Помпео Москвага сапарын жокко чыгарды
АКШнын башкы катчысы Майк Помпео Москвага пландалып жаткан сапарын жокко чыгарды. Бул тууралуу “Франс Пресс” агенттигине таянып РИА “Новости” кабарлады.
Бирок, шейшемби күнү ал Сочиде президент Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.
ТИМдин кабарына ылайык, Москва ушул жолугушууда Венесуэладан тартып, куралды көзөмөлдөөгө чейинки бардык маселелерди талкуулоо үмүтүндө.
Помпео дүйшөмбү күнү Брюсселге жөнөдү. Помпео ал жерде Европа жетекчилери менен маанилүү маселелерди, анын ичинде Ирандын ядролук келишими боюнча жүз берген абалды талкуулайт.
Буга чейин, АКШнын башкы катчысы Берлин жана Гренландияга сапарларын жокко чыгарган.