Айрым мусулман бийликтери Кытайдын Синьзяндагы саясатын колдоп, саткындык кылышты

710
0

Айрым мусулман бийликтери Кытайдын Синьзяндагы саясатын колдоп, саткындык кылышты

Тажикстан, Оман, Кувейт, Катар, БАЭ, Бахрейн, Пакистан, Сауд Арабия жана Сирия өлкөлөрү баштаган жалпы 37 өлкө Кытайдын Синьзян-Уйгур автономдук облусундагы саясатын колдоого алышты. Ал эми Кыргызстан менен Казакстан аталган документке кол коюудан карманышкан. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин 41-сессиясында Синьзяндагы акыркы окуяларга байланыштуу Кытайдын атайын өкүлү Чэнь Сюй билдирүү жасады. Анын билдирүүсү буга чейин Кытайдын автономдук облустагы мусулмандарга карата кысымын айыптаган 22 өлкөгө жооп болуп калды. Алар Кытайды аймактагы мусулмандарды камакка, тынымсыз көзөмөлгө алуудан баш тартууга чакырып, БУУга кайрылышкан.

Белгилүү болгондой, Бириккен Улуттар Уюму АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Кытай мамлекеттери тарабынан, аларга алтынчы атаандаш держава пайда болбошу үчүн түзүлгөн. Андыктан, БУУнун Кытайды айыптаган адам укуктары тууралуу кыйкырыктары куру сөздөн ары өтпөйт. Кытайдын саясатын колдогондор жана унчукпагандар болсо, кайсы бир деңгээлде Кытайга көз каранды же анын кызыкчылыгына кызыктар өлкөлөр болуп эсептелет.

Ал эми, мусулман өлкөлөрү жетекчилеринин – өз диндеш-боордошторунун мушриктер тарабынан кордолушун колдоосу – үммөттү кандай саткындар башкарып жатканын ачык айгинелеп турат. Албетте алардын кылган кылмыштары бул дүйнөдө да Акыретте да сураксыз калбайт!

Эскерте кетсек, Кытайдын Синьзяндагы айтылуу лагеринде үч миллион тегерегиндеги уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар “тарбияланып” жатат. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана көпчүлүктүн астында дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат.   Алардын лагерде калуу мөөнөтү белгисиз…

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here