Мигранттар – келемиштер

481
0

Мигранттар – келемиштер

ВВС маалымдашынча, австриялык саясатчы миграттарды келемишке теңеп «Шаар келемиши» деп аталган ыр жазды. Учурда Австрияда бул окуя кеңири талкууга алынууда.

Бул ыр саптары Австриянын Браунау шаар мэринин орун басары Кристиан Шильхерге таандык. Кристиан Шильхер ультра-оңчул Австрия эркиндик партиясынын мүчөсү болуп эсептелет.

«Шаар келемиши» деп аталган бул ыр Австрия эркиндик партиясынын гезитинде жарыяланган. Көптөгөн маалымат каражаттары дал ушул шаарда Адольф Гитлер туулган деп баса белгилешүүдө.

«Биз менен бирге жашап жаткан келемиштер, биздин эрежебиз менен жашоосу керек», – делет ыр саптарында. Автор ырда мындай чакырык жолдогон: «Же биз сыяктуу жашагыла, же батыраак бул жерден жоголгула».

Айта кетсек, Австрия эркиндик партиясы 2017-жылдан бери өлкөнү башкарган Себастьян Курцтун Элдик партиясы менен бир коалицияга кирген. Аллах Таала хак сүйлөөчү:

وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً

«Алар өздөрү кафир болушканы сымал силердин да кафир болуп, аларга тең болуп калууңарды каалашат». Ан-Ниса сурасы 89-аят:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

«Яхудий жана христиандардын динине кирмейинче алар эч качан сага ыраазы болушпайт». Ал-Бакара сурасы 120 аят.

قَدْ بَدَتْ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ

«Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак». Ал-Имран сурасы 118-аят.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here