقامة الحدود وسد الثغور وتجهيز الجيوش للجهاد وحفظ بيضة الإسلام وما لا يتم الواجب المطلق إلا به وإن كان مقدورا فهو واجب
الصواعق المحرقة لابن حجر الهيتمي المتوفي 973 ه ج: 1 ص: 25
Пайгамбар j дүйнөдөн кайтканда, Абу Бакр d адамдар арасында туруп мындай хутба окуду: Эй адамдар, кимде-ким Мухаммад jга пенделик кыла турган болсо, Мухаммад j өлдү. Кимде-ким Аллага пенделик кыла турган болсо, Алла ар дайым тирүү, өлбөйт. Алланын жиберген буйрук жана мыйзамдары үчүн албетте аны колдоно турган киши болушу зарыл. Ал жөнүндө ойлонуп көргүлө жана өз пикириңерди билдиргиле». Сахабалар: «Туура айттыңыз, ал киши жөнүндө ойлонуп көрөбүз», – дешти.
“Биз «ахли сунна вал жамаа»нын жана көпчүлүк муътазилалардын пикиринче, халифалыкты тикелөө важибдигинин далили – ушул ижма жана мутаватир кабар. Көпчүлүк анын важибдигинин далили акыл деп айтат. Анын важибдиги мында, ал жаза-чараларды колдонууга, мамлекет чегараларын коруктоого, аскерлерди жихадга даярдоого жана Исламды коргоого болгон буйрук болуп саналат. Мутлак важиб эмне менен ишке ашса – мейли, ал такдир кылынган нерсе болсо да – ал важиб болот”.
Ас-Саваикул мухрика 1-жуз, 25-бет. Автор Ибн Хажар Хайтамий, 973-хижрий жыл.
قال عمر وإن قوما يأمروني أن أستخلف وأن الله عز وجل لم يكن ليضيع دينه ولا خلافته والذي بعث به نبيه صلى الله عليه وسلم
مسند أبي عوانة 1 ج: 1 ص: 340
Умар ибн Хаттаб d өлүмүнөн мурун, сахабаларга хутба окуп жатып айтты: «Адамдар мага өзүмдөн кийин бир халифа дайындашымды буюрууда. Алла Азза ва Жалла Өз динин, Халифалыкты жана Пайгамбары j менен жиберген рисалатын эч качан жок кылбайт».
Муснади Абу Авана 1-жуз, 340-бет.
Акыйда маселелерин ачыктаган уламалардын халифа жана Халифалык туурасында айткандары
وجوب نصب الإمام ولا بد من تعريفها أولا قال قوم الإمامة رياسة عامة في أمور الدين والدنيا ونقض بالنبوة والأولى أن يقال هي خلافة الرسول في إقامة الدين بحيث يجب اتباعه على كافة الأمة وبهذا القيد يخرج من ينصبه الإمام في ناحية والمجتهد والآمر بالمعروف وإذا عرفت هذا فنقول نصب الإمام عندنا واجب علينا سمعا وقالت المعتزلة والزيدية بل عقلا وقال الجاحظ بل عقلا وسمعا وقالت الإمامية والإسماعيلية بل على الله إلا أن الإمامية أوجبوه لحفظ قوانين الشرع والإسماعيلية ليكون معرفا لله
وأما وجوبه علينا سمعا فلوجهين الأول إنه تواتر إجماع المسلمين في الصدر الأول بعد وفاة النبي امتناع خلو الوقت عن إمام حتى قال أبو بكر رضي الله عنه في خطبته ألا إن محمدا قد مات ولا بد لهذا الدين ممن يقوم به فبادر الكل إلى قبوله وتركوا له أهم الأشياء وهو دفن رسول الله يزل الناس على ذلك في كل عصر إلى زماننا هذا من نصب إمام متبع في كل عصر
كتاب المواقف لعبد الرحمن بن أحمد الإيجي المتوفي 756 ه ج: 3 ص: 574
Имам (Халифа) тикелөөнүн важибдиги туурасында:
Эң оболу ага аныктама (таъриф) берүү зарыл. Бир жамаат адамдар ага минтип аныктама беришти: Ал – дин жана дүйнө иштеринде жалпы жетекчилик жана ал Пайгамбарлыктан өзгөчө. Төмөндөгүдөй аныктама берилсе туурараак болот: Ал – динди тикелөөдө бардык Үммөт ээрчиши зарыл болгон Пайгамбардын орун басары. Бул аныктамага ылайык, жакшылыкка буюруучу, мужтахид жана имам бир вилаятка дайындаган адам имам деп айтылбайт. Бул аныктаманы түшүнгөн болсоңуз, биз мындай деп айтабыз: биздин оюбузча, имамды тикелөө бизге самъан (далили Куран, хадис, ижмаъ) важиб. Муътазилалар жана Зайдийлер имамды тикелөөнүн важибдигинин далили аклий дешет. Жахиз анын важибдиги самъан дагы, аклий дагы дейт. Шиалардын Имамия жана Исмаилия мазхабдары имамды тикелөө Аллага важиб дешет. Бирок, Имамиялар шариат мыйзамдарын коргоо үчүн аны важиб кылышат. Исмаилиялар болсо, Ал Алланы таанытуучу болгондугу үчүн важиб дешет.
Анын бизге самъан важибдиги эки жактама. Биринчиси: Пайгамбар jдын өлүмүнөн кийинки алгачкы доордогу мусулмандардын имамсыз бирер убакыттын болушу мүмкүн эместигине ижма кылгандары мутаватир болгон. Ал тургай, Абу Бакр d өзүнүн хутбасында мындай деген: Билип койгула, Мухаммад j өлдү. Бул динди тикелей турган киши болушу зарыл». Бардык сахабалар бул сөздү кабыл алууга шашылышты жана ушул иш үчүн эң маанилүү ишти – Расулулла jды жайына коюуну кийинкиге калтырышты. Биздин заманыбызга чейинки өткөн бардык кылымдар бою адамдар ар бир доордо ээрчиле турган имам-халифаны тикелөө важиб деген сөзгө ижма кылып келишүүдө.
Китабул Мавакиф 3-жуз, 574-575-беттер. Автор Абдуррахман ибн Ахмад ал-Ийжий, 756-хижрий жыл.
Сахабалар хулафаи рошидиндердин туура жолдогу халифалар экендиктерин жана алардан кийин халифалар болушу зарылдыгын тастыктап, ижма кылгандыктары абдан көп айтылган.
Орто Азиядагы мусулмандар өздөрүн ахли сунна вал жамаа жамаатынан эсептешкен. Алар иътикод маселелеринде 537-хижрий жылда дүйнөдөн кайткан Абу Хафс Умар ан-Насафийдин «Акоиди Насафия» аттуу китебинен кеңири пайдаланышкан. Ушул китепке 722-792-хижрий жылдарда жашап өткөн аалым Саъдиддин ат-Тафтазаний шарх жазган. Ушул китептин 109-114-беттеринде халифа жана халифаны тикелөө туурасында төмөндөгүлөр жазылган. Насафий мындай дейт:
Халифалык отуз жыл болот, кийин падышалык жана амирликтер болот. Анткени, Пайгамбар алайхис-салам айткан: «Менден кийин халифалык отуз жыл болот, кийин зордукчул падышалык болот». Алий d Пайгамбар jдын өлүмүнөн кийинки отузунчу жылда шейит кылынган. Муавия жана андан кийинки жетекчилер халифалар эмес, балким падыша жана амирлер.
Бул сөздөрдү Тафтазаний мындайча шархтайт:
Насафийдин ушул сөздөрү көйгөй жаратат. Себеби, Үммөт ичиндеги ахли хал вал акддар т.а. мужтахиддер Аббасий халифалардын халифа экендиктерине, Марванийлерден Умар ибн Абдулазиз сыяктуулардын халифа экендиктерине келишишкен. Халифалык отуз жыл болот деп айтылган сөздөн максат: Ихтилафтан, итаатсыздыктан бир да нерсе аралашпаган камил халифалык отуз жыл болот, андан кийин мындай абал ыктымал болот, ыктымал болбойт, – деген түшүнүктү түшүндүрүү болгон. Мунун мааниси хулафаи рошидиндерден башка халифалар болбойт дегени эмес. Анткени, Пайгамбар j: «Үммөтүмдүн ичинде он эки халифа болот» деп айткан. Халифалык отуз жыл болот деп айтылган хадистен максат, хулафаи рошидиндердин алып барган иштерин үлкөн кылып көрсөтүү жана алар башка халифалардан ахлак жагынан, башкаруу иштеринде өзгөчө айырмаланып тургандыктарын баян кылуу болгон. О.э. туура жолдогу халифалар катарма-катар отуз жыл өкүм сүрүшүн, кийин мындай абал ыктымал кайтып кайталанбашын баяндаган.
Халифаны тикелөө важибдигине бардык мазхабдар (Ахли сунна вал жамаа, Муътазила, Имамия, Зайдия) ижма кылышкан. Алардын арасындагы келишпестик: халифаны тикелөө Аллага важибби же пенделерге важибби; анын далили самаийби же аклийби – ушулардын үстүндө болгон. Ахли сунна вал жамаа мындай иътикод кылат: Халифаны тикелөө Аллага эмес, пенделерге важиб, анын далили самаий деп, Пайгамбар jдын ушул хадисин келтиришет:
مَنْ مَاتَ وَ لَمْ يَعْرِفْ إِمَامَ زَمَانِهِ فَقَدْ مَاتَ مَيْتَةً جَاهِلِيَّةً
«Кимде-ким өз заманынын имамын билбей өлсө, ал жахилият өлүмүндө өлгөн болот».
Алар дагы өз пикирлерине ушул ижманы далил кылып келтиришет: Үммөт Пайгамбар jдын өлүмүнөн кийин халифаны тикелөөнү эң маанилүү милдет кылышкан. Ал тургай, бул милдетти Пайгамбар алайхис-саламды жерге коюудан мурунку орунга коюшкан. Ар бир халифа өткөндөн кийин да дал ушундай кылышкан.
Алар төмөндөгү сөздү да өз пикирлерине далил кылып келтиришкен: Шаръий важибаттардын өтө чоң бөлүгү имам-халифага байланыштуу. Насафий бул жөнүндө мындай дейт: Мусулмандарга шаръий өкүмдөрдү аткара турган, хад – жаза чараларын тикелей турган, мамлекет чегараларын коргой турган, мусулмандар кошуунун даярдай турган, алардын садакаларын жыя турган, зордукчулдарды, ууруларды, каракчыларды тыйып коё турган, жума, айттарды аткарта турган, пенделер ортосундагы келишпөөчүлүктөрдү чече турган, акылар үстүндөгү күбөлүктөрдү кабыл кыла турган, валийси болбогон жетимдерди үйлөп-жайлай турган, олжолорду мусулмандар арасында бөлүштүрө турган, кыскасы, жеке адамдар аткара албай турган иштерди өтөй турган имамлын болушу зарыл. Чыныгы имамда төмөнкүдөй сыпаттар табылышы шарт: мусулман, эркин, акылга толгон, балагатка жеткен, адилеттүү, мусулмандардын бир жамаатынын ага ыраазылык менен берген байъаты аркылуу имам болгон болушу, ал Ислам калимасын үстөм кылууну, мусулмандарга жардам берүүнү, ал себептүү мусулмандардын малдары, жандары, абройлору амандыкта болушу, ал үшүр, хиражды шаръий жолдор менен топтоп, уламаларга, хатибдерге, казыларга, муфтийлерге, мударристерге, илим алуучуларга жана башка сарп-каражаттарга Байтулмалдан алып бөлүштүрө турган болушу, мусулмандарга мээримдүү, ырайымдуу, адилеттүү болушу ылазым. Кайсы имам ушундай сыпаттарга ээ болбосо, ал чыныгы имам эмес. Ага жардам берүү важиб болбойт, балким ага каршы чыгуу, ага каршы күрөш алып баруу важиб болот. О.э. имам адамдар беймарал кайрылуулары үчүн душмандан, залимдерден, баскынчылыктан коркконунан жашырынып албаган, ачык болушу ылазым. Анткени, муну менен жетекчини тикелөөдөн көздөлгөн максат жүзөгө чыксын. Жана дагы залимдердин түзүмү жемирилгенден кийин, фасаддар бүткөндөн кийин, заман оңдолгондон кийин чыгышы күтүлүп жаткан болбошу керек. Ал саясий адам болушу т.а. мусулмандардын иштерин өз пикири, илими, кудурети менен башкара ала турган болушу, илими, адилети, жөндөмү жана кайраты менен өкүмдөрдү колдонууга, Ислам диярынын чегараларын коргоого, мазлумдардын акысын залимдерден өндүрүп берүүгө кудуреттүү болушу керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here