Тереза Мэй отставкага кетерин билдирди
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 24-майда отсткавкага кетери тууралуу билдирди.
“Reuters”тин кабарына таянсак, Тереза Мэй отставкага чечимин айтып жаткан учурда жашып кеткен.
Мэй 7-июнда кызматынан кетет. Британиянын тышкы иштер министри Жереми Ханттын айтышынча, Мэй ага чейин Лондондо Дональд Трампты кабыл алат.
22-май күнү британ парламентинин өкүлдөр палатасынын жетекчиси Андреа Лидсом премьер-министр менен “Brexit” маселесинде келише албаганы үчүн отставкага кетип жатканын кабарлаган.
Тереза Мэй премьер-министрликке 2016-жылдын 11-июлунда келген. Мурдагы премьер-министр Дэвид Кэмерон мамлекетте “Brexit” боюнча реферерундумдун натыйжасы жарыя кылынгандан кийин кызматтан кеткен эле.