Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн автоунаа ташый баштайт

398
0

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн автоунаа ташый баштайт

Кыргызстан эми Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн чыккан автоунааларды сатып ала баштайт. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде билдирди.

“Биз эми ЕАЭБге мүчө Орусиянын, Казакстандын, Беларустун автоунааларын сатып ала баштайбыз”, – деди Муканбетов.

Мамлекеттик бажы кызматы буга чейин 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Жаңы тарифке ылайык, 1-январдан тарта бажы төлөмдөрү кескин кымбаттайт. Маселен,  2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушул эле унаанын бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

            Белгилүү болгондой Бажы Биримдиги түзүлгөндөн бери уюмга мүчө өлкөлөр оор жоготууларга учураса, Орусия тескерисинче пайдага ээ болууда. Муну аталган өлкөлөрдүн соода байланышы да так көрсөтүп турат. Маселен, 2019-жылдын январь-сентябрь айларына карата Казакстан ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө 4 млрд.доллардык товар экспорт кылып, алардан 9.3 млрд.доллардык товар импорт кылган. Ошентип, тышкы соодадагы тескери сальдо 5.3 млрд.долларга барабар болгон. Белорусиянын тышкы соодадагы тескери сальдосу – 4.7 млрд.доллар (экспорт – 9.4 млрд.доллар, импорт – 14.1 млрд.доллар), Кыргызстандыкы – 925 млн. доллар (экспорт – 391,6 млн.доллар, импорт – 1.3 млрд.доллар), Армения – 513.6 млн. доллар (экспорт – 465.4 млн.доллар, импорт – 979 млн.доллар).  Ал эми Орусиянын оң сальдосу 11.2 млрд. долларга барабар болуп, экспорттун көлөмү 24.4 млрд. доллар, ал эми импорт 13.2 млрд. долларды түзгөн.          

Мындан ачык көрүнүп тургандай, Орусия ЕАЭБди түзүүдөн максаты өзүнүн өтпөй калган товарларын сатуу үчүн жаңы базар ачуу болгон. Муну менен бирге, алардын экономикалык көз карандылыгын күчөтүп алууда бар. Анткени, Орус бийлиги эч качан Кыргызстандын же ЕАЭБдеги башка бир мамлекеттин өнүгүп кетишин каалабайт. Биздин акимдер болсо бул уюмдун эч кандай пайдасы жоктугун билип туруп да, өз бийликтерин сактап калуу үчүн өлкөнү уюмга алып киришти жана калкыбыз анын залалын тартып келүүдө. Эми минтип Орусиянын сапатсыз унааларын сатып алуу алдында турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here