Судандагы Аскерий Кеңеш чынында эле исламий шариятты мыйзамчылыкка булак кылмакчыбы!

354
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судандагы Аскерий Кеңеш чынында эле исламий шариятты мыйзамчылыкка булак кылмакчыбы!

«Рейтер» маалымат агенттиги хижрий 1440-жылы 3-рамазан, миладий 2019-жылы 8-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Шейшемби күнү Судан Аскерий Кеңеши оппозициянын убактылуу өкмөттүн башкаруу формасына тиешелүү киргизген сунушуна бир добуштан ыраазы болушун билдирди. Бирок, Кеңеш исламий шариятты жана жергиликтүү каада-салтты мыйзамчылыкка булак кылуу керек деп кошумчалады.

«Биз исламий шарият жана Судан Республикасынын каада-салттары мыйзамчылыктын булагы болушу шарт деген пикирдебиз», – деди Кеңештин басма сөз катчысы генерал-лейтенант Шамсиддин Каббаший».

Роя гезити:

Башир башкаруусунун мураскору экени ачык белгилүү болгон Судан Аскерий Кеңешинин шариятты колдонушу кудум Башир эмнени кылган болсо ошону түшүндүрөт. Т.а. шарияттын ал же бул жерин колдонуу Исламды толук колдонуу болуп эсетелбейт. Себеби, бул Кеңеш исламий шариятты колдонууда олуттуу эмес. Жок, алар бул сөздөрдү Судан калкын алдоо жана адаштыруу, алардын колдоп-кубаттоосуна жетишүү максатында айтып жатышат. Андан мурда Башир да биринчи Аскерий Кеңеште кудум ушундай кылган. Ал да исламий шариятты колдонуу керектигин айткан, бирок, колдонбогон, шариятка кайдыгер караган, өлкө бүтүндүгүн коргоо, бөлүнүүгө жол бербөө, кафирлерге тапшырбоо, жада калса бир сөөм жерин да бербөө сыяктуу шарият буюрган вазыйфалардан баш тарткан. Акыбетте, Башир Судан түштүгүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн, мусулмандар байлыгынын 80 %ынан баш тартты. Эгер, бүгүнкү Аскерий Кеңеш Исламды колдонууда чынчыл болгондо, бийликти Хизб-ут-Тахрирге тапшырган болоор эле. Себеби, Хизб колунда исламий дастур бар, исламий түзүм жана саясаттарды колдонууга даяр турат.

Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here