Түрк элчиси ифтарлыкты таштап кетти

436
0

Түрк элчиси ифтарлыкты таштап кетти

Рамазандын 3-күнү муфтият тарабынан уюштурулган ифтарлыкты Түркия элчиси таштап чыгып кетти. Таштап эле кетпестен, алда канча ачуу сөздөр менен каарып да кетти. Элчи Женгиз Фырат бул ишине ифтарга аны менен бирге террорист да чакырылып калганын жүйөлөдү. Анткени, ифтар дасторконуна “Сапат” билим берүү мекемесинин мүдүрү, гуленчи Орхан Инанды да чакырылган экен. Элчи мындай деди: “Рамазан айында террористти чакырасыңарбы, бул эмне деген муфтият?! Мен силерге 35 млн долларга мечит куруп берсем, а силер мени террорист менен бир орунга коёсуңарбы? Эмнеге биякка ФЕТО уюмунун башчысын чакырдыңар? Айтып коёюн, же Түркияны тандайсыңар, же террористтерди…”

Рамазан айында, исламий бир иш-чарада, мусулмандар арасында болуп өткөн мындай окуя, албетте, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынууда. Адамдар түрдүү түшүнүктөр жана түркүн туйгулардан келип чыгып реакциялар билдиришүүдө. Ушундан улам, акыл ээлери деген этибарда, назарыңыздарга ушул окуяга тиешелүү айрым маалыматтар сунушталат. О.э. мусулмандар деген этибарда, бул окуя жаатында акыйкатка жакын турумду тутунасыздар деп үмүт кылынат.

Алгач, окуя акыйкатын аныктоодо зор мааниси бар экендиги себептүү, Эрдоган-Гулен мамилесине токтоло кетели. 2002-жылы Эрдоган партиясы бийликке жеткенден тартып, Гүлен жамааты аны колдоп баштаган. Өз кезегинде, Эрдоган өкмөтү да Гулен жамаатын зор колдоого алган. Себеби, бул экөөнө карата АКШ талабы ошондой болгон. Анткени, америкачылдар бийликке келишине карабастан, дагы деле британиячылдар сот жана армияда таасирдүү болгон. Ошондуктан, Америка өзүнө караштуу Эрдоган менен Гулендин кубатын бириктирип, аларды британия таасирин жоюу үчүн ишке салган.

2010-жылкы референдумда Эрдогандын жеңип чыгышында Гулен жамаатынын орду чоң болду. Ошон үчүн, референдумдан кийин, коопсуздук, сот жана прокуратура тармактарынан британиячыл кадрлар бошотулуп, алардын ордуна гуленчилер дайындалышты.

Мына ушундайча британиячылдар таасирин жоготкондон кийин, АКШ эми Эрдоган менен Гулендин ортосунда өз ара күрөш жүрүшүнө жашыл чырак жагып койду.

2011-жылы Эрдоган айрым гуленчилерди шайлоо тизмесинен түшүрүп салып, коопсуздук жана сот мекемелериндеги кадрларын бошото баштады. Мунун каршысында, Гулендин коопсуздук жана сот мекемелериндеги кадрлары Эрдоганга караштуу министрлерди, алардын балдарын коррупцияда айыптап, камактарга алышты. Бирок, Эрдоган ал гуленчилерди кызматтарынан кетирүүгө үлгүрдү жана алардын ордуна өз адамдарын алып келип койду.

2016-жылы британиячылдар аскерий төңкөрүш жасоого урунушту, бирок, ийгиликсиз чыкты. Эрдоган болсо төңкөрүш айыбын Гуленге жүктөп, анын жамаатын террористтик уюм деп тапты жана анын кадрларын британиячылдар менен бирге репрессия кылып баштады. О.э. башка мамлекеттерден да гуленчилерге каршы күрөшүүнү талаб кылды.

Негизи, Гулен жамааты эч кандай төңкөрүш уюштурган эмес жана алар эч кандай террорист да эмес. Ал Гулен Ислам динин демократияга ылайыкташтырууга чакырат, демократиялык баалуулуктарды тан алат, яхудийлер менен конфессиялар аралык диалог болуш керек дейт жана аларды мусулмандар деп эсептейт. Халифалыкка аракет кылгандарды экстремист жана террорист дейт (эми ал жарлык өзүнүн да мойнуна келип илинди). Кыскасы, Гулен Американын Исламга каршы идеологиялык күрөшүнө кызмат кылып келет.

Эрдоган деле Гулендей эле АКШ кызматкери, болгону, ыкмада эле айырмаланат. Гулен идеологиялык күрөштө иштетилсе, Эрдоган саясий күрөштөгү курал.

Эми, Эрдоган-Гулен күрөшүнүн бир учугу катары, түрк элчисинин ифтарды таштап кеткен окуясына келсек, бул окуяга карата мусулмандар кандай позицияда болуулары керек?

1. Эң оболу, бул жана буга окшогон окуялар келип чыгып жаткан эң түпкү негизге кайрылабыз. Ал негиз – динди турмуштан ажыратуучу демократиялык куфр системасы. Эрдоган саясаты да, Гулен жамаатынын иштери да мына ушул демократиялык система алкагында алып барылат. Ошондуктан, мусулмандар бул жаатта Эрдоган же Гулендин кайсы бирине жан тартышы жайиз эмес, балким, алардын экөөн тең демократия куфр системасын таштоого чакыруудары керек.

2. Исламга каршы идеологиялык күрөштө кафирлер ойлоп тапкан “конфессиялар аралык диалог”, “мээлүүн ислам” сыяктуу идеяларды жайылтууну токтотуу керек. Эрдоган да, Гулен да ушул идеяларды колдоочулар болуп эсептелишет, ошондуктан, мусулмандар аларды бул жаатта ээрчибестен, тескерисинче, тергеп-тескөөлөрү керек.

3. Исламга каршы амалий күрөшүү үчүн кафирлер ойлоп тапкан “экстремизм жана терроризм” жомокторуна көр-сокурларча ээрчүүнү да токтотушубуз керек. Аларды ээрчип бири-бирибизди айыптай бербейли. Анын ордуна нукура Исламыбыз алкагында биригели.

4. Элчинин бул ишин карап туруп, андан исламий шахсияга тиешелүү эч нерсени көрө алган жокпуз. Кафирлер жана алардын малайларынын кызыкчылыгы үчүн Рамазанда чуу салып жүрөт, Аллахтын үйүн менчиктештирип жатат, мусулмандар арасын бөлүп-жарып жатат… Бирок, бул сыфаттар элчи Фыраттын өзүнө эле таандык сыфаттар эмес, балким, бул динди демократияга ылайыкташтырып жаткан бардык мусулмандар жетекчилерине тиешелүү типтүү образ. Ошондуктан, аларды мындай мункарларынан кайтаруубуз керек.

5. Мусулмандар бир Исламий Мамлекет саясында жашоолору керек. Бул мамлекетти болсо кафирлер кулатышып, майдалап ташташкан. Ошондуктан, мусулмандар бири-бирибизге элчи жөнөтө турган мамлекетчелерге айланып калдык. Тигинин элчиси тигинтип койду, мунун элчиси минтип койду деп, душмандашып да жүрөбүз. Негизи, биз бардык мусулмандар кайрадан бир мамлекетте биригүүгө аракет кылышыбыз важиб.

Абдулхакийм

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here