Премьер-министр: Логистикалык борбор курулса, болжолдуу түрдө 150 миллион сом Ат-Башы районунда калат
Биз өкмөттөн экономикалык реформаларды талап кылып жатабыз. Өкмөт да экономикалык өнүгүүдөн жоопкер экендигин сезип, болгон мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга аракет кылууда. Өкмөт болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланган күндө деле – Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү эл аралык саясатка байланыштуу болгондуктан – ички ресурстарды ар дайым эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура пайдалана албайт. Мисалы, Өзбекстанды Кытай аркылуу океанга алып чыгышы мүмкүн болгон темир жол Кыргызстандан өтүшү керек эле. Бирок, бул долбоор Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарына зыян жеткириши анык болгондуктан, Россия аталган долбоорду мүмкүн болушунча кечиктирип келет.
Кыргызстандын премьер-министри “силерге ай сайын 150 миллион сом калат” деген сөзү аркылуу жергиликтүү митингчилер менен соодалашууда. Максаты, Кытайдын долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык кызыкчылык убада кылуу менен жергиликтүү калктын этибарын башка жакка буруп, аларды чалгытуу. Негизи, ар бир долбоордун экономикалык же каржылык кызыкчылыктарынан тышкары саясий, геосаясий жактан өтө маанилүү тараптары да бар.
Премьер-министр: “Учурдагы эл аралык саясаттын басымы астында экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес. Калк экономикалык өнүгүүнү талап кыла берсе, өкмөт бюджетти толтуруу үчүн мамлекеттик жерлерди, кендерди, аэропорт, темир жол сыяктуу стратегиялык обьекттерди сата берет. Себеби, биздин өз алдыбызча өнүгүшүбүзгө эл аралык саясат жол бербейт”, – деген акыйкатты айта албайт! Натыйжада, бийликтегилер бүгүнкү күндөгү арзыбаган кызыкычылыктар үчүн о.э. кызмат орундарын сактап калуу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгына үлкөн зыяндарды жеткирүүчү долбоорлорго кол коюп жиберишет.
Мухамедкалый Абылгазиев да эл аралык саясаттын айла-малдарынан кабарсыз эмес. Ал Тажикстан чек арасындагы жаңжалдардын о.э. Кытайдын экспансиясына каршы аракеттердин артында Россия жана АКШ сыяктуу эл аралык саясатта таасирге ээ мамлекеттер турганын жакшы билет. Премьер-министр парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушуга ишара кылып: “20-30дай киши элди дүрбөтүп жатат”, – деди.
Ушулардан жыйынтык чыгарсак, “чындап эле Кыргызстан өнүгүшү керек деп ойлой турган болсок, анда учурдагы эл аралык башкаруу системасынан баш тартышыбыз керек” деген логикалык тыянакка келебиз. Себеби, эл аралык саясат жана ага көз каранды болгон дүйнөлүк башкаруу системасы ири мамлекеттер ортосунда талаш-тартыш астында калды. Алар биздин өлкөлөрүбүздөгү материалдык жана моралдык байлыктарыбызды бири-биринен талашышат. Дүйнөдө жүз берип жаткан бардык саясий, аскерий, сакафий жана маалыматтык күрөштөр бири-бири менен колония талашуу негизинде, башкача айтканда, биздин материалдык кызыкчылыктарыбызды бири-биринен тартып алуу негизинде ишке ашырылат.
Нарында курулушу күтүлүп жаткан логистикалык борбор да Кытайдын баскынчылык долбоорлорунун бири болуп эсептелет! Өкмөттүн бул долбоорду башын сайып коргоп жатышынын артында, Кытайга жагынуу, бул долбоор аркылуу убактылуу болсо да проблемаларды чечип туруу о.э. ТЭЦ окуясындагы сыяктуу жеке кызыкчылыктар жатат.
Абдураззак Муъмин.