Жээнбеков: Тышкы карыздар үчүн эч кандай жер, кен байлыктар берилбейт

421
0

Жээнбеков: Тышкы карыздар үчүн эч кандай жер, кен байлыктар берилбейт

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуу учурунда тышкы карыздарды төлөө боюнча маалымат берди.

“Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт”, – деди Жээнбеков.

Президенттин маалыматына ылайык, алдыдагы 10 жылда тышкы карызды төлөөгө жылына 23 млрд. сомдон (335 млн. доллар) ашык каражат жумшалат.

Комментарий: Президент шайлоонун алдында жарандарды тынчтандырмакчы болууда. Бирок, бийлик азыркыга чейин мамлекетти өнүктүрүү үчүн бирер жүйөлүү реформа өткөрбөдү. Тажикстан кырызынын акысына жүз миңдеген гектар жерлерин Кытайга берип жиберди. Африкада бир катар жакыр мамлекеттер инфраструктураларын, аэропот, порт сыяктуу стратегиялык жерлерин беришти. Бирок, мамлекеттер карызынын акысына жерлерди белгилүү бир убакытка түзүлгөн келишим негизинде беришет.

Жээнбеков, Кытайга жерлерибиз берилбейт дегенде — ижарага да берилбейт дегенди назарда туткан жок. Себеби, Тажикстан да карызына жерди биротоло берип жиберген жок. Башкача айтканда, Тажикстан жерин “99 жылга убактылуу бердим” деп эсептейт. Бирок, “элүү жылда эл жаңы” дегендей, 99 жылга чейин ким бар да, ким жок. Демек, бул мөөнөт элди чалгытуу жана кырдаалдан чыгуу үчүн ойлоп табылган айла-амал болуп эсептелет. Буга Россия бир кездерде “Алясканы” Америкага убактылуу берип, бүгүнкү күнгө чейин кайтарып ала албагандыгын мисал келтирсек болот. О.э. Палестина жерлери яҳудийлерге убактылуу берилип, бүгүнкү күндө яхудийлер Палестинанын калган аймактарын да басып алып жаткандыгын да мисал келтирсек болот! Кыргызстандагы Кумтөр алтын кени да дээрлик өздөштүрүлүп, жаңы аймактарга кеңейип бара жатканы, сатып албай туруп деле ээлик кылуу мүмкүн экендигин далилдеп турат.

Логистикалык борбор куруу үчүн Кытайга берилип жаткан Ат-Башы районундагы жер үчүн да жогорудагы жасалма “ижарага берүү” системасы колдонулганы турат.

Эл аралык саясат, бир мамлекет башка мамлекеттин жерлерин басып алышына же тартып алышына мораторий киргизген. Бирок, ири мамлекеттер алсыз мамлекеттердин жерлерин ижарага алып, кийин түрдүү жолдор аркылуу ал жерлерди кайтарып бербестик жолдорун мыйзамдаштырып алышкан. Ошондуктан, Кыргызстан Кытайга карыздарын албетте өз убагында төлөйт. Бирок, муну дал ушул жерлерди, кендерди  жана стратегиялык обьекттерди (ГЭС, аэропорт, темир жолу…) ижарага берүү аркылуу ишке ашырат.

Президент, “бийлик Кытайга карызды төлөө механизмин тапты” демекчи болууда. Бирок ошол эле учурда, Кытайдан же башка мамлекеттерден карыз алуу жана инвестиция тартуу үчүн катуу аракет кылууда. Демек, эч кандай экономикалык силкинүүлөр, реформалар жүз бербеди о.э. жакынкы келечекте да реформалар болору күтүлүп жаткан жок!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here