Шри-Ланкада мечиттерге кол салынууда

301
0

Шри-Ланкада мечиттерге кол салынууда

«Анадолу» агенттиги 2019-жылы 13-майда кабарлашынча, Шри-Ланка бийлиги социалдык тармактарга убактылуу чектөө киргизди. Бул токтом өлкөдөгү мусулмандардын мечиттерине жана дүкөндөрүнө бир нече кол салуулар болуп өткөндөй кийин кабыл алынды. Шри-Ланка өкмөтүнүн Маалыматтык бюросу билдиргендей, өлкөнүн батышындагы Чилав шаарында мусулмандардын мечиттерине жана дүкөндөрүнө чабуулдар жасалган.

Эске салсак, мындай чабуулдар биринчи жолу болуп жаткан жок. Учурда өлкөдө радикалдуу бутпарас монахтардын топтору өсүп күчөп жаткан маал. Алар Шри-Ланканы накта бутпарас өлкө деп таанып, өлкөнү «башкалардан» тазалоо үчүн аракет кылып келишет, бийлик болсо алардын көптөгөн зомбулук иш-аракеттерине көз жумат.

2012-жылы «Бутпарас күчүнүн кошууну» (Боду Бала Сена – ББС) деген уюм түзүлгөн. Учурда бул уюмдун башчысы Галагода Атте Гнанасара болот. Өлкөдө бул уюмду жактагандардын саны көп.

2012-жылы ББС христиан пастордун үйүнө кол салышкан. Ал эми, бир ай өтүп бутпарас монахтар жетектеген аламан Коломбо шаарында коллежге чабуул жасашкан, алар муну профессорлор мусулман абитуриенттерге жакшы баа коюп жатышат деп жүйөлөшкөн.

2012-жылы миңдеген бутпарастар жана монахтар чогулган митингде Гнанасара мындай деген: «Бул өлкөнү бутпарастар-сингалдар тикелеген, жана ал бутпарастардын өлкөсү бойдон калышы керек» (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь).

ББС 2013-жылы 17-мартта митингде муслима аялдардын кийимине каршы кампания башталышын жарыялаган. Бул кыймыл мурун да исламий кийимге асылып, исламий кийим кийген муслима аялдарга каршы атайын акараттоочу сөздөрдү айтып, душмандык жолун карманган о.э. Исламды жек көрүүгө тукурган. Бул болсо, мусулмандарга кол салуунун, душмандыктын күчөшүнө алып келди. Мисалы, кээ бир шаарларда бул кыймылдын айрым мүчөлөрү көчөлөрдө муслима аялдардын алдын тосуп, аларга исламий кийимин чечүүнү буйрушкан. Диквелла шаарында болсо шаръий кийим кийгени үчүн үч муслима кыз зордукталган. ББС уюму буддисттерди мусулмандардын соодасын бойкот кылууга чакырган, бул кыймыл Шри-Ланкада продукцияларга адал деген карточкалары чыгарылышына тоскоолдук кылуу үчүн кеңири көлөмдүү кампания да алып барган.

2013-жылы 10-августта өлкөнүн борбор калаасы Коломбодо бутпарас монахтар 3 кабаттуу мечитке кол салып талкалашкан.

2014-жылы июнь айында бутпарас монахтар жетектеген аламан мусулмандардын дүкөндөрүн жана унааларын өрттөшкөн. Гнанасара бул талап-тоноочулукка маашыркап турган бутпарастарга минтип кайрылган: «Сингалдардан турган полиция биз тарапта. Сингалдардан турган армияны да унутпашыбыз керек. Эгер, бир мусулман же бөтөн бирөө сингалга тийише турган болсо, биз аны өлтүрөбүз» (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь). Гнанасаранын мындай тан алуусу да бар: «Биз – экстремистпиз жана расистпиз» («Der Standard», 2019-жыл, 22-апрель).

ББС рохинжа мусулмандарын кыргын кылууга чакырган Мьянмадагы «969» уюму менен тыгыз байланыш орнотуп келет. «969» уюмун Ашин Виратху деген монах жетектейт, ал да мусулмандарга каршы душмандыгы менен белгилүү. Виратху өзүнүн бул душмандыгын минтип түшүндүрөт: «Сиз жакшылыктын жана сүйүүнүн үлгүсү болууңуз мүмкүн, бирок кутурган иттин жанында уктабаш керек. Эгер, биз күчсүз болсок, мусулмандар бүт жерибизди басып алышат». (lenta.ru, 2016-жыл, 6-июнь). 2014-жылы сентябрда Ашин Виратху Шри-Ланканын Коломбо шаарында уюштурулган конференцияга катышып, ББС уюмун колдоого аларын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here