Коронавирус: дүйнөлүк дүрбөлөң – империалисттик экстремизм
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө өлкөлөрүн бөлүштүрүп алган империалисттик мамлекеттер өз ара колония талашууларынан улам улантып келе жатышат. Бүгүнкү коронавирус дүрбөлөңү да мына колонизаторлукту ишке ашыруудагы ыкмалардын бири болуп саналат.
Мамлекеттердин эл аралык структурасында АКШ дүйнөлүк 1-мамлекет болуп келүүдө. Анын дүйнөнү башкаруудагы союздаштары – ушул эле учурда – колония талашуудагы атаандаштары да болуп саналат. Ал атаандаштарына карата Америка кабыл алган стратегиялардын негизгилери төмөнкүлөр: АКШнын КЫТАЙГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯСЫ, ЕВРОСОЮЗГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯСЫ, РОССИЯГА КАРШЫ СТРАТЕГИЯСЫ.
Америка Кытайды ийининде кармоо үчүн, ага каршы стратегияны биринчи орунга койду. Мына ушунун алкагында дүйнөлүк коронавирус дүрбөлөңү келип чыкты.
Алгач коронавирус окуясын Кытай тооткон жок. Анткени, анын коркунуч деңгээлин ал жакшы билет эле. Ошондуктан, ал мындан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып кетүүнү ойлоду. Элинин көңүлүн ушуга буруп, анын артында Чыгыш Түркстан жана Гонконг сыяктуу көйгөйлөрдү бастырып салмакчы болду. Мына ушундай максатта, анын дүйнөлүк дүрбөлөң түсүн алышына жол ачып берди. Бирок, ал маалымат согушунда алсыздык кылып, Американын маалымат согушу капканына түштү.
АКШнын маалымат согушун жалындатууга анын таасири астындагы бийликтер кызмат кылып беришти. Мисалы, алгач коронавирустун жайылышын жабыртып көрсөтүүгө Таиланд, Түштүк Корея, Япония, Австралия бийликтери кызмат көрсөтүштү. Учурдагы эл аралык структура боюнча, Австралия өз кызыкчылыгын АКШ жана Британия аркылуу жүзөгө чыгарган эгемендүү мамлекет эсептелет. Япония болсо, структура боюнча, АКШ таасири астындагы мамлекет. Ал эми, Түштүк Корея жана Таиланд Америкага түздөн-түз көз каранды мамлекеттер болуп саналышат.
Андан ары дүрбөлөндү күчөтүүгө төмөнкүдөй салымдар кошулду:
Ирандын беш министри коронавируска чалдыкканы таркатылды. Иранда вирус таркалгандан бери 600 карапайым адамдар набыт болушту, бирок, тигил чиновниктери дале тирүү. Маалым болгондой, Иран бийлиги АКШга сыртынан душман көрүнүмүш болуп, иш жүзүндө малайлык кылат.
Евросоюз Американын биринчи мамлекеттигине кооп салбашы үчүн, ал аны өзүнөн алсыз абалда кармап туруу үчүн стратегия кабыл алган. АКШ коронавирустан ушул максатта да пайдалана алды. Мында ага европалык союздаштары жардамга келди.
Европада вирустун очогу Италия болуп калды. Италия эл аралык структурада өз кызыкчылыктарын АКШ жана ЕС аркылуу ишке ашырган эгемендүү мамлекет саналат. Б.а. Италия АКШнын Европадагы эң биринчи союздашы. Ошондуктан да, Италияда бир нече чиновниктер вируска кабылганы кабарланды. Вирустан буга чейин 400гө жакын адам өлдү, бирок, ал чиновниктер өлбөдү. (Карыган бир чиновникке же өлүмгө өкүм кылынган оппозиционерге эле жугузуп коюшпаса, чиновниктер бул вирустан өлүшпөйт). Натыйжада, Италия башка мамлекеттерге вирус таратуучу болуп калды жана о.э. вирус дүрбөлөңүн дүйнөгө жакшы эле “жарнамалап” берди.
Британия болсо дүйнөгө белгилүү футболчуларын “оорукчан” кылды. Белгилүү болгондой, Британия империалисттик державалыгын сактап калуу үчүн Евросоюздан бөлүнүп чыгып, мындай абалда Американы башкы союздаш катары карманууда. Жана дагы, дүйнөлүк маалымат айдыңы дээрлик мына ушул Британия менен АКШнын көзөмөлү астында экенин белгилей кетели.
Польшанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы да “тумоолоп” калганы кабарланды. Эске салсак, Евро Союз ичинде көйгөйлөрдү жаратып туруу үчүн, АКШ анын ичине Чыгыш Европа мамлекеттерин киргизген. АКШ таасири астындагы ал мамлекеттердин көч башында Польша турат.
Мына эми Канада премьеринин келинчеги “вирустанып” чыга келди. Ал Британиядан кайтып келген эле. (Эгер Жастин Трюдо эле аялынын вирустан өлүшүн каалабаса, ал деле аман-эсен айыгып кетет). Структура боюнча, Канада кызыкчылыктарын АКШ жана Британия аркылуу жүзөгө чыгарган эгемендүү мамлекет.
Бириккен Улуттар Уюмун 5 держава түзсө да, негизинен, андан көбүнчө Америка өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланат. Ушундан улам, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму – эч кандай негиз жок болсо да – жасалма негиздер жаратуу менен бул оорууну дүйнөлүк пандемия деп жарыялады.
Евросоюз мамлекеттерине келсек, Франция бийлиги өлкөсүндөгү тынымсыз уланып келген нааразылык акцияларын жоюш үчүн бул дүрбөлөң көчүнө келип кошулду. Германия болсо, калкын нааразы кылып албаш үчүн, аргасыздан дүрбөлөңгө ээрчиди, негизи, бул ЕС локомотиви болгон мындай мамлекет үчүн оор сокку болуп саналат.
АКШнын Россияга карата стратегиясы – аны державалык деңгээлинен түшүрүп, чакан мамлекетке айлантуу. Ошондуктан, “вирустун” бир учу Россияга да каратылган. Бери дегенде, бул Россиянын ЕАЭБ уюмуна сокку болот эле. Анткени, коронавирус шылтоосу менен чегаралардын жабылышы уюм ичиндеги мамлекеттердин интеграциясын сындырып, өлкөлөрдү оор абалга кептейт. Мунун каршысында, Россия да Кытай менен Франциянын катасын кайталады. Ал дагы өзүндөгү нааразылык акцияларын токтотуп, конституцияга өзгөртүүлөр киргизип алыш үчүн, “вирусту жугузуп алды”.
Бул Американын буга чейинки оюндары болду. Бирок, анын бул оюну бүтө элек. Американын азыр Африкада Британия жана Франциядан талашып жаткан орундары бар. О.э. Россия жана Кытайдан Орто Азия өлкөлөрүн талашып жатат. Эми бул өлкөлөрдүн Россияга малай, Кытайга кызматкер бийликтерин сындырыш үчун, бул илдет дүрбөлөңүнөн пайдалануу ыхтымалы зор. Россия өкүмзордугунан кутулуу үчүн Батышка ыктап жаткан Казакстан менен Өзбекстанда вирустун катталышы жана Тажикстан менен Кыргызстанда азык-түлүк ызы-чуусунун башталышы ушуга далалат кылат.
Кыргызстанга келсек, Россияга кызмат кылып жаткан Кыргызстан бийлигине Американын каары келгени качан. Ошондуктан, учурдагы бийликке каршы бир нече иш чараларды көрүп келүүдө. Анын каршысында, Кыргызстан бийлигинин алсыздыгы бир канча орундарда көрүнүп калды. Мына эми коронавирус окуясында да алсыздыгын көргөзүп, ал дүрбөлөң артынан аргасыздан ээрчип барууда. Америка болсо калкка камкор болуп көрүнүп, коронавируска каршы – вирус каттала элек жатып – “жардам колун созуп” баштады. Бул нерсе, Россия колдоосуна таянган Кыргызстан бийлигинин АКШ кадрларына каршы күрөшүүсүн алсыратат.
Кыргызстан бийлиги Американын демократияга жамынган саясий аракеттерине каршы турууга алсыздык кылып баратат. Анткени, анын өзү да ушул бузук демократиялык түзүмдү кабыл алган. Демократиялык бузукулуктарга каршы коюп жаткан улутчулдук, мекенчилдик идеялары суу кечпей калууда. Темага байланыштуу мисал келтирсек, ушул коронавирус дүрбөлөңүнө каршы улутчулдук жана мекенчилдик идеялары менен кантип каршы турууга мүмкүн?
Бул менин мендеги маалыматтарды бири-бирине байлоо аркылуу чыгарган тыянак серебим болду. Аны жүз файыз акыйкатка дал келет деп айтуудан алысмын, бирок, бир нерсени ишеничтүү айта аламын: бул коронавирус окуясы империалисттердин пайда талашуу оюндарынан башка нерсе эмес.
Ошондуктан, Кыргызстан калкы мусулман болгондуктан, анын жетекчилери да, жарандары да ар бир окуяга карата исламий позицияны кармануулары керек. Исламий акыйда боюнча, дарт да, шифаа да Аллахтан. Ошондуктан, бул дарттан жана анын кесепеттеринен алдын ала коркууга түшүп болбойт, балким, Аллахка таваккул кылуу керек. Ишеним жагынан ушундай. Ал эми аткарыла турган амалдар жагына келсек, мындай абалдарда аткарылышы керек болгон шаръий өкүмдөр бар, мына ошолорго амал кылышыбыз керек. Төмөндө алардын айрымдарына токтоло кетели:
– Эч кандай дүрбөлөңгө алдырбаш керек. Анткени, расмий болбосо да, мейли кеч болсо да, дүйнөгө дүрбөлөң салган маалымат согушу каршысында, аны жокко чыгаруучу маалыматтар ачыкка чыгууда. Биз, мусулмандар, бул жаатта сергек жана жаркын пикирлемейинче, кызыкдарлар айтып жаткан тыянакты тастыкташыбыз мүмкүн эмес.
– Башка жугуштуу оорууларга каршы чаралар көрүлгөндөй эле, өзүбүздөгү мүмкүнчүлүк чараларын көрүшүбүз керек
– Мамлекет азык-түлүк коопсуздугун камсыздап бериши керек. Байлардын бул окуяда монополия жолу менен дагы байып алуусуна жол бербеш керек. Анткени, монополия Исламда ихтикаар аталып, ал харам иш. Ошондуктан, азык-түлүк ызы-чуусуна түшпөстөн, мамлекеттен ушуну талап кылуу керек.
– О.э. мамлекеттер коңшулаш мусулман өлкөлөр менен чегаралардын жабылуусуна катуу каршы туруусу керек, биз ошону талап кылышыбыз керек.
– Мамлекет башкалар тарабынан ооруу жугузулушу коопсуздугун да камсыздап бериши керек. Себеби, ушундай жугузуунун ыхтымалы жогору. Маселен, вирустун Италиядан Казахстанга келишиндеги бир мисалды ойлоп көрүңүздөр. Италияда 20 миң адамга гана вирус жуккан. Ал эми, 60 млн калктын калганы сак-саламат эле жүрөт. Эми ошол миллиондор ичинен бул вирус “бир казакстандыкты таап жугайын” деп, өзү жугуп алды дейсизби?.. Мамлекет мусулмандарды “экстремист” деген жалаа менен куугунтуктабастан, мына ушундай вирус жуктуруучу чыныгы экстремисттердин шумдуктарына бөгөт коюулары керек. Тилекке каршы, биздин бийликтер алардын дипломаттарын текшерүүгө даай албайт. (Ошондуктан да, массалык жыйындарга чектөө коюлганына карабастан, алар “аял укугу” акцияларында сайран тээп жүрүшөт).
Булар учурдагы чечимдер болду.
Ал эми түпкү чечимге келсек, капиталисттер жамынып алган демократиялык идеологияны ыргытып салып, анын колонизаторлук-империалисттик түзүмүн кулатып салышыбыз керек. Анткени, пайданы кудай кылып алышкан капиталисттер өз кызыкчылыктары жолунда ушундай шумдуктарды ишке ашырышат. Мындай оюндарында карапайым калктардын кырылып кетиши да алар үчун эч нерсе эмес. Себеби, алардын назарында “максат ыкманы актайт”. Демократияга жамынган империализмдин кулашы – аны жеңе ала турган Ислам мабдасын алып келүү менен болот. Исламды жайууда коронавирус окуясы сыяктуу харам иштер ыкма кылып алынбайт, анткени, максатты ишке ашырууда харам ыкманы пайдалануу да харам. Исламды турмушта толугу менен Ислам мамлекети колдонот. Ошондуктан, Ислам мамлекетин тикелөө үчүн, биз, мусулмандар, Пайгамбар а.с. көрсөтүп кеткендей аракеттерди алып барышыбыз керек.
Тарыхта Ислам мамлекети болгон Халифалык 14 кылым бою дүйнөлүк биринчи мамлекет болуп келген. Дүйнөгө Исламды жайган. Ал алгачкы доорунан тартып эле, ошол кезде дүйнөгө бузукулук менен өкүм жүргүзгөн Византия, Перс империяларын кулаткан. Мына эми ошол мамлекеттин кафирлер тарабынан кулатылганына 99 жыл болду. Ошондон бери, 3 күн ичинде аткарылышы керек болгон важиб, 99 жылдан бери мусулмандар мойнунда аткарылбай асылып турат…
Макала Халифалык кулатылган кайгылуу күндүн 99 жылдыгына арналат
Абдулхакийм Караханий