بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Фалестина режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Рамазан айын да урматтабастан уурдап кетти
Фалестина режими мубарек Рамазан айын кымындай да урмат кылбады. Фалестина калкына жеткирген азарлары жана жырткычтыктары да ал үчүн жетиштүү болбоду. Рамазандын үчүнчү күнү анын коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир жигиттеринин бири Мухаммад Нажихти Чыгыш Бакиядан уурдап кетти.
Мухаммад Нажихтин уурдалышы режим саясатынын алкагында ишке ашырылды. Бул саясат – Хизб-ут-Тахрирдин Исламга даъват кылуудан жана акыйкатты ачык айтуудан башка «кылмыш» кылбаган мүчөлөрүн куугунтуктоо. Яхудий вужудунун коопсузугун коргоп жатканы менен мактанган бул режим ушул кылмышы менен баскынчыларга дос, Фалестина калкына душман экенин далилдеди.
Шексиз, бул режим Фалестина калкына каршы кылмыштарды улантып, Ислам жана даъватчыларга ачык-ашкере душмандык кылып жаткан соң, ушундай улуу айда душмандык кылуу менен Жаббар Аллахка согуш жарыялады. Бул болсо, ага бул дүйнө жана ахирет шерменделигин жана өкүнүчүн алып келет.
Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.