Вашингтон Борбор Азия мамлекеттерине жардам катары 9 млрд. доллар берген

423
0

Вашингтон Борбор Азия мамлекеттерине жардам катары 9 млрд. доллар берген

 АКШ “мындан да туруктуу жана өнүккөн Борбор Азия жаратууну” пландаштырууда. Ошону менен бир катарда, АКШ  Борбор Азиянын беш мамлекети менен кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу, АКШ мамлекеттик департаменти 7-февралда жарыялаган аймактык стратегияга тиешелүү документте айтылган.

“Бул дүйнөлүк базарлар менен байланышкан, эл аралык инвестиция үчүн ачык, күчтүү демократиялык институттарга ээ, мыйзам үстөмдүгү орногон о.э. адам укуктары урматтала турган кызыкчылыктар болот. АКШ Борбор Азиянын туруктуулугуна о.э. коопсуздугуна түздөн-түз салым кошот”, – деп айтылат департаменттин кабарында.

 АКШ ушул кезге чейин Борбор Азия үчүн 9 млрд. доллар ажыраткан. АКШнын жардамы менен эл аралык каржы институттары 50 млрд. доллар бөлгөн. Жеке сектор аркылуу 31 млрд. доллар келген.

 Комментарий: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун 1-3- февраль күндөрү Борбор Азиядагы эки жетекчи мамлекет – Казакстан жана Өзбекстанга болгон сапары АКШ региондо активдүү аралашуу үчүн таштаган олуттуу кадамдардын бири болду. Помпео сапарынын алкагында Казакстанга АКШ компаниялары менен кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштаган болсо, өзбек бийлиги ишке ашырып жаткан  реформаларды колдошун жана бул жолдо жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. О.э. Помпео Казакстанды Шинжаңдагы мусулмандарга кысым көрсөтүп жаткан Кытайга басым өткөрүүдө Вашингтонго кошулууга чакырды.

 Өзбекстан президенти менен жолугушуу учурунда Борбор Азия мамлекеттери Кытай менен эмес, АКШ менен соода кылышы пайдалуураак болорун талкуулады.

 “Алардын узун чек аралары бар, алар Кытай жана Россиянын таасири бар аймакта жайгашкан. Биз алар аткарышын каалап жаткан, Америка бул жерде кылып жаткан иш алардын туура чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн, мыйзамдар негизинде ачык-айкын башкарууга жетишүүсүн колдоп-кубаттоо ”, – деди мамлекеттик катчы.

 “Биз аларга Америка инвестициясынын абзелдиктерин кайра-кайра эскертип жатабыз жана Кытай сыяктуу саясий максаттарды көздөп келишим түзө турган өнөктөш-мамлекет”терден эскертебиз”, деди Майк Помпео.    

 Демек, АКШнын Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясындагы артыкчылыктуу багыт – регион мамлекеттерин мүмкүн болушунча Россия жана Кытайдын таасиринен чыгарып алууга каратылат. Ал үчүн болсо, Америка Афганистанда тынчтык орнотушу жана региондогу мамлекеттерди дүйнөлүк базарга алып чыгуушылтоосу менен табигый байлыктарды ташып кетүү үчүн альтернативалык жол ачышы керек болот.   

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here