Өзбекстан Россиядан “Тайфун” брондолгон автоунаалардын ири партиясын сатып алды

345
0

Өзбекстан Россиядан “Тайфун” брондолгон автоунаалардын ири партиясын сатып алды

Россиянын эң бир заманбап, жогорку деңгээлде корголгон, 4х4 дөңгөлөк схемасына ээ “Тайфун-К” К-53949 брондолгон унаалары Өзбекстан армиясы үчүн сатып алынды.  

Бул аскерий техника Өзбекстанда май айында “Чирчик” полигонунда болуп өткөн танк биатлону боюнча мелдештерде алгачкы жолу көрсөтүлгөн. Учурда техника бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн.

Өзбекстан К-53949 техникасын куралданууга алган алгачкы чет мамлекет болду. 

“РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлагандай, Өзбекстан бул аскерий техниканын ири партиясын сатып алды. Бул техникалар Өзбекстанга быйыл жеткириле баштайт. 

Мындан тышкары, Өзбекстан ушул жылы Орусиядан БТР-82А бронетранспортёрлорун, “Тигр” брондолгон автоунааларын, “Сопка-2” радиолокациялык станцияларын сатып алган. Мындан сырткары Өзбекстанга 12 даана Ми-35М транспорттук-аскердик тик учактарын жеткирүү келишими да күчүндө.  .

Комментарий: Өзбекстан армиясын 2020-жылга чейин жаңы куралдар менен жабдууну жана модернизациялоону пландаштырган. Аскерлер абадан коргонуу каражаттарына, вертолёттор,го бронетанктарга жана артиллериялык системаларга ээ болот. Армияны кайрадан куралдантуу өтө чоң өлчөмдөгү каражат талап кылары табигый көрүнүш. 2018-жылы Өзбекстандын коргоо тармагындагы чыгымдары ИДПнын 4 пайызына, башкача айтканда, 1,4 миллиард долларга барабар болгон.

 Армияны куралдандыруу үчүн жыл сайын бөлүнө турган 1 миллиард доллардан ашуун каражат АКШ жана Россиянын аскерий-өнөржай комплекстери үчүн чоң базар болуп эсептелет. Ошол себептен да алар бири-бирин Борбор Азиядагы курал базарынан сүрүп чыгаруу аракетин башташты. Быйыл июль айында АКШнын Өзбекстандагы элчиси Даниэл Розенблюм Ташкентте журналисттер менен жолугушуу учурунда: “Бизде аскерий жана аскерий-техникалык тармакта Өзбекстан тараптын коопсуздук күчтөрүнө жарак-жабдыктарды жеткирип берүү боюнча кызматташтык болгон. Бул аскерий эле эмес, бажыкана, ички кошуундар тармактарында да ишке ашырылган. Буга чейин аскерий техника, айрыкча, жеңил брондолгон транспорт каражаттарын, учкучсуз башкарылуучу учактарды, катерлерди, техникалык жабдыктарды, формалар, каскалар, жана рацияларды жеткирип бергенбиз”, – деген.

 Мындан тышкары, февраль айында  АКШ куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Жозеф Вотел сенаттын аскерий маселелер боюнча комитетинде, Ташкенттин Америка куралдарын сатып алууга кызыгуу билдирүүсү о.э. диверсификация жаатындагы пландары “Өзбекстанды Россия менен аскерий келишимдерден алыстатуу үчүн өтө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк” экендигин айткан. 2015-жылы АКШ Өзбекстанга 300дөн ашуун бронетехника жеткирип берген. Белгилүү болгондой, аскерий техника жана курал-жарак менен биргеликте, аларды колдонууну үйрөтүүчү адистер, жергиликтүү аскерлерди даярдоочу инструкторлор, техникаларга запастык бөлүктөр, ок-дарылар… керек болот. Натыйжада, мамлекет аскерий  тармакта толук бойдон ошол курал-жарак саткан мамлекетке көз каранды болуп калат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here