Демократия өлүп баратат
Европада мамлекеттик парламенттерде жана Европарламентте улутчулдардын саны улам артып барууда. Аны менен бирге, улутчулдар олуттуу кадамдарга, башкача айтканда, саясатчыларды өлтүрүү иштерине өтүштү. 2-июнда Кассель округунун башчысы Вальтер Любке өз үйүндө өлтүрүлдү. Бул иш боюнча иликтөө алып барган комиссия бул кылмышты улутчулдар жасашкан деп божомолдошууда. Маалыматтарга ылайык, Вальтер Любкени өлтүргөн деген айып менен ашынган улутчул Штефан Эрнст камакка алынган. Любкенин өлүмүнөн кийин дагы эки саясатчы опузалоо өңүтүндөгү каттарды алышкан.
Германия маалымат каражаттары кабарлагандай, улутчул «Түндүк крест» тобу бүткүл Германия боюнча саясий адам өлтүрүүлөрдү пландашкан. Redaktionsnetzwerk Deutschland басылмасы Кылмыш иштери боюнча федералдык мекеменин протоколдоруна шилтеме кылып жазышынча, ашынган улутчулдар өлтүршмөкчү болушкан адамдарынын тизмесин түзүшкөн.
Германия Федералык прокуратурасы ашынган улутчулдар өзүлөрүнүн саясий каршылаштары жөнүндө маалыматтарды чогултушканын айтууда. «Түндүк крест» мүчөлөрүнүн үйлөрүндө өткөрүлгөн тинтүүлөр учурунда алынган документтерде ашынган улутчулдар өлтүрмөкчү болгон 25 миң адамдын аты-жөнү жана дареги көрсөтүлгөн.
Любкенин өлүмүнөн кийин Германия тышкы иштер министри Хайко Маас улутчулдардын коркунучун моюнга алып минтип айтты: «2019-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуштан 80 жыл өтүп, Германиядагы саясатчылар кайрадан дагы улутчулдардын курманына айланышууда… Өлкөдө 12 миңден ашуун зомбулукка багыт алган улутчул экстремисттер бар». Хайко Маас демократияны коргоого чакырып мындай дейт: «Демократия кайдыгерликтен улам өлүп баратат… демократия коргоно алышы керек». (Bild, 22.06.19).
Ага улай, АКШ Конгрессинин мүчөсү демократ Стени Хойер демократия акыркы отуз жылда көтөрүлүүнүн ордуна коргонууга өткөнүн билдирди: «1991-жылы демократия өсүп, анын салтанаты качып кутулгустай эле. Бирок, 2019-жылга келип, демократия ички жана сырткы чакырыктардан коргонууга мажбур болуп калды». (golos-ameriki.ru, 05.07.19).
Мындай абалды бүткүл Батыштан күзөтүүгө болот. Бүгүн демократиянын мекени болуп келген өлкөлөрдө улутчулдар жана улутчулдук идеясы жайылып барууда. Бул демократиянын кыйроосун көрсөтүп турат. Демократия адамдарды жетектеген идеологиялык ордун жоготту. Себеби, жалгандын күнү бүтөрү анык. Андан тышкары, үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндөгү калктар, демократия – бул колониализмдин куралы экенин түшүнө баштады. Өнүккөн өлкөлөр демократияны жамынып алып, үчүнчү дүйнөнүн ресурстарын талап-тоноп, кайра өздөрүнүн продукциясын үчүнчү дүйнөгө өткөрүп жатышканын адамдар аңдашууда.
Харун Абдулхак