Кытай Тажикстанга дагы акча бөлөт

509
0

Кытай Тажикстанга дагы акча бөлөт

Кытай бийлиги Тажикстанга 357 миллион доллардан ашык суммадагы грант бөлөт. Бул каражат Дүйшөмбү-Көлмө сыяктуу шаарлардагы унаа жолдорун жаңылоодо колдонулат. Бул тууралуу Тажикстандын төмөнкү палатасы менен Кытай тараптын келишимге кол коюусунан кийин маалым болду.

Буга чейин Тажикстандын Айнин районунда жайгашкан «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин Кытайдын ТВЕА компаниясы иштетээри айтылган. Айтылган кендердеги алтындын запасы жогорку бөлүгүндө 51,7 тонна, казуу кыйын болгон төмөнкү бөлүгүндө 117,16 тоннага жетет. Кытай компаниясы алтын өндүрүүдөн түшкөн пайданы «Душанбе-2» Жылуулук электр борборуна кеткен каражатты актаганча өзү ала турган болгон. Мындан тышкары, өлкөдөгү жүзгө жакын кен-байлыктарды Тажик-Кытай биргелешкен компаниялары иштетет. Булардын баары Кытай Тажикстанды экономикалык жактан чынжырлап алганын анык көрсөтүп турат. Анткени, Кытай өтмүштө Орто Азияны жибеги менен муунтуп келсе, бүгүнкү күндө карыздары менен чынжырлап жатат. Берилген ар бир карыз бул өлкөлөрдүн кен байлык же стратегиялык мекемелерин ээлеп алууга каратылган. Учурда Тажикстандагы Кытай компанияларынын саны 200дөн ашат. Ушул күнгө чейин Кытай Тажикстанга 3 миллиарддан ашык долларлык инвестиция салган. Ал эми Тажикстандын тышкы карызынын 60%ы Кытайга таандык.

Белгилей кетсек, Кытай берген карыздардын дээрлик жарымы Бээжиндин бухгалтериясы аркылуу көмүскө ишке ашат. 2016-жылдан бери бул көмүскө карыздын суммасы 200 миллиард долларга жеткен. Бирок, карыз алган тарап Кытайдан кандай шартта, кантип каражат которулуп жатканын толук биле бербейт. Маселен, Кыргызстанга жол салуу үчүн Кытай өкмөтү карызды мамлекеттик “Эксимбанкынан” Кыргызстанга эмес, түз эле өзүнүн жол куруучу компанияларынын эсебине которот. Демек, Тажикстанда да ушул эле тажрыйбаны колдоноору айдан ачык.

Эми бул жолку “грант” акысына Тажикстан бийлиги кайсы стратегиялык жайды Кытайга кармата салар экен?   

Мумтаз Маверанахрий

Начало формы

Конец формы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here