Өткөн жылы 820 миллион адам ачкачылыктан жабыркаган

313
0

Өткөн жылы 820 миллион адам ачкачылыктан жабыркаган

2018-жылы 820 миллион адам ачкачылыктан жабыр тарткан. Башкача айтканда ар бир тогузунчу адам тамак-аштын жетишсиздигине кабылган. Алардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 10 миллионго өскөн. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун 15-июлда өткөн докладында айтылды.

Маалыматка ылайык, ачкачылыктан жабыркагандардын 500 миллиону Азиянын түштүгүндө жашагандар. Ошондой эле Африкада жашаган 256 миллион адамдын абалы да өтө оор. Мунун каршысында дүйнөнүн чар тарабында ашыкча салмактан жабыркагандардын саны да кескин өскөн. Маселен, 2018-жылы 338 миллион жаш бала, 2 миллиарддан ашык жашы жеткен адам ашыкча салмактан жабыркаган.

                Белгилүү болгондой капиталисттик түзүмдө мүлк эркиндиги берилип, бардык байлыкка капиталисттер ээлик кылып калышат. Учурда дүйнөнүн 1% капиталисттери калган 99% калктын мүлкүнө барабар байлыкка ээлик кылып алды. Натыйжада, карапайым калк Аллах Таала берген жер бетиндеги байлыктардан үлүштөрүн ала албай, кор абалга кептелди. Негизи, жер бетиндеги калктын саны канчалык көбөйбөсүн алардын негизги муктаждыктары кандырыла турган ресурстар ар дайым жеткиликтүү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бир капиталист итине миңдеген долларлык азык сарптаса, анын коңшулары бир долларлык азыкка жетпей калган абалда жашоо кечирүүдөбүз.

Бул капиталисттик системанын каршысында, Исламда байлыкты туура бөлүштүрүүгө көңүл бурулат. Анын экономикалык саясаты – ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын кандыруу болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here