Путин дүйнөнүн коопсуздугуна эмнелер коркунуч туудуруп жатканын айтты

240
0

Путин дүйнөнүн коопсуздугуна эмнелер коркунуч туудуруп жатканын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин дүйнөнүн коопсуздугуна эмнелер коркунуч туудуруп жатканын айтты. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги  кабарлады.

Владимир Путин 5-февралда элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда: “Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө адамзат кооптуу чекке жакындады. Буга аймактык чыр-чатактардын көбөйүшү, терроризм жана экстремизмдин күчөшү, курал-жаракты көзөмөлдөө системасынын кыйрашы, глобалдык экономиканын туруксуз абалы себеп болууда”, – деди.

Комментарий: “Левада-центр” изилдөө борборунун быйыл январь айында өткөргөн сурамжылоосунун натыйжасында, башка чыныгы альтернативалык талапкер болбогон учурда россиялыктардын 45 пайызы гана президент үчүн добуш берүүгө даяр экендиги, сурамжылоого катышкан жарандардын болгону 23,8 пайызы гана Владимир Путиндин саясатын колдору  белгилүү болду. Бул болсо, 2000-жылдан бери катталган эң төмөнкү көрсөткүч.

 Путин айланасына бир топ олигархтарды чогултуп алып, аларга чексиз мүмкүнчүлүк жана ыйгарым-укуктарды берүү менен Россия экономикасын туңгуюкка кептеп койду. Россия 2014-жылы Крымды аннекция кылып алгандан кийин АКШ жана Европа мамлекеттери колдонуп жаткан экономикалык санкциялар да буга кошумча болду. Адамдардын жашоо деңгээли жылдан-жылга төмөндөп, Россияда өкмөткө жана Путинге каршы нааразылык акциялары күчөп барууда…

Путинди мындай абалдан аскерий кырдаал жана аракеттер гана сактап калышы мүмкүн. Мунун эң оңой жана сыналган жолу жарандарды “терроризм” коркунучунан “коргоо” шылтоосу менен мусулмандардын атынан бир нече теракттарды уюштуруу. Ал президенттик кызматка келерде да кудум ушундай теракттарды ишке ашыруу менен жарандардын ишенимине кирип, позициясын бекемдеп алган эле.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here